Бишкекте ЖЭБдин каналына чөгүп кеткен үчүнчү кишинин сөөгү табылды

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Жылуулук электр борборунун техникалык каналына түшүп кетип, изделип жаткан адамдардын баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 1-январда билдирди.
Куткаруучулар суудан үчүнчү жарандын — 1966-жылы туулган Ж.Т. аттуу эркек кишинин сөөгүн бүгүн таап чыгышкан. Ал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 1-январь күнү издөө иштерине жалпы 98 адам тартылган.
2025-жылдын 30-декабрында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап бүтүп, жумуштан кийин үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.
Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан биринчи жарандын - 33 жаштагы кишинин сөөгү табылып, милицияга өткөрүлүп берилген. Ал эми 31-декабрь күнү экинчи адамдын - 1963-жылы туулган Ж.Жнын сөөгү суудан чыгарылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушуну менен каналга түшүп кеткен үч жаранды тең издөө иштери толук аяктаганын билдирди.
Окуя боюнча изилдөө – иликтөө иштери жүрүүдө.
"Бирөөсү сууга кулап кеткен, азырынча бизде ал кантип кулап кеткени тууралуу маалымат жок. Андан кийинки эки кызматкер аны куткарабыз деп, анан үчөө тең чөгүп кеткен. Биринчи адам кандай жагдайда сууга кирип кеткенин милиция тактап атат. Биз өз кезегинде кызматкерлерге коопсуздук чаралары сактоо тууралуу көрсөтмөлөр берип жатабыз " - деген "Тазалыктын" директору Жолдош Чуштуков.
"Тазалык" — бул Бишкек шаарынын санитардык тазалыгы үчүн жооптуу болгон муниципалдык ишкана. Ал тиричилик калдыктарын чыгаруу, көчөлөрдү, парктарды тазалоо иштерин жүргүзөт.












