Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан ондогон адамдар каза тапты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Канаданын полициясы маалымдагандай, Ванкувердин Барнаби жана Саррей аймактарында 69 кишинин кайтыш болушуна адаттан тышкары ысык себеп болду. Каза тапкандардын көбү кары-картаңдар жана олуттуу оорусу бар адамдар.
Соңку үч күн ичинде абаанын температурасы рекорддук деңгээлде катталууда. Кечээ Канадада абаанын температурасы Цельсий боюнча 49.5 градусту көрсөттү.
Американын Орегон штатындагы Портлан шаарында, Вашингтондун Сиэттл аймагында 1940-жылдары каттоо башталгандан берки эң жогору температура катталган. Абанын мынчалык ысышына атмосфералык басымдын айынан камалып калган ысык абанын катмары себеп болду деп болжонууда.
Канаданын полициясы калкты карыя коңшулардан, туугандардан кабар алып турууга үндөдү. Ысык саламаттыгы начар адамдар үчүн кооптуу, андыктан бири бириңерди карап тургула, деди полиция.
Литтон айылынын тургуну Меган Фандрич сыртка чыгуу дээрлик мүмкүн эмес деп айтты. "Чыдаш кыйын, кызымды салкынырак жерде болсун деп туугандарыбызга жеткирдим",- дейт ал. "30 градус кургак ысыкка чыдачубуз, бирок 47 градус деген башка да."
"Канада айлана чөйрөсү" аттуу уюм Британдык Колумбия жана Альберта провинциялары үчүн эскертүү чыгарды.
"Биз дүйнөдөгү экинчи эң муздак жана кар эң көп жааган өлкөбүз,- деди уюмдун башкы климатологу Девид Филипс. - Катуу аяз менен тоңду көрүп эле жүрөбүз, бирок ысык тууралуу сейрек сөз кылчу элек. Азыр бул жакка караганда Дубай салкыныраак болуп турат".
АКШдагы аптап

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES
Американын Портлэнд жана Сиэтл шаарларында абанын температурасы 1940-жылдардан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
Портлэндде Цельсий боюнча 46.1 градус, Сиэтлда 42.2 градус болду.
Ысыктан электр зымдарынын пластик бөлүктөрү ээрип, айрым кызматтар жабылды.
Калк аба муздаткычтарды жапырт колдонуп жаткандыктан аймактарда кезек-кезеги менен электрди өчүрүп жатышат. Ысыктан улам көчөлөр бош.
"Амазон" компаниясы тургундар салкында эс алып алсын деп Сиэтлдеги мекемелерин ачып берди.








