"Оскар"-2018: мыкты документалдык тасма спорттогу допинг тууралуу

форма воды

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Оскардын" эң мыкты тасмасын дудук аял менен адам-амфибия ортосундагы сүйүүнү чагылдырган режиссер Гильермо дель Торонун "Суунун формасы" деп аталган фантастикалык көркөм тасмасы алды.

"Суунун формасында" тасмадагы окуя 1962-жылы болот. Ал тургай ошол учурдагы СССР менен АКШ ортосунда каршылашуу дагы кыйыр түрдө камтыла кеткен. Бирок тасманын мааниси такыр башка. Негизги тема - Американын жашыруун институтундагы түрү суук жандык (монстр) менен имаратты тазалап иштеген дудук аялдын ортосундагы акырындап сүйүүгө чейин өсүп жеткен мамиле.Өтө чебердик менен тартылган тасмада гумандуулук алдыга чыккан. Дал ошонусу менен тасма төрт номинация боюнча сыйлыкты утуп алды.

макдорманд

Сүрөттүн булагы, REUTERS/GETTY

Букмэкерлер фаворит катары "Эббингдин чек арасындагы үч биллборд, Миссури" трагикомедиясын атап жатышкан эле.

"Эң мыкты тасма" номинациясынын тизмесиндеги көп сөз болуп жаткан тасмалар:

форма воды

Сүрөттүн булагы, 20th Century Fox

"Мени өзүндүн атыңдан чакыр" (Call Me By Your Name) деп аталган романтикалык мелодрама. "Капсалаңдуу мезгил" аталган Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхындагы эң оор учур тууралуу тартылган тасма. Бул британдык тарыхый биографиялык драма Уинстон Черчиллдин премьер-министрлик кызматтагы алгачкы күндөрү тууралуу баяндаган.

Британдык аскердик драма "Дюнкерк" - режиссер Кристофер Ноландын тасмасы. Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы үч жүз миң аскердин эвакуацияланышын чагылдырган тасма.

Башка сыйлыктар

Эң мыкты актер деп Гэри Олдменди аташты. Ал "Капсалаңдуу мезгил" тасмасында Уинстон Черчиллди ойногон. Бул британдык актердун биринчи "Оскары" болду.

гильермо дель торо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гильермо дель Торонун "Суунун формасы" деп аталган фантастикалык көркөм тасмасы "эң мыкты тасма", "эң мыкты режиссер" сыйлыгын алды.

Эң мыкты актриса Франсис МакДорманд "Эббингдин чек арасындагы үч биллборд, Миссури" тасмасында жараткан ролу үчүн.

Экинчи пландагы мыкты актер катары "Эббингдин чек арасындагы үч биллборд, Миссури" тасмасындагы ролу үчүн Сэм Рокуэлл сыйлык алды.

франсис макдорманд

Сүрөттүн булагы, Reuters

Чет тилдеги мыкты тасма сыйлыгын чилилик режиссер Себастьян Лелионун "Фантастикалык аял" тасмасы утуп алды

Мыкты документалдык тасма деп орусиялык спорттогу кызытмалар тууралуу тартылган "Икар" тасмасы аталды.

гэри олдман

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Оскардын" эң мыкты үн монтажы жана мыкты үн үчүн сыйлыгы Кристофер Ноландын "Дюнкерк" тасмасына берилди. Экинчи пландагы эң мыкты аялдын ролун "Мен, Тоня" тасмасында ролу үчүн Эллисон Женни алды.

Сэм Рокуэлл

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мыкты анимациялык тасма - "Коконун сыры". Тасмадагы эң мыкты музыка деп ""Суунун формасындагы" музыка табылды. (AbA)