Шайлоо-2021: Аким, мэр, ректорду иштен алган үгүт өнөктүгү

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акылбек Жапаров

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт башталганы шайлоо мыйзамдарын бузуп, президенттин жарлыгын аткарбагандыгы үчүн айрым чиновниктер иштен алынганын билдирди.

“Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды. Ош шаарында студенттерди окуу учурунда үгүт иштерине катыштыргандыгы үчүн ОшМУнун педагогика факультетинин деканы Муратбаев жана ошол факультеттин үч мугалими кызматтан алынды. Бул окуу жайдын ректору да кызматтан алынды. Билим берүү жана илим министри Купешовго, Ош шаарынын мэри Мамбетовго сөгүш жарыяланды”, - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо жарлыгына кол койгон эле. Өкмөт башчы бюджеттен айлык акы алган мамкызматкерлерди ал жарлыкка ылайык, үгүт иштерине алаксыбай, тикелей милдеттерин аткарууну талап кылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча үгүт башталгандан бери 60ка жакын факты катталды. Анын жарымы БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келип түшкөн.

Арыз-даттануулардын арасында добуш сатып алууга аракет кылуу, мамкызматкерлердин кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөнү, окуучуларды, студенттерди үгүт иштерине аралаштыруу сыяктуу кайрылуулар бар.

Алардын негизиндеги соңку кызматтык бошотуулар жана сөгүштөр коомчулукта таза шайлоого ишеним жаратты.

Себеби, буга чейин Кыргызстанда административдик ресурс колдонуу фактыларынын негизинде иштен айдоо же сөгүш жарыялоо тажрыйбасы болгону эсте жок.

садыр жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кыргызстанда үч жолу революция болсо, үчөө тең шайлоодон чыкты. Эми кайра-кайра эле ошол катаны кайталай беребизби? Дүйнө жүзүнө бизде деле таза шайлоо болорун далилдеп коёлу да. Аралашпагыла деп айтып жатам. Эгер тымызын иштеп жатышса, айткыла”, - деген Садыр Жапаров өзүнүн жылдык басма сөз жыйынында.

Ошентсе да бул шайлоого аттанган 21 партиянын ичинен үч-төртөөнү бийликке ымалалаш деген күмөн саноолор бар. Себеби, алардын үгүт чыгымдары, шайлоо фондуна белгисиз тараптан акча которулуп жатканы суроо жаратууда.

“Бул, албетте, адамдарды шекшинте турган фактор. Бирок ал админресурска кирбейт. Бийликтин партиясыбыз деп эч ким ачык чыга элек. Бирок коомчулукта “Ишеним”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Эл үмүтү”, “Ынтымак” бийликке ыктаган партиялар деп атышат. Бирок алар деле бийлик тараптан каржылык колдоо же административдик колдоо алган жокпуз, бизге деле кысым болуп жатат, эл катары барып жатабыз деп жатышат”, - дейт жергиликтүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Ал бул шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу жеке байкоосу менен да бөлүштү.

“Аракеттеги бийликти колдоп-коштоп келген адамдардын көбү бир мандаттуу округдарга чачылып кетиптир. Бийлик партияларында анча деле көп акчалуу адамдар көп көрүнбөйт. Эгер бийлик чындап эле өздөрү каалаган адамдарды алып келүүгө кызыкдар болсо, өткөн шайлоодогу тобокелчиликти эске алган окшойт. Баарын бир жерге топтобой, ар бири өз округунан алып келсин деп койгон го”.

Баш мыйзам

Сүрөттүн булагы, ABYLAI SARALAYEV

Кыргызстанда быйыл жыл башында президенттик шайлоо менен кошо Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өткөн. Анын жыйынтыгында өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке өткөн.

Буга чейинки бийликтер парламенттик шайлоодо өз адамдарын өткөрүп, ошону менен Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияга көзөмөл алууга кызыкдар болуп келген эле.

“Эми азыр бийликтин табияты өзгөрдү да. Башкаруу президенттин колунда. Коалиция көпчүлүк бизде болушу керек деген азыр кызыкчылык деле жок. Бийликте Жогорку Кеңеш менен кеңешип-кеңешпей деле иш алып бара бергенге толук мүмкүнчүлүк бар да. Андыктан өздөрүнүн саясий партияларын парламентке алып келүүгө жан үрөгөн жок. Кимиң келсең аның кел, калганың менен иштеше беребиз деген мамиле болуп калды окшойт”, - дейт Алтымышев.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.