Олимпиада оюндарынан четтетилген Орусия дагы эмнеден кол жууйт?

Флаги

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Орусия алдыдагы төрт жылда эл аралык мелдештерге катышуу укугунан ажырады. Ошондой эле эч кандай ири мелдештерди өткөрө албайт.

WADA Орусиянын кызытмага каршы күрөшкөн агенттиги дүйнөлүк кодекстин талаптарын бузду деп тапты. Эгерде улуттук кызытмага каршы агенттик өзүнүн макамын жоготсо, өлкө эл аралык мелдештерди өткөрүү жана катышуу укугунан дагы ажырайт.

Ошентип алдыдагы төрт жыл ичинде Орусия эл аралык жана олимпиадалык мелдештерге катыша албайт. Андан сырткары ири мелдештерди өткөрүү укугунан кол жууйт.

Бирок орусиялык спортчулар кызытма колдонбогонун далилдей алса, бейтарап туунун алдында, эч кандай гимн ойнотпой, мелдешке катышууга укук алмакчы.

Орусия WADA чечимине каршы Спорттук арбитраждык сотко даттанууга укугу бар. Орусиянын кызытмага каршы күрөшкөн агенттигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Сергей Хрычиков ТАССка берген маегинде, апелляцияга берүү үчүн дагы 21 күн убакыт бар экенин айтты.

Орусия кандай мелдештерди өткөрө албай калат?

Хрычиковдун айтымында, WADA чектөөлөрү дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге тиешелүү.

Континенталдык жана регионалдык чемпионаттарга тиешеси болбойт. Ошондуктан Орусия 2020-жылдагы футбол боюнча Европа чемпионатынын төрт мелдешин Санкт-Петербургда өткөрүү укугунан ажырабайт.

Андан сырткары Орусия 2020-жылдагы оор атлетика боюнча Европа чемпионатын өткөрүшү мүмкүн.

Бирок онго жакын ири мелдештерди өткөрүү укугунан ажырайт. Анын ичинде эркектер арасындагы волейбол, хоккей боюнча дүйнө чемпионаты бар. Бирок азырынча Орусияга кайсыл мелдештерди өткөрүүгө тыюу салары тууралуу расмий тизме жок.

Орусиянын кызытмага каршы күрөшкөн агенттигинин Москва лабораториясындагы маалымат базасы бурмаланган деп табылды. WADA маалымат базасынан тескери жыйынтыкты көрсөткөн жүздөгөн допинг-тесттер өчүрүлгөн деп ырастайт. Айрым жыйынтыктарды 2015-2016-жылдары эле өчүрүп салышкан. Кайсыл спортчулар жөнүндө кеп болуп жатканы азырынча ачык айтыла элек.

Табличка ВАДА

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусия бийлиги эмне дейт?

Владимир Путин акыркы апталарда допинг темасына байланыштуу бир ооз сөз кылган жок. Премьер Дмитрий Медведев жергиликтүү телеканалдарга берген интервьюсунда муну "аягы жок орусиялык сериалдар" деп атады.

ТИМ өкүлү Мария Захарова бул окуяларды "эрежесиз оюндар" атап, кызытмага байланыштуу маселени саясатташтырып жатышат деди.

2018-жылы Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн кышкы Олимпиада оюндарына дагы Орусиянын спортчулары өз алдынча катышкан. Түштүк Кореяга барган орусиялык спортчулар нейтралдуу туунун алдында оюнга чыккан эле. Орусия Пхенчханга 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети 169 спортчуга гана уруксат берген. Атактуу спортчулардын ичинен орусиялык биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов оюндан четтетилген. Орусиянын курама командасын кышкы оюндардан четтетүү боюнча чечимди Эл аралык олимпиада комитети 2017-жылдын декабрь айында кабыл алган. Уюм Орусия мамлекеттик деңгээлде допинг колдонууга колдоо көрскөн деп тапкан. Бирок орус бийлиги муну четке кагып келген эле. (AbA)