Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр

Санна Марин дүйнөдөгү эң жш премьер-министр болуп калат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санна Марин дүйнөдөгү эң жш премьер-министр болуп калат.

Финляндияда 34 жаштагы айым Санна Марин коалициялык өкмөттү башкарып, дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр болуп калмакчы.

Мурунку премьер-министр Антти Ринне кызматтан кеткенден кийин социал-демократиялык партия транспорт министри Санна Маринди лидер кылып тандап алды. Ал ушул жумада антын берген жатат. Жаңы лидер айымдар башкарган беш партиянын коалициясын жетектейт.

Финляндиянын коалициясындагы беш фракцияны тең айымдар башкарат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финляндиянын коалициясындагы беш фракцияны тең айымдар башкарат

Ринне почта кызматкерлеринин иш таштоосуна байланыштуу коалициянын ишениминен калганы үчүн кызматынан кетти.

Марин кызматына киришкенде дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр болуп калмакчы. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Джасинде Ардерн 39 жашта, Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук 35 жашта.

«Биз ишенимди кайтарып келиш үчүн көп иштешибиз керек",-деди Марин.

Ал өзүнүн жаш курагы жөнүндө суроолорго кол шилтеп, сөздү буруп кетти: "Мен эч убакта өзүмдүн жаш курагым жөнүндө ойлонгон эмесмин. Мени саясатка алып келген жана электораттын ишенимине татыктуу кылган себептер жөнүндө көп ойлоном".

Марин айым Түндүктөгү өлкөлөрдө үчүнчү аял премьер-министр болот. Апрелде болгон шайлоодо социал-демократтар эң чоң күч болуп калган, ошондуктан алар премьер-министрди дайындай алышат.

Финляндиянын YLE телекомпаниясынын маалыматына караганда, Санна Маринди жалгыз бой эне багып өстүргөн. (КС)