Финляндия премьер-министринин көңүл ачуу кечесиндеги бийи чуу жаратты

Санна Марин

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр ачыкка чыккан видеого комментарий берип, анын бийи ал курактуу адамдарга мүнөздүү эле көрүнүш экенин айтты

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин катышкан көңүл ачуу кечесиндеги видео өлкөдөгү көпчүлүктүн нааразылыгын жаратты. Социалдык тармактарга тарап кеткен видеодо ал достору жана фин атактуулары менен бийлеп, ырдаганын көрүүгө болот.

36 жаштагы Марин оппозициялык партиялардын сынына кабылды - алдыңкы саясатчылардын бири премьерди баңгизатка тест тапшырууну талап кылган.

Премьер-министр баңгизат колдонгонун четке кагууда - анын айтымында, ал спирт ичимдиктерин гана ичип, ызы-чуулуу кечеге барган.

Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр буга чейин да кечелерге барып жүргөнүн жашырган эмес. Мындан сырткары, ал улам-улам музыкалык фестивалдарда сүрөткө түшүп турат.

Марин өткөн жылы COVID-19 менен ооруган киши менен тыгыз байланышта болгондон кийин клубга барганы үчүн кечирим сураган.

Өткөн аптада немистердин Bild басылмасы Маринди "дүйнөдөгү эң кыйын премьер-министр" деп атаган.

Чуулгандуу видеого комментарий берип жатып, Марин видеого тартылып жатканын билгенин айтты. Бирок ал видеонун коомчулукка тарап кеткенине кейиди.

"Мен бийлеп, ырдап, кечелерде көңүл ачтым - бул толугу менен мыйзамдуу нерселер. Анан мен [баңгизат колдонгон] башкаларды көргөн да же билген да эмесмин", - деп түшүндүрдү ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оппозициялык "Чыныгы финдер" партиясынын лидери Риикка Пурра Маринди ыктыярдуу түрдө баңгизатка тест тапшырууга чакырды. Анткени, анын айтымында, премьер-министрдин үстүнөн "күмөн саноонун көлөкөсү" пайда болду.

Оппозициялык партиялардын башка саясатчылары өлкөнүн премьер-министрин дагы финляндиялык маалымат каражаттарында сындап жатышат. Алар журналисттер маанилүү ички көйгөйлөрдүн ордуна көңүл ачуу кечелер тууралуу маалымат берип жатканына нааразы. Чуулгандуу видеого Орусиянын бийликчил медиалары да көп көңүл бурушту.

Премьер-министр өзүн коргоп, журналисттерге: "Менин жеке жашоом бар, жумушум бар жана досторум менен убакыт өткөрүүгө бош убактым бар. Мен курактуу көптөгөн адамдар сыяктуу эле", - деди.

Ошондой эле саясатчы жүрүм-турумун өзгөртүүнүн кажети жок экенин айтты: “Мен ушул убакка чейин кандай адам болсом, дал ошондой болом, мени [коомчулук] кабыл алат деген үмүттөмүн”.

Марин 2019-жылдын декабрында Финляндиянын премьер-министри болгон жана партиясынын колдоосун сактап келет.

Финляндиялык саясий журналист жана Yle медиасынын баяндамачысы Роберт Сундман Марин менен байланышкан бардык нерсеге реакция абдан полярдуу экенин Би-Би-Сиге билдирди: “Анын курагындагы айымдын достору менен көңүл ачканы кадыресе көрүнүш деп ойлогон адамдар бар... Бир нерсени так айтса болот - мурдагы кечеликтерден тараган сүрөттөр ага же анын партиясынын популярдуулугуна олуттуу таасир эткен жок”.

2020-жылдын август айынан тарта Марин Финляндиянын Социал-демократтар партиясын жетектеп келет. (EB)