"Оскар-2018": кимдин жылдызы жанат?

Сүрөттүн булагы, Fox
Голливуд "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмалардын тизмесин жарыялады. Тизмени режиссер Гильермо дель Торонун "Суунун формасы" деп аталган фантастикалык көркөм тасмасы жетектейт.
Гильермо дель Торо үрөй учурган тасмалардын устасы. "Суунун формасында" режиссер өзүн өзгөртпөйт. Тасмадагы окуя 1962-жылы болот. Ал тургай ошол учурдагы СССР менен АКШ ортосунда каршылашуу дагы кыйыр түрдө камтыла кеткен. Бирок тасманын мааниси такыр башка.
Негизги тема - Американын жашыруун институтундагы түрү суук жандык (монстр) менен имаратты тазалап иштеген дудук аялдын ортосундагы акырындап сүйүүгө чейин өсүп жеткен мамиле.
Өтө чебердик менен тартылган тасмада гумандуулук алдыга чыккан. Дал ошонусу менен тасма бир катар номинацияларга көрсөтүлдү. Мыкты режиссерлук иш, оргиналдуу сценарий, ал эми британдык актриса Сэлли Хокинс мыкты аялдын ролу сыйлыгы үчүн.

Сүрөттүн булагы, Fox
Тизмени андан ары карай британдык аскердик драма "Дюнкерк" улантат. Тасманын режиссеру Кристофер Нолан. Бул тасма сегиз номинацияга көрсөтүлгөн.
Үчүнчүдө, "Эббингдин чек арасындагы үч биллборд, Миссури" тасмасы жети номинация боюнча сыйлыкка көрсөтүлдү. Британдык режиссер Мартин Макдонах кылмыш дүйнөсүндөгү уюшкан топтор тууралуу тарткан бир топ тасмалары менен белгилүү. Бирок жогорудагы тасманы дагы ушундай мүнөздө деп айтууга болбойт. Окуядагы негизги көңүл - улгайган аялга бурулган. Ал өзүнүн кызынын өлүмүнүн иликтениши үчүн тарткан түйшүгү көрсөтүлөт.
Фрэнсис Макдорманд - "Оскардын" эң мыкты аялдын ролу номинациясына атаандашкандардын негизгиси болуп калышы мүмкүн. Тасмадагы актерлор Вуди Харрельсон менен Сэм Рокуэлл экинчи пландагы мыкты роль тасмасына атаандашат.
"Бёрд айым" тасмасынын жаратуучусу Грета Гервиг "мыкты режиссердик иш" номинациясы боюнча күрөшөт. "Леди Бёрд" тасмасы дагы негизги сыйлык үчүн ат салышууда.

Сүрөттүн булагы, Universal
"Бёрд айым" - режиссердук дебют жана белгилүү актриса тууралуу жарым-жартылай автобиографиялык тасма.
Британдык кино үчүн "Дюнкерден" сырткары дагы бир тасма маанилүү болуп турат. "Капсалаңдуу мезгил" аталган Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхындагы эң оор учур тууралуу тартылган тасма. Тасма башкы номинациялар үчүн күрөш жүргүзөт. Уинстон Черчиллдин ролун жараткан Гэри Олдмен мыкты эркектердин ролун жаратканы үчүн деген сыйлыкка көрсөтүлгөн. Ал "Оскар" алыш үчүн бакша британдык Дэй-Льюис менен атаандашат.
Америкалык киноакадемиянынын "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы үчүн орус режиссеру Андрей Звягинцевдин "Сүйүү эмес", швед режиссеру Рубен Эстлунддун "Квадрат", венгер режиссеру Ильдико Эньединин "Дене жана жан тууралуу", чилилик режиссер Себастьян Лелионун "Фантастикалык аял", ливандык Зиада Дуэринин "Мазактоо" тасмалары көрсөтүлгөн.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 4-март күнү Голливуддагы "Долби" театрында өтөт. (AbA)











