Кытайдагы кышкы олимпиада оюндары: ковид жана бойкот

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кышкы олимпиада оюндары 4-февралда башталат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

XXIV кышкы олимпиадалык оюндар Пекинде 4-февралда башталып, 20-февралга чейин созулат. Паралимпиада 4-13-мартта өтөт.

Кытай Пекинде кышкы олимпиада оюндарын эффективдүү жана коопсуз өтүшүнө кепилдик берет. Бул жөнүндө Кытайдын президенти Си Цзинпинь “Давостук күн тартиби” виртуалдык талкуу убагында билдирди.

“Жакында Пекинде кышкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар башталат. Кытай дүйнөгө экономдуу, коопсуз жана кооз олимпиадалык оюндарын көрсөтө аларына ишенет”,-деди Кытайдын лидери.

Баардыгы спорттун он беш түрү боюнча мелдештер болот, анын ичинде мурунтан келаткан лыжа жарыш, муздагы бий, хоккей сыяктуу салттуу оюндар бар. Ошондой эле жаңы жети дисциплина олимпиадалык оюндардын программасына киргизилди. Алар бобслей боюнча аялдар арасындагы мелдештер, биг-эйр дисциплинасы боюнча фристайлдан аялдар жана эркектердин мелдештери, шорт-тректеги аралаш эстафета, акробатика, трамплинден лыжа менен секирүү, сноуборд-кросс.

Бобслей деген чана менен тоодон муз трасса менен ылдый түшүүнү билдирет. Шорт-трек деген коньки спортунун бир түрү, муз трассадагы жарыш.

Пекиндеги кышкы олимпиадалык оюндардын талисманы катары Бинь Дуньдунь деген панда тандалып алынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пекиндеги кышкы олимпиадалык оюндардын талисманы катары Бинь Дуньдунь деген панда тандалып алынган.

Олимпиадалык оюндардын бюджети 3,9 миллиард доллар деп жарыяланган. Пекинде 2008-жылы жайкы олимпиадалык оюндар өткөндүктөн, ошондо салынган объектилер пайдаланылмакчы. “Куш уясы” деп аталган стадиондо олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанаты болот.

Пекиндин өзүндө кар аз болуп жатканына байланыштуу мелдештер Янцинь менен Чжанцзякоу шаарларында өткөрүлмөкчү.

Олимпиадалык айыл кээ бир спорттук объектилерден 200 км алыс болот, ошондуктан аларга ыкчам жеткенге жогорку ылдамдыктагы темир жол курулуп бүткөн. 2019-жылы эле ишке киргизилген бул темир жол менен жүргөн поезддердин ылдамдыгы саатына 350 км болот.

Кышкы олимпиадалык оюндардын ачылыш жана жабылыш салтанаты "Куш уясы” стадионунда болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышкы олимпиадалык оюндардын ачылыш жана жабылыш салтанаты "Куш уясы” стадионунда болот.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушунчалык чоң даярдык болуп жатканда Пекинди кабатыр кылган эки жагдай бар. Биринчиси ковид пандемиясы. Туш-тараптын баарын тазалап, текшерип, катуу көзөмөл болуп жатканына карабастан, Пекинде бир адамдан омикрон штаммы табылды. Оорулуу адам жашаган райондо массалык текшерүү жүргүзүлүп жатат. Ага чейин омикрон Шанхай, Сиань, Чжухай, Чжуншань жана Тяньцзинь сыяктуу шаарларда табылган.

22-январдан тарта Пекинге келген бардык адамдар 72 саат ичинде ковидке текшерүүдөн өтүшү керек. Ошондой эле келгендерден коронавирустан таза экенин көрсөткөн ПЦР тестти жана атайын кодду көрсөтүү талап кылынууда.

Экинчи маселе, АКШ, Австралия баштаган бир катар өлкөлөр Пекиндеги кышкы олимпиадалык оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялашты. Бул деген аталган өлкөлөрдөн расмий адамдар барбайт дегенди билдирет. Бойкоттун себеби, Кытай бийликтеринин Шинжаң районундагы уйгур, казак, кыргыз сыяктуу азчылыктардын укуктарын басмырлоо саясатына каршы катуу нааразылык болуп жатат.

Ошол эле убакта Шинжаңдагы элге тамыры жагынан көбүрөөк жакын болгон Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бийликтери Кытайдын басмырлоо саясатына эч кандай үн ката элек. Керек болсо, олимпиадалык оюндардын ачылышына бул региондогу мамлекет башчылар өздөрү да барып катышат деп күтүлүүдө. Ал эми орус президенти Путин олимпиаданын ачылышына конок катары барары мурда эле жарыяланган.

Октябрдын башында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай менен эң жогорку деңгээлде мамиле болуп жатканын айткан эле. Министр Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир принципиалдуу же талаштуу маселелер жок, Кытай Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунда экенин баса белгилеген.

Максим Гордеев

Сүрөттүн булагы, Social media

Ал эми спортчуларга келсек, Пекиндеги олимпиадага бир эле кыргыз спортчусу лизенция алган. Кыргызстандын чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Максим Гордеев лыжа боюнча мелдештерге катышат. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети Олимпиада башталганга чейин дагы бир спортчуга лицензия тийип калат деген үмүттө турат.