Президент шайлоодогу ээнбаштыкка катуу чараларды көрүүнү талап кылды
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине тыюу салган чаралар жөнүндө жарлыгы дүйшөмбүдө жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, бардык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого, тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна ар кандай формада таасир этпеши жана мажбурлабашы керек.
Бул үчүн Министрлер Кабинетине, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына өзүнчө жоопкерчилик жүктөлүп, тапшырмалар берилди. Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактоосун, жарандардын эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы зарыл. Аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Талапкерлерге жана саясий партияларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылынууга тийиш.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга да тыюу салынат.
Үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызматтык абалын талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартылат, керек болсо элеген кызматынан бошотулат.
Башкы прокуратурага шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын аткарылышына натыйжалуу прокурордук көзөмөлдү камсыз кылуу, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында табуу жана чара көрүү тапшырмасы берилди. Ал эми Жогорку Сотко шайлоо өнөктүгү убагында келип түшкөн арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароону камсыз кылуу жана шайлоо талаштарын кароонун бирдей соттук практикасын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда шайлоодо бийлик адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине нааразылык курчуп кеткенде ал бийликтин кулашына алып келет. 2005-жылы Акаевдин бийлиги, 2020-жылы Жээнбековдун бийлиги ушинтип кулаган. Ошондуктан шайлоодогу нааразылык көп болбошуна, анын чырга айланып кетпешине бийлик биринчи кезекте кызыкдар болушу керек.
“Октябрь айында эл айлык, үй-жай оокат сурап чыккан жок. Эл адилеттүүлүктү талап кылып, шайлоону тааныган жок. Акчанын күчү менен өткөн шайлоого эл чыдай албай койду. Отуз жылдын ичинде үчүнчү жолу президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз кылды",-дейт мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.
Бул шайлоо бир жылга кеч өтүп жатат. Өткөн күздөгү шайлоодо нааразылык чыгып, арты тополоң-тозго айланып, бийлик алмашып, жыйынтыгы жараксыз болгон. Жаңы бийлик бул шайлоо жаңы эрежелер менен таза, адилет өтөрүн айтууда.
БШКнын билдирүүсү боюнча, саясий жарышка бул жолу 21 саясий партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкер аттанды.









