Кышкы олимпиада 2022: Кытай Шинжаңды кышкы спорт түйүнү катары сунуштоодо

Робин Брант, BBC News, Шанхай

Кытай олимпиада

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаң – Кытайдагы кар көп түшкөн аймактардын бири жана кышкы спорт түйүнү катары сунушталууда

Бээжин кышкы олимпиадасы жакындаган сайын, Шинжаң Кытайдын кышкы спорт индустриясын алгалатуучу багыт катары жарнамалана баштады. Кытай мусулман азчылыктарына геноцид кылып жатат деген Батыш өлкөлөрүнүн айтыптоолоруна карабастан көптөгөн чет өлкөлүк компаниялар ага кошулгусу келет. 

Кытайдагы кышкы оюндардын кулачы Бээжинден алда канча кенен жайылган.

Инфлюенсер (таасирдүү блогер) Яо менен видео чалуу аркылуу байланышканымда, ал күн батып бараткан тоонун чокусунан сноуборд тээп түшкөнү турган. Кышкы оюндар башталганда, көз жоосун алган карлуу тоо чокулары, Кытайдын дагы көп тартыла турган элеси болуп калат.

Яо, оюндарды кабыл алган Бээжинден алыс жерде. Ал Кытайдын климаты, балким кары дагы, эң мыкты Шинжаң аймагында. Ошондой эле бул аймакта АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Кытайдын геноцидине кабылып жатат деген уйгур азчылыгы дагы жашайт.

Олимпиада жакындаган сайын Кытай өкмөтү Шинжаңды кышкы спорт багыты катары сүрөй баштады.

Жыгач үйлөрдүн жанынан зуулдап бараткан чана чегилен аттардын сүрөттөрү жана лыжа боюнча мелдештер мамлекеттик медиалардан байма-бай көрсөтүлүүдө. Көйгөйлүү аймак бул Оюндардын бир бөлүгүнө айланып калды.

Кытайдагы уйгурлар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батыштагы мамлекеттер Кытай Шинжаңдагы уйгурларды тукум курут кылып жатат деп айыптап келет

Яо – Кытайдын Шинжаң сымал карлуу аймактарды ээлөө саясатынын бир кичинекей бөлүгү. Ырасмийлер кышкы оюндар жараткан кызыкчылыктын арты менен өлкөдөгү туризмди көтөрүүгө аракет кылып жатышат.

Си Цзинпин өзү 300 миллион кытай чаңгы (лыжа) тепкенди үйрөнүшү керек деген чакырык кылды.

Анын чакырыгын жалаң эле инфлюенсерлер кабыл алган жери жок. Оюндар жаратуучу кызыкчылыкка мингиси келген чет өлкөлүк фирмалар дагы кезекке тизилишүүдө.

Андайлардын бири сноуборд чыгарган Burton фирмасы.

Компаниялардын алдындагы эки тандоо

Крейг Смит, компаниянын Кытайдыга филиалынын башчысы, адам укуктары бузулганына карабастан, Burton аймакта бизнес жүргүзүүдөн баш тарткысы келбейт турганын Би-Би-Сиге айтты.

Адам укуктары боюнча топтор, Кытай акыры жылдары “кайра тарбиялоо лагерлери” деп аталган жерлерде бир миллиондон ашык уйгурларды мажбурлап кармап турат жана дагы жүз миңдеген кишини түрмөгө камаган деп эсептейт.

Башында четке кагып келгенине карабастан, Кытай уйгурларды ири масштабдуу лагерлерде кармап, идеологиялык тарбиялоодон өткөзүп жатканын Би-Би-Си билдирген.

Burton сыяктуу компаниялар үчүн Кытай чоң өсүштүн булагы. 

2025-жылы кар оюндары боюнча Кытай дүйнөдө эң ири базар болуп калары айтылат.

Өлкөдө жылына 55 миллионго жакын кар спортуна байланыштуу саякат жасалып, алардын көбү Кытайдын өзүнөн болот деп болжонот. Андан сырткары, аймак окуя издегендердин “калоо тизмесине” кирген глобалдык очокко айланары күтүлөт.

Кытайдагы уйгурлар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркек кишилер Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагеринде сабакка катышууда

Burton кийинки бир нече жылда Кытайдагы бизнеси үч эсе өсөт деп үмүттөнөт. Алар Шинжаңдын түндүгүндөгү Алтай аймагында дүкөн ачып жетишкен. Бизнес “экинчи орунда, биринчи орунда борд тебүүчүлөр”, – дейт Смит мырза.

Бирок бул пландар Шинжаңдан келип жаткан билдирүүлөргө төп келеби?

“Биздин эки тандообуз бар”, – деди ал мага.

“Же биз Шинжаңдан кол үзөбүз жана ал жакта эч нерсе кылбайбыз дейбиз. Же биз Шинжаңда эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылабыз”.

Батыштагы мамлекеттердин “кыйноолор жана адамгерчиликсиз, адамды кемсинткен мамиле” деген айыптоолоруна ал мындай жооп берди: “Ооба, андай болушу мүмкүн, мен фактыларды билбейм. Мен саясатчы эмесмин. Мен аны эч качан, эч бир өңүттөн изилдеп көргөн эмесин”. 

Ал маалымат каражаттарынан аймактагы болуп жаткан зомбулук тууралуу окуганын моюндаганы менен, өзүн андан “ажыратып” карай турганын белгиледи. “Мен аны өзгөртө албасымды белгилегим келет”, – деп кошумчалады ал.

Мындай комментарийлер Ак Үйдүн Кытайдагы “адам укуктарын бузуу жана геноцид” тууралуу жеке компанияларды эскерткенине карабастан болуп жатат. 

Пресс-секретарь Жейн Псаки: “эл аралык коомчулук, анын ичинде коомдук жана жеке чөйрө дагы, Шинжаңда эмне болуп жатканына көз жуумп коё албайт”, – дейт.

Арбаган Кытай базары

Burton Шинжаң жана Кытай базарынын азгырыгына каршы тура албаган чет жердик фирмалардын бири гана.

Мисалы Volkswagen компаниясы көп жылдардан бери Кытайга инвестиция кылып келет. Ал Кытайга кирген ири машине чыгаруучулардын алгачкысы. Анын Шинаңда дагы заводу бар.

2019-жылы анын башкы аткаруучу директору Герберт Диесс Би-Би-Сиге ал жакта уйгурлар камакка алынып жатканынан кабары жок экенин билдирген. 

Айыптоолор тууралуу суроого: “Мен аларга сот боло албайм”, – деп жооп берген.

Tesla машине өндүрүүчүсү дагы Жаңы жыл майрамынын алдында Шинжаңда көрсөтүү бөлүмүн ачканы билингенден бери АКШда жашаган мусулмандар тобунун сынына кабылып келет.

Чип чыгарган Intel компаниясы өз камсыздоочуларына Шинжаңдан чыккан өнүмдөрдү сатып албоого чакырганы үчүн Бээжинден кечирим сураган. Бул АКШнын мажбурлап иштетүүгө каршы мыйзамын аткаруунун бир бөлүгү болчу. 

Кытайдагы уйгурлар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол эле учурда Burton өзүнүн этикасы менен сыймыктанат. Ал “Жакшыраак Пахта Демилгеси” (Better Cotton Initiative) – дүйнөлүк пахта өндүрүүдө мажбурлап иштетүүгө жол бербөөгө умтулган индустриялдык бирикменин мүчөсү. Уйгурлар Шинжаңда пахта терүүдө мужбурлап иштетилип жатат деген айыптоолор болгон.

Компаниянын вебсайтында былтыркы жылдын августунда мындай текст чыккан: “Биз бренд катары элибизге, заводдорубузга, оң өзгөрүүлөргө алып келүүгө жана бүтүндөй тармакта толкун жаратууну каалайбыз”.

Мен муну Смит мырзага көрсөткөнүмдө, ал: “Биз мында эмнени оң жагына өзгөртө аларыбызга басым жасайбыз” – деп жооп берди.

Ал Шинжаңда кезиктирген кишилер “эң сонун” экенин жана сноуборд тээп көңүл ачып жүрүп бардык маселелерди чечсе болорун кошумчалады.

Бул комментарийлер башкатчы Си Цзинпиндин сынчылар кышкы олимпиада оюндарын саясатташтырып жатышат деген учурда айтылууда.

Кытайдын лидерлери Оюндар саясаттан өйдө болуу үчүн экенин айтышат. Бул түпсүз базарда өз үлүшүн көбөйтүүнү же орун алууну каалаган айрым бизнестердин айырмасы. Алар сиз дагы ушинтип эсептешиңерди каалайт. (CS)