Алма-Ата декларациясы жана чек ара чатактары

Алма-Ата декларациясына кол коюу, 1991-жыл, 21-декабрь

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алма-Ата декларациясына кол коюу, 1991-жыл, 21-декабрь

Мурдакы союздук республикалардын ортосунда отуз жылдан бери чечилбеген чек ара, аймак талашы тууралуу сөз болгондо кээ бир авторлор 1991-жылы КМШ түзүлгөн Алма-Ата декларациясына кайрылган учурлар көп болууда. КМШны түзгөн республикалар аймактык бүтүндүктү жана чек араларды таануу жөнүндө декларацияга кол койгон менен андан кийин эмнеге жер талашып чатакташып жатканынын себептерин терең түшүнүү үчүн бул маселеге өзүнчө токтоло кетүү зарылдыгы чыгууда.

"Саясий декларация"

СССРдин кыйраганын жана КМШнын түзүлгөнүн дүйнөгө дүң кылган Алматы декларациясында эң негизги пункттардын биринде суверендүү республикалар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана ошол убактагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана сыйлайт деп жазылган. Бирок бул пункт Кыргызстандын мисалында алганда эмнеге иштебейт, эмнеге ал коңшулары менен чек араны кайрадан тактап чыгышка аргасыз болду?

“Биздин проблема, Советтер союзунун учурунда республикалар аралык чек аралар бекилген эмес мыйзам менен, келишим менен. Сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок аягына чыккан эмес. 1989-жылы дагы Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болгон. Бирок чек араны бекитиш үчүн эки республиканын Жогорку Совети, андан кийин Москва бекитиш керек эле. Ошол процесс болбой калган. Болжолдонгон чарбалык чек аралар гана болгон, бирок алар союздун ичинде административдик чек ара болуш үчүн аны республикалар өз ара бекитип, андан кийин СССР бекитиш керек эле. Эгер ошондо сүйлөшүүлөр аягына чыгып бекип калганда, ошондо Алматы декларациясына шилтеме кылса болот эле мына ортодо келишим менен кол коюлган чек ара бар деп. Ошол жок. Ошол себептүү кайра түзүш керек болуп эски чек аранын нугу менен жасап атабыз да. Бекибеген нерседе ар ким өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, ар кандай аргументация кылай берет турбайбы”,-деди Би-Би-Сиге чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, Дипломатиялык академиянын профессору Саламат Аламанов.

Алма-Ата декларациясында ага кол койгон өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгү да таанылат деп кашкайта жазылып турат. Бирок Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салууга да бул декларация укуктук негиз боло албай келатат.

"Бул жалпы маанидеги саясий декларация, анда деталдар жок жана болушу мүмкүн эмес",-деп Алма-Ата декларациясына кол койгон Армениянын биринчи президенти Армен Тер-Петросяндын айткан сөзүн жакында журналисттер таап жарыялашты.

Ошол эле убакта аны ар ким өзү каалагандай чечмелеген да мисалдар көп. Мисалы, армениялык илимдин доктору Сурен Золян Алма-Ата декларациясы – өтө эле жалпы документ, анда чек ара маселеси каралган эмес, аймактык бүтүндүк жөнүндө гана айтылат дейт:

"Бул өтө эле үстүрт текст, эч ким тереңдеп киргиси келген эмес, анткени ыңгайсыз толтура суроо келип чыкмак".

Чек ара жоокер

Көйгөйү көп Фергана

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара көйгөйү негизинен Фергана өрөөнүндө болуп жатат. Бул жакта Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан чектешет, алардын чек аралары кыйма-чийме болуп чиеленишип калган. Бул жакта совет бийлиги улуттук республикаларды түзгөндө жергиликтүү элдин этникалык курамы жана улуттук чарбалык өзгөчөлүктөрү менен көп эсептешпей, жерлерди колхоз-совхоздордун ортосунда бөлүштүрүп салган. Бул коңшу өлкөлөр эгемендик алгандан кийин аймактагы суу, жер, жайыт жерлерге, кен байлыктарга ээ болуп калуу үчүн күрөшүүдө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биздин Борбор Азияда талаш көп болгон. Биз Тажикстан, Өзбекстан жана Казак тараптар менен сүйлөшүү жүргүзгөндө союз таркаган учурда ким кайсы жерди пайдаланып келсе, ошол боюнча чек араны түзөбүз деген макулдашууга келгенбиз. Адистер муну туура көрүп иштеп келип эле, саясий жетекчиликке жеткенде эле алар жок деп чыгып жатпайбы. Алар мамлекетти ойлойбуз дегени менен өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, саясий упай алуунун эле аракети болууда. Рахмон Ворухка келип, эч кимге эчтеке бербейбиз деп баатыр болуп сүйлөп атпайбы. Мына ушундай ыкманы баары эле колдонуп атат. Адегенде чек араны тактап алып, андан кийин эч кимге эчтеке бербейбиз деш керек да”,-дейт Саламат Аламанов.

СССР кыйрап, Кыргызстан эгемен өлкө болгон учурда анын бир дагы коңшусу менен бекиген административдик чек арасы болгон эмес. Ошол себептүү чек араларды тактоо боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен өзүнчө жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келди. Союз учурунда кыйма-чийме түзүлгөн, көп өзгөрүүлөр болгон чарбалык чек аралар мамлекеттик чек араны түзүүдө көп кыйынчылык алып келди.

Кыргызстан мамлекеттик чек араны биринчи болуп Кытай менен чечти, 1999-жылы келишимге кол койду. Андан кийин Казакстан менен чечилди. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр бирде уланып, бирде токтоп калып, отуз жылдан кийин гана аяктап, 2022-жылы Бишкекте келишимге кол коюлду. Бул процесс Кыргызстанда жарандык активисттердин каршылыгы менен коштолду. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон 24 активист жана саясатчылар массалык тополоң чыгарууга айыпталып, камакка алынып, азыр соту жүрүүдө жана бир топ нааразылыктар болуп жатат.

Кыргызстан-Тажикстан

кыргыз-тажик

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 664 чакырымы такталган. Калган чек ара тилкеси талашта турат.

Тажик тарап 1924-1927-жылдардын картасына таянууда. Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны негиз кылууда.

Чечилбеген чек ара көйгөйүнөн улам эки элдин ортосунда көп жылдан бери жер, жайыт, суу талаш болуп, чыр-чатактар чыгып жатат. 2021-2022-жылдарда болгон куралдуу кагылышуудан ондогон адам өлүп, жүздөгөн адам ар кандай жаракат алды. Жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, 150 миңге жакын эл коопсуз жайга көчүүгө аргасыз болду.

Эки жыл катары менен чек арада болгон эки жолку куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору түзүлүп, чек ара тилкелерин тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

“Жылыш жай болуп жатат. Адегенде эки тарап кайсы жылкы карта менен иштейбиз деп бир чечимге келиш керек. Бул жерде тараптар ушул боюнча орток пикир таба албай жаткандай. Эгер жылыш болуп жатса Өзбекстандыкындай болуп, келишимдерге кол коюлмак. Анын үстүнө Мадумаров кол койгон протоколдун саясатташып кетиши да, таасирин тийгизип жатат. Ал документтин юридикалык күчү жок экенин тажиктер деле билет. Бирок алар “силер мойнуңарга алып жатасыңар” деп маселени өздөрүнүн пайдасына чечкенге аракет кылып жатышат”, – деди Би-Би-Сиге регионалдык маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев.

18-сентябрда Дүйшөмбүгө Борбор Азия лидерлеринин кеңешме саммитине барган президент Садыр Жапаров эртелеп кайтып келе берди. Анын соңунан Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстан өзүнүн чек ара боюнча дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан коңшусуна жаңы аймактык дооматтарды коерун билдирди. Ошол замат эле расмий Дүйшөмбү Кыргызстандын Тажикстандагы элчисин чакыртты. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө жылыш жок экенин көрсөтөт дейт эксперттер. (КС)