Тынч жыйындар: Төрт жылга чукулдаган чектөөнүн убайымы

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
4-февралда Бишкекте айрым укук коргоочулар жана активисттер брифингге чогулуп, жарандардын тынч митинг өткөрүү укугу чектелип жатканын билдиришти. Борбор калаанын негизги аянттары менен көчөлөрүндө митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган чечим дээрлик төрт жылга жакын убакыттан бери узартылып келе жатат. Бирок кыргыз бийлиги жарандар нааразылык акцияларын Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өткөрсө болорун эскертүүдө.
Айрым жергиликтүү укук коргоочулар жана активисттер бул маселени талкуулоо үчүн шаршемби күнү Бишкекте брифингге чогулушту. Анда "Бир Дүйнө Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана башка активисттер тынчтык акцияларынын мааниси, соттордун бул маселедеги орду жана жалпы эле өлкөдөгү жарандардын эркиндиги тууралуу маселелерди көтөрүштү.
"Акциянын башка ыкмаларын ойлоп табууга мажбур болуп жатабыз"
Жыйынга катышкан экология багытындагы аналитик Бермет Бөрүбаева былтыр жайында пикирлештери менен бирге Бишкектеги троллейбустардын токтотулушуна каршы аялдамалардын бирине тынчтык акциясына чыккан учуру тууралуу айтып берди.

"Биз "Акыркы троллейбус" деген тынчтык митингин өткөрүү максатында аялдамалардын бирине барганбыз. Анткени Бишкек кышкысын дүйнө боюнча абасы кир шаарлардын сап башына чыгып жаткан чакта мэрия шаардагы эң экологиялык транспорт болуп саналган троллейбусту каттамдан алып салганына кейидик. Биз жөн гана аялдамага барып, коомчулуктун көңүлүн бурдургубуз келген. Бизге укук коргоо органдары чалганда "биз кыйкырбайбыз, лозунгдарды көтөрбөйбүз" деп айтканбыз. Бирок алар келип, аялдамада тургандардын баарын алып, Горький паркына алып кеткиле дешти. Мен кимиси акцияга келгенин, кимиси аялдамада автобус күтүп турганын билбейм да дедим. Тилекке каршы биз ушинтип акциянын башкача ыкмаларын ойлоп табууга мажбур болуп жатабыз. Азыр биз Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына расмий даттануу менен кайрылганбыз. Алар эмки аптада сүйлөшүү үчүн келиши керек. Тынчтык митингдерине тыюу салуу биздин жарандык позициябызды билдирүүдөгү укуктарыбызды чектейт деп эсептейбиз", - деди Бөрүбаева.
Укук коргоочу: "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамдын айрым беренелери Конституцияга каршы келет"
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамдын айрым беренелери митинг-пикеттерге узак мөөнөткө чектөө коюуга иш жүзүндө уруксат берип койгон деп эсептейт. Башкача айтканда, мыйзам нормалары белгилүү бир аймакта тынч жыйындарды узак мөөнөткө (адатта үч айга чейин) жалпы тыюу салууга иш жүзүндө жол берет.
Исмаилованын айтымында, бул жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине болгон конституциялык укугун чектеп, ошондой эле алардын орунга, убакытка жана тематикага байланыштуу чектөөлөрсүз тынч митингдерди жана жыйындарды өткөрүү боюнча негизги укугун бузат.
Укук коргоочу бул нормалар Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, атап айтканда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 21-беренесине каршы келерин кошумчалады.

Мындан улам ал активист Бермет Бөрүбаева менен бирге аталган мыйзамдагы айрым беренелерди Башмыйзамга каршы келет деп табуу өтүнүчү менен былтыр 23-декабрда Конституциялык сотко кайрылышкан. Бирок 26-январда Конституциялык соттон бул өтүнүч өндүрүшкө алынбаганы тууралуу билдирүү алышкан. Исмаилова мындай чечимдерди кабыл алууда жарандардын конституциялык укугу биринчи орунда болушу керектигин белгиледи.
"Тилекке каршы административдик соттон баштап, шаардык сот, жогорку сот, Конституциялык сот биз үчүн аябай таң калычтуу болуп жатат. Анткени ушунчалык тоталдуу түрдө тыюу салынып жатат. Биздин эч кандай конституциялык укуктарыбыз жана жарандык үнүбүз сот аркылуу бийлик тарабынан кабыл алынбай жатат. Эмнеге сот аркылуу? Анткени ким туура айтып жатканын, бийликпи же парламентпи же жарандарбы, сот чечиш керек да", - деди Исмаилова.
Юрист Тимур Арыков тынч акциялар мамлекеттин өзүнө пайда экенин, себеби андай иш-чаралар бийлик өкүлдөрүнө жарандардын ой-санаасын билип турууга мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

"Митинг же пикет болобу, марш болобу, бир гана саясий маселелер боюнча эмес, маданий, билим берүү, гуманитардык, социалдык суроолор боюнча ар бир жаран тынчтык чогулушун өткөрүү, аларга катышуу укугуна ээ. Эмнеге бул укук маанилүү? Биринчиден, бул биздин Конституцияда бекитилген, өз пикирин ачык-айкын айтуу укугу менен тынч чогулуш өткөрүү укугу экөө бири-бирине байланыштуу жана бири-бирин толуктап турат. Ошондой эле бийлик органдары тынчтык митингдери аркылуу жарандардан кайтарым байланыш алып тура алат" , - деди Арыков.
"Горький атындагы парк бар"
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын декабрь айындагы курултайда бул маселеге токтолуп, нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынбаганын айткан.
"Митингдерге тыюу салган эмеспиз. Горький атындагы парк бар, ошол жакка барып, суткалап жатып, эмнени айтам десенер, айта берсеңер болот. Бирок жалган айтпагыла. Анан элди көтөрүлүшкө чакырып, эки улутту бири-бирине кагыштырып, региондорду бири-бирине кагыштырбагыла. Мына, Америкада деле БУУнун үйүнүн жанынан жер бөлүп берген, күнү-түнү дебей кыйкырып митинг кылып жүрүшөт. Бизде деле кыла бергиле. Ак үйдүн, соттордун, прокуратуранын алдыларына тыюу бар, ал эми Горький паркына эч кандай тыюу жок", - деген Жапаров.

Сүрөттүн булагы, УТРК
Мамлекет башчысы 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда Кыргызстанда туруктуулук орногонун, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан эле.
2022-жылы мартта Биринчи Май райондук соту Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да акция өткөрүүгө чектөө киргизилген. Бул чектөөнүн мөөнөтү ошондон бери улам узартылып келет.
Декабрь айынын соңунда Биринчи май райондук соту ушул эле райондун администрациясынын митингдерди өткөрүүгө 31-мартка чейин чектөө киргизүү өтүнүчүн канааттандырган.
































