Европадагы газ кризисине ким күнөөлүү: Газпром, ковид, климат?

"Гринпистин" Германиядагы каршылык акциясы.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европада көмүр электростанциялары акыркы күндөрүн өткөзүп жатышат. "Гринпистин" Германиядагы каршылык акциясы.

Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Европа пандемиядан оңоло электе энергетика кризисине кабылды. Газ менен электрдин баасы асмандап, элдин жана өндүрүштүн эси ооп турган чагы. Европалыктар муну ковидден, сууктан, жылуулануудан, өрттөрдөн жана дымыгуудан көрүп жатышат. Газдын негизги камсыздоочусу болгон “Газпром” тарапка чалырттуу карашат.

Кристмаска чейин 100 күн, газдын тартыштыгы Европадагы баалардын өсүшүнө жана азык-түлүк камсыздоосун үзгүлтүккө учуратты. Айрым өлкөлөрдө жер семирткичтер жетишпей баштады, касапканаларда малды жансыздандырууга, өзөктүк станцияларды жана суусундуктарды муздатканга эч нерсе жок калды. Газ менен жарык үчүн эсептер өсүүдө, аны менен бирге шайлоочулардын нааразычылыгы дагы.

Шаршембиде ЕБунун энергетика министрлери кырдаалды талкуулап, бирок эч нерсе чечишкен жок. Еврокомиссар Кадри Симсон, Еврокомиссия жакынкы апталарда дүйнөдөгү эң ири биримдикте жашаган 450 млн киши үчүн кризисти жеңилдетүүчү жалпы сунуштарды иштеп чыгат деп убада кылды.

Жыл башынан бери Европада газдын баасы үч эседен ашык өстү. "Газпромдун" башчысы Алексея Миллердин пикири боюнча, газдын баасы өз өсүшүн уланта берет. Алдыда кыш, кризис күчөп баратат, анын алгачкы кесепеттери жана негизги себептери белгилүү болуп калды.

Кризистин кесепеттери

Түтүн чыгарып жаткан Европадагы көмүр электрстанциясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газдын жетишсиздиги Европадагы айрым көмүр электрстанцияларын кайрадан иштетүүгө аргасыз кылууда.

Жагымсыз кабарлар европалыктарга газ жана электр үчүн эсептери аркылуу жетти. Бийликтегилерге арызданып көрүштү, бирок толугу менен атаандаштык аркылуу башкарылган базарда алардын колунан көп нерсе деле келбейт.

Натыйжада ансыз деле пандемиядан улам жүдөй түшкөн шайлоочулардын нааразычылыгы өсүүдө. Коммуналдык чыгымдардын өсүшү евроэкономиканын кыймылдаткычы болгон керектөөнү кескендиктен, кедейленүүнүн тереңдөө коркунучу жаралууда.

Бийликтер бул кылымдагы эки кризистен чыкканга жакшы жардам берген баарын акча менен сугаруу жолуна кайрылышты.

Испаниядагы электр кубатынын баасы өсүшүнө каршы митинг, 17-сент. 2021

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испаниядагы электр кубатынын баасы өсүшүнө каршы митинг, 17-сент. 2021

Франция 5,8 млн начар камсыздалган үй-бүлөгө 100 евродон төлөп берүүнү убадалады.

Испания жарым жыл ичинде энергокомпаниялардын 2,5 млрд евро ашыкча пайдасын алып элге таратууга сөз берди.

Италия коммуналдык төлөмдөрдүн реформасын баштады, ал ишке ашкыча 3 млрд евро дотации бөлүп берди. Греция киши башына айына 9 евродон, жакырларга андан да көп, компенсация төлөп берүүнү, ошондой эле мамлекеттик компаниялардын кардарларына жеңилдетилген тарифтерди убада кылды. Португалия чийки заттын баасы өсүп жатканына карабастан, 2022-жыл электр кубатынын жөнгөрүлүүчү бааларынын чегин көтөрбөөнү чечти.

Германиянын бийликтери кырдаалга кийлигишүүнүн кажети жок деп чечишти. Бул жерде алар эски дүйнөдөгү эркин базардын негизги тиреги болгон Улуу Британиядан дагы ашып түшүштү.

Британ мисалы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британдар январда ЕБдан чыгып, какаганга муштаган болушту. Мында европалык коңшуларына караганда баалар ылдамыраак, экономика жайыраак өсүүдө. Буга ковидден сырткары брекситтин кесепеттери тийди, эми кымбат газ ага өз салымын кошууда.

Газдын таңсыктыгы кантип азык-түлүк кризисине айланаары Британиянын мисалында жакшы байкалат.

Баары эки британиялык минералдык жер семирткичтер заводун америкалык ээлери токтоткондон башталган. Газдын кымбатташы аны өндүрүүнү пайдасыз кылып салган. Фермерлер селитра жана карбамиди жок калышты. Көрсө алардын кыйыр өнүмү болгон көмүр кычкыл газы андан керек нерсе экен.

Комбинаттардын токтошу Британиянын көмүр кислотасын 60% кол жуудурду. Ал тамак-ашты таңгактоодо консерванттын ишин аткарат, лимонаддарды көбүкчөлөр менен толтурат, касапканаларда малды жансыздандырууда жана муздатуунун бардык түрүндө – жүк ташуудан тартып, медицина жана өзөктүк станцияларга чейин колдонулат.

Көмүр кислотасын тартыштыгы ушундай чоң көйгөй жараткандыктан, британ өкмөтү эки минералдык жер семирткичтер комбинатын иштетип башташы үчүн америкалык ээлерине акча бөлүп берген.

Касапканаларда газ болбосо, чочколор фермаларды кыйналып өлүшөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Касапканаларда газ болбосо, чочколор фермаларды кыйналып өлүшөт.

Бирок ал көйгөйдү толук чечкен жок. Күнөсканалар дале газ менен жылытылат жана кымбаттап бараткан электр менен жарыктандырылат. Тамак-аш жок болуп кетпейт, бирок кымбаттайт дешет фермерлер менен супермаркеттер.

Кризистин себептери

Аба-ырайы. Европада өткөн кыш катаал болду. Азияда жана Түндүк Америкада дагы суук болду. От көп жагылып, сактагычтардагы газдын камы азайып кеткен.

Жай дагы ысык болду. Июлда ысык температуранын рекорддору жаңырды. Канада аптап +46°С жетти. 80 жылдан берки рекорд жаңырды.

Токойлор ширеңкедей күйүп жатты. Европанын түштүгүндө болуп көрбөгөндөй ысык болду. Андан улам элдин баары серүүндөткүч иштетип, электр кубатына болгон талап өстү. Бул суу сактагычтарды какшытты. Ал гидроэлектростанциялардын өнүмү азайтты. Былтыркы жай Европадагы дымыккан эң шамалсыз жай болду. Жел тегирмендер дагы аз кубат берди. Мунун баары газдын кымбатташына алып келди.

Бирок ал дагы чектелген ресурс экен.

Европада суюлтулган газдын сунушу кескин кыскарды. Түтүк жолдору менен камсыздалган газдын көлөмү мурункудай эле калды, суюлтулган газ болсо газ ташыгычтар менен Азияга чыгарылып кетти. Анткени Азияс пандемияны биринчи жеңип, экономикасы эртерээк калыбына келип баштагандыктан жогоруу бааны төлөгөнгө даяр болду.

Пандемиядан кийин калыбына келип баштаган экономика газга болгон талаптын жана баанын өсүшүнүн дагы бир себепкери. Баары жоготуулардын ордун толтурууга аракет кылууда, а бирок кошумча ресур пайда болгон жок.

Ковидден улам заводдордо, терминалдарда, порттордо пландык ремонттор былтыркыдан быйылкыга жылдырылып калган. Деңиз транспорту абдан кымбаттап кетти. Карантинден улам жашыл кубат долбоорлору дагы токтоп калды.

Андан сырткары Европанын өзүндө газ өндүрүү дагы кыскарууда. Буга туташ казылма отундардан чыгарылуучу электр кубаты дагы азайууда. Европа жашыл экономикага өтүү жолунда, андыктан мурдагы өзөктүк жана көмүр электростанцияларын токтотууда.

Августта "Газпромдун" Ямалдагы заводдуна авария болду. Андан улам монополист газ өндүрүүнү кыскартты жана ушундан улам өзүнө көңүл бурдурду.

"Газпромдун" кризиске тиешеси кандай?

“Түндүк агым-2” Балтика деңизинин түбүнө салынып бүттү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Түндүк агым-2” Балтика деңизинин түбүнө салынып бүттү. "Газпром" газ берип башташ үчүн Германиянын уруксатын күтүп жатат.

Украинаны айланып өткөн “Түндүк агым” газ түтүгүн кургандыктан, Европада "Газпромго" ансыз деле мамиле салкын.

Өткөн аптада Европарламенттин бир нече депутаты Еврокомиссиядан "Газпром" “Түндүк агым-2” долбоорун ылдамдатуу максатында баалар менен ойноп жатпагандыгын текшерүүнү өтүнүштү.

“Газпромдун” өндүрүшүн азайтышы жана баалардын өскөнүнө карабастан иштеп турган түтүктөр аркылуу Европага газ сатууга кызыкдар эместиги евродепутаттардын шектенүүсүн жаратты.

“Газпром” базарды манипуляциялоо шектенүүлөрүн четке кагып, ал үчүн газды Азияга сатуу пайдалуу экендигин түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Еврокомиссия депутаттардын катын жоопсуз калтырды. "Газпромдун" Европадагы негизги атаандашы АКШ дагы унучуккан жок.

Эл аралык энергетика агенттиги (IEA) дагы Орусияны күнөөлөгөн жок. Болгону Европага жардам берүүнү сунуштады.

Баалардын мындан ары дагы өсүшүн дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши, Азиядагы талаптын жогору бойдон калуусу, Кытайда кышкы Олимпиадага камынуудан улам кошумча керектөө пайда болушу шарттай турганы байкалып турат. Европанын жер алдындагы сактагычтарындагы камдалган газдын көлөмү дагы төмөн.

Коронавирустун жаңы толкуну жаралып же башка кедерги жаратууучу шарт чыгып калса, экономиканын жайлоо коркунучу бар. Демек, ал газга болгон талапты дагы кесет. Баалар Азия базарларына кеткен газды токто алуучу деңгээлге чейин өссө, сунуш кескин өсүшү мүмкүн. Жанда да "Газпром" “Түндүк агым-2” долбоорун иштетип баштаганда.

Январь айында Газпромэкспорттун башчысы Елена Бурмистрова Европанын газ базарын ойкуп-кайкыган аттракцион менен салыштырганы бар. 2021-ж. кай жагына бурулаарын дагы көрө жатарбыз. (CS)