Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен сүйлөштү

ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет

Садыр Жапаров 5-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкө башчы Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстандагы акыркы кырдаал жана ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.

Маалыматта Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдиргени айтылган.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатып, ЖККУдан жардам сураган. Ал өз өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга сырткы күчтөр таасир этип жатат деп атады.

Никол Пашинян ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтөрүн билдирди

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT/FACEBOOK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Никол Пашинян ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтөрүн билдирди

Ал эми ЖККУнун төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстанга стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн белгилүү бир убакытка чейин жөнөтүлөрүн жарыялады.

ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет. Алар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан.

2-январда күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы башталган акциялар саясий нааразычылыктарга айланып кетти.

Токаев баш аламандыктарды чет өлкөдө машыгуудан өтүп келген “террористтик топ” кылганын айтып чыкты. (MD)