Шайлоо-2021: босого чек кантип эсептелет?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Добуш берүү урналары

Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

Былтыркы парламенттик шайлоодо партиялар 7% босого чек менен шайлоого барышкан. Быйылкы босого чек 5% түзүүдө.

Бир караганда бул партияларга шайлоодо атаандаштыкка жол ачкандай сезилет. Бирок Жогорку Кеңешке келүү партияларга мурдагыдай эле кыйынга турчудай.

Буга чейинки добуш берүүлөр Кыргызстанда шайлоого 2 миллиондой жаран (жалпы шайлоочулардын 60%) активдүү катышарын көрсөттү. Бул көрсөткүч боюнча 7% босого чек менен Жогорку Кеңешке өтүү үчүн ар бир партия жок дегенде 140 миң добушка ээ болушу керек эле.

Былтыр өткөн шайлоодо мынча добушту төрт-беш гана партия топтой алды.

Эми 5% босого чек менен партиялар парламетке келүү үчүн канча добуш топтошу керек?

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов Би-Би-Сиге түшүндүрүп берди:

Абдыжапар Бекматов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдыжапар Бекматов, БШК өкүлү

“Бизде ушул тапта 3 миллин 700 миң шайлоочу бар. Ошонун адаттагыдай эле 2 миллиону шайлоого катышса, 5% – бул 100 миң добуш болот. Башкача айтканда партиялар босого чекти багындырышы үчүн 100 миңден кем эмес добушка ээ болушу керек”.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Быйыл партиялык тизме менен өтчү шайлоого жаңы өзгөчөлүк, преференциалдык добуш берүү, кирип жатат. Анын маңызы – шайлоочулар тигил же бул партия эле эмес, ошол партиянын тизмесиндеги ар бир талапкерге да добуш бере алат.

Ошол себептүү, бул жолку шайлоодо атаандаштык партиялар арасында эле эмес, партия ичиндеги талапкерлер арасында да курч болгону калды.

Ошондо, партия аркылуу парламентке келгиси келген талапкер өзүнө бөлүнгөн шайлоо тилкесинде кеминде канча добуш топтошу керек?

“54 депутатка мандаттарды бөлүштүрө келгенде, бул менин жеке оюм, бир мандат 30 миң добушка барабар болуп калчудай. Ошондо 120 миң добуш алып парламентке келген партиялар төрт мандатка ээ болот”, - деп түшүндүрдү БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Борбор Азия эле эмес, КМШ өлкөлөрү арасында Кыргызстанда эң жогорку босого чек бекитилген. Буга чейин Кыргызстанда 9% босого чек коюлуп, бирок былтыр шайлоо алдында ал 7%га түшкөн.

Андан кийин Октябрь окуяларынын шары менен босого чек дагы 3%га чейин төмөндөтүлгөн. Бирок быйыл жайында шайлоо мыйзамдары кайрадан жаңыланып, босого чек кайра 5%га көтөрүлүп калды.

Октябрь окуялары

Сүрөттүн булагы, EPA

Жогорку Кеңешке аралаш шайлоо системасы ишке кирип, депутаттардын санын кыскарганына байланыштуу шарттар мурдагыдай эле катаал бойдон калганын айтышат жаш партиялар.

“Ата Мекен” партиясы менен шайлоого бара жаткан “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова:

“Мандаттардын саны кыскаргандан кийин мурунку эле калыпка келип калды. 7%дай эле болуп калды. Анчалык деле чоң айырмасы жок. Биздин өзүбүздүн партия деле ошол себептүү шайлоого катыша алган жок. 0,5% регионалдык барьер биз үчүн чоң эле тоскоолдук болуп калды. Жаш, жаңы түзүлгөн партиялар үчүн бул бир топ эле болуп калат”.

Былтыр жыйынтыгы таанылбай калган парламенттик шайлоодо 7% босого чек менен парламентке төрт партия өткөн:

“Биримдик” - 24,5%

“Мекеним Кыргызстан” - 23,88%

“Кыргызстан” - 8,76%

“Бүтүн Кыргызстан” - 7,13%.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий күчтөрдүн “Мекенчил” партиясы 6,85% добуш менен парламентке өткөн-өтпөгөнү анда арсар абалда калган эле.

Бюллетендерди кол менен эсептөөдө, бул партия босого чекти багынтты делип, бирок ал расмий жарыялангыча эле октябрь окуялары болуп кетти.

Ошентип Кыргызстан былтыр ишке ашпай калган шайлоодон кийин, быйыл дагы бир тобокел чоң саясий сыноодон өткөнү турат.