Кыргызстан кышкы олимпиада оюндарында

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Кыргызстан кышкы олимпиадада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

2022-жылдын 4-22-февралында Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстан сегизинчи ирет катышканы турат. Учурда кышкы олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз кыргыз спортчусу – караколдук тоо лыжачы Максим Гордеев.

Кыргызстан кышкы олимпиада оюндарына алгач ирет 1994-жылы Лиллехамер шаарында катышкан. Ага чейин совет доорунда бир дагы кыргызстандык спортчу кышкы олимпиадага катышкан эмес.

Кыргызстандын алгачкы кышкы олимпиадачысы, орусиялык биатлончу айым Евгения Роппель болуп саналат.

Кышкы олимпиада оюндары

1924-жылы Шамониде өткөн оюндар кышкы олимпиада оюндарынын расмий түрдө биринчиси деп саналат. 

Эл аралык Олимпиада комитетинин 1991-жылдагы отурумунда жайкы жана кышкы олимпиада оюндарын өткөрүү мөөнөтүн 1994-жылдан тартып 2 жыл айырмачылык менен уюштуру чечими кабыл алынган.

Ошентип, 1994-жылдан тартып XVII кышкы олимпиада оюндары, 1998-жылдан тартып жайкы олимпиада оюндары өткөрүлүп турмай болгон.

1994-жыл, Лиллехаммер кышкы олимпиадасы

1994-жылы Норвегиянын Лиллехаммер шаарында ХVII кышкы олимпиадалык оюндардына 67 өлкөдөн 1737 спортчу катышкан. 

Кышкы олимпиадалык оюндарда лидерлик кылып жүргөн СССРдин ыдырап жок болушу менен анын курамын түзгөн республикалар эгемендүү мамлекет катары катышууга мүмкүндүк алышкан. 

Кыргызстандын алгачкы кышкы олимпиадачысы орусиялык биатлончу Евгения Роппель болуп саналат. Ал биатлон боюнча кыз-келиндердин 7,5 км аралыктагы спринт жана 15 км аралыктагы жеке таймаштарына катышып, 66-67-орундар менен чектелген.

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

1998-жыл, Нагано кышкы олимпиадасы

ХVIII кышкы олимпиадалык оюндары 1998-жылы Жапониянын Нагано шаарында өткөн.

Кыргызстандын атынан жердиги орусиялык биатлончу Александр Тропников катышкан. Ал биатлон боюнча эркектердин 10 км аралыктагы спринт жана 20 км аралыктагы жеке таймаштарына катышып, 36-65-орундарга жеткен. Бул саамалык Кыргызстанда кышкы спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин көрсөткөн.

ХVIII кышкы олимпиадалык оюндарына 72 өлкөнүн спортчусу мөрөй талашып, алардын 857си кыз-келиндер болгон. 

2002-жыл, Солт Лейк Сити кышкы олимпиадасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ХIX кышкы олимпиадалык оюндар 2002-жылдын 8-февралынан 22-февралына чейин АКШнын Солт Лейк Сити шаарында өткөн. 

Кыргызстандын атынан орусиялык биатлончу Александр Тропников жана лыжа менен трамплинден секирген казакстандык Дмитрий Чвыков катышкан.

Александр биатлон боюнча эркектер арасындагы 10 км аралыктагы спринт жана 20 км

аралыктагы жеке таймаштарына катышып, 73-77-орундар менен чектелген. 

Лыжа менен трамплинден секирген казакстандык Дмитрий Чвыков чоң трамплинден 39-орунга жетсе, орто трамплинде 41-орунду ээлеген. 

Кыргызстандык спорт журналисттерден алгач ирет кышкы олимпиадалык оюндарды спорттук баяндамачы Кабыл Макешов жеринен түз алып чагылдырып турган.

Дүйнөнүн 77 өлкөсүнөн 2 миң 399 олимпиадачы спорттун 15 түрү боюнча мөрөй талашкан. 

Кытай жана Австралия өлкөлөрү кышкы олимпиадалык оюндарда алгачкы ирет алтын медаль жеңген. Командалык биринчи орунду кышкы спорту өнүккөн Норвегия өлкөсү

жеңип, 13 алтын, 5 күмүш жана 7 коло байге алган. 

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

2006-жыл, Турин кышкы олимпиадасы

XX кышкы олимпиадалык оюндар 2006-жылдын 10-февралынан 26-февралына чейин Италиянын Турин шаарында өткөн. 

Кыргыз Республикасынын өз спортчуларынан алгач ирет кышкы оюндарга катышкан тоо лыжа спорт чебери Иван Борисов болуп саналат. Ал 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндардын тоо лыжа мелдештерине биринчи жолу катышкан. Ал тоо лыжасынын гигант слалом мелдешинде марага 41-болуп келген. Иван кийинки олимпиадалык оюндарда машыктыруучу болуп, жаш спортчуларды тарбиялап, тажрыйбасын бөлүшкөн.

80 өлкөнүн 2508 спортчусу катышып, кышкы спорттун 15 түрү боюнча таймашуулар болгон.

Жалпы командалык эсепте биринчи орунду Германия жеңип, 11 алтын, 12 күмүш жана 6 коло байге уткан. АКШ экинчи орунду ээлеген. Австрия – 3. 

2010-жыл, Ванкувер кышкы олимпиадасы

XXI кышкы олимпиадалык оюндар 2010-жылдын 12-февралынан 28-февралга чейин Канаданын Ванкувер шаарында зор салтанат менен өткөн. Мында 82 өлкөнүн 2574 спортчусу катышып, 86 комплект медал үчүн күч сынашкан. 

Кыргызстандан тоо лыжа чеберлери Дмитрий Трелевский, лыжа менен чуркоо жарыштарына Ольга Решеткова катышкан. 

27-февралда Дмитрий Трелевский слалом боюнча соңку мелдешине катышып, тилекке каршы, финишке жетпей калган. Буга чейин ал чакан слаломдо 76-орунга илинген эле. 

Ал эми лыжа жарыштарына катышкан Ольга Решеткова 17-февралда 1,5 чакырым аралыкка болгон жарышта 54-орунду ээлеген.

Оюн ээлери Канадалыктар 14 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль утуп алуу менен командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылышкан. Буга чейин Кышкы олимпиадалык оюндардын тарыхында мынчалык санда эч ким алтын медаль уткан эмес. Бул абсолюттук рекорд! Германия экинчи орунду ээлеген. АКШ үчүнчү катарга турган. 

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

Мелдештин уюштуруу комитети “Ванкувер-2010дун” каармандары деп жеңиш үчүн эрктүүлүгүн көрсөткөндөрдү атайын белгилеген.

Словениялык лыжачы Петра Майдич жарыштын жүрүшүндө 4 кабыргасы сынганына карабастан коло медалды жеңип алган. Ал жарышта токтоно албай аңга кулап, бакты сүзүп алган да, марага жетер замат эсин жоготкон. 

Майдич эрдиги үчүн “Словенияга сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен да сыйланган. 

Ал эми канадалык муз үстүндө көркөм бийлөөчү Жоанни Рошетт апасы каза болуп калганына карабастан өзүнө күч таап, коло медалдын ээси болгон.

Анын апасы кызынын чыгуусун көргөнү атайын Монреалдан Ванкуверге келген. Бирок кызынын чыгуусуна 2 күн калганда жүрөк оорусунан каза тапкан. 

Адистердин көңүлүн бурган окуя – олимпиада чемпиону, италиялык Уле-Эйнар Бьерндален менен белорусиялык Сергей Новиков биатлондун жеке таймашында марага бир убакытта келгендиктен, экөөнө тең күмүш медаль берилгени болгон.

2014-жыл, Сочи кышкы олимпиадасы

XXII кышкы олимпиада оюндары 2014-жылдын 7-февралынан 23-февралына чейин Россиянын Сочи шаарында өткөн. 

Кыргыз Республикасынан бул ирет бир гана спортчу тоо лыжасы боюнча мөрөй талашты.

Алгач Сочи олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун тоо лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыккан. Ал машыгуу учурунда жаракат алып, бутун кокустатып алгандыктан УОКтун жетекчилеринин өтүнүчү менен анын ордуна тоо лыжачы Евгений Тимофеев катышкан. Жаштыгына карабай Евгений слалом мелдешинде марага 43-болуп келген. Гигант слалом мелдешинде 61-орунду ээлеген.

2018-жыл, Пхёнчхан кышкы олимпиадасы

XXIII кышкы олимпиада оюндар 2018-жылы 9-фералдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн. Кышкы олимпиадага 92 өлкөнүн 2952 спортчусу катышып, алар спорттун 7 түрү боюнча 102 комплект байге үчүн күч сынашкан. 

Кышкы олимпиадага тоо лыжачы Евгений Тимофеев менен лыжачы Тариэль Жаркынбаев катышып, байгелүү орундарга илинген эмес.

Түштүк Корея Азия аймагында Кышкы олимпиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган экинчи өлкө болуп саналат. Буга чейин Азия аймагында кышкы олимпиада оюндары 2 гана жолу өткөрүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктү Жапония колдонгон, ал Кышкы олимпиаданы 1972-жылы Саппоро шаарында өткөрсө, 1998-жылы Нагано шаарында кабыл алган.

Түштүк Корея Кышкы XXIII Олимпиада оюндарын өткөрүүгө 9 миллиард доллар жумшаган.

Кышкы оюндардын алдында Пхеньян менен Сеулдун бийлиги сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Түндүк Корея кышкы олимпиадага 22 спорчусун жөнөткөн. Алар кышкы спорттун беш түрүнө катышкан.

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

Дагы бир кызыктуу жери – эки мамлекеттин спортчулары Олимпиаданын ачылыш салтанатында бир туунун алдында чыгып, көпчүлүктүн көңүлүн бурганы менен эсте калган.

Орусия Сочидеги оюндарда медалдар таблицасында биринчи орунду алган. Бирок кызытма боюнча чуулгандуу окуялардан кийин Эл аралык Олимпиада комитети тергөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы оюндардан четтеткен.

Комитет кызытма колдонбогону далилденген 169 орусиялык спортчуга бейтарап желек астына оюндарга катышууга уруксат берген. Түштүк Кореяга келген орусиялык спортчулар Эл аралык Олимпиада комитетинин туусунун алдында чыгышкан. Аларга мамлекетинин желегин формасы аркылуу даңазалоого да тыюу салынып, атайын эскертүүлөр да айтылган.

Командалык биринчи орунду 14 алтын, 14 күмүш, 11 коло медаль уткан Норвегия, экинчи орунду Германия, үчүнчү орунду Канада алган.

Жабылыш аземинде дагы Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчулары бир туунун алдында чыгышкан.