Улуттук банк бир банкка 21 миллион 600 миң сом айып салды

Улуттук банк

Сүрөттүн булагы, Official

Улуттук банкы 5-декабрда өлкөдөгү коммерциялык бир банкка кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мыйзам талаптарын бузду деген негизде 21 миллион 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын бүгүн кабарлады. Бирок конкреттүү кайсы банк тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Мунун алдында Финансылык чалгындоо кызматы ушундай эле айып менен эки коммерциялык банкка айып пулдар салынганын кабарлаган. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 293 миң сом деп белгиленген. Банк жетекчилигине ички көзөмөл системасын уюштурууда чекилик кетирген, кардарларды жетиштүү текшерген эмес деген кинээ коюлган. Финансылык чалгындоо кызматы айып пул салынган банкттардын ысымдарын ачыктаган жок.

Кыргызстандагы айрым банктардын ишмердиги боюнча башка мамлекеттер дагы суроо коюп келе жатат.

Алсак, акыркы жылдары Европа, АКШ жана Улуу Британия Кыргызстан аркылуу "арам акча адалданууда" же "санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар" деген тынчсызданууларын ачык билдирип келишүүдө.

Маселен, "Керемет Банкы" быйыл январда АКШнын, ал эми февралда Британиянын санкцияларына кабылган. Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги өлкө аймагында криминалдык жол менен келген акчаны адалдаган ири түйүн эл аралык санкцияларды айланып өтүү жана Украинадагы согушту каржылоо максатында Кыргызстандагы "Керемет Банктын" акциясынын көзөмөл пакетин сатып алганын билдирди.

Кыргыз бийлиги банкка байланыштуу чечимди "негизсиз" деп атап, аны "кара тизмеден" чыгарууга аракет жасап, бул маселени президент Садыр Жапаров БУУ трибунасынан да көтөргөн эле.

"Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө.Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз", -деген эле Садыр Жапаров.

Жапаров Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келе жатканын, өлкөгө карата жарыяланган санкциялар негизсиз экенин, банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин да айткан:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

" 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган".

9-декабрда жергиликтүү "Тазабек" басылмасы Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикеланы сөзгө тартып, санкцияга кабылган кыргызстандык банкттардын маселеси тууралуу да суроо узатты.

"Алар (ред. банкттар) ЕБдин Орусияга каршы санкцияларын айланып өтүшүнө байланыштуу тынчсызданууларынан улам тизмеге кошулган. Тийиштүү себептер актуалдуу болбой калгандан кийин, сөзсүз, алар тизмеден чыгарылышы мүмкүн. Биз такай чараларды кайрадан карап, кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогду кубаттайбыз", -деген Сикела.

Ал кыргыз бийлигинин кыргызстандык банкттарга көз карандысыз аудит жүргүзүү сунушу Евробиримдик тарабынан эске алынганын да билдирди.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар.