Шайлоо-2021: онлайн үгүттүн оош-кыйышы

Сүрөттүн булагы, CHRIS JACKSON
Парламенттик шайлоого аттанган талапкер жана партиялар үгүт өнөктүгүндө көбүрөөк коомдук сайттарга басым жасап жатканы байкалат. Бул бир жагынан арзан, экинчи жагынан электоратка жеткиликтүү ыкма болууда.
Шайлоо алдындагы пиар-командаларда 2010-жылдардан бери иш алып барып келген Айнура Майрамбек кызы:
“Азыр байкасак, соцтармактарда чоң эле, дасыккан саясатчылар хайп кылышып, клоун болуп атышат. TikTok аркылуу шаракташып жаш электоратка чыгууну көздөп жатат. Бирок андан жакшы деле эффект болбойт. Мен муну буга чейинки шайлоо өнөктүктөрүнөн улам айта алам. Instagram жана TikTok жарнаманы карашат, күлүшөт. Ошону менен болду болот. Facebook үгүт платформасы катары эффективдүүлүгү жогору. Анткени бул жерде көбүнесе жашы кырктан жогорулар отурат. Улуу муун программаны окуйт, талапкер же партияга өз баасын берет алат. Барып добуш да беришет”.
Адис өлкөдө идея эмес, инсанга карата шайлоочунун жеке симпатиясы көп роль ойнот дейт, ал.
Андыктан шайлоо алдында саясий технологдор дайым портреттик рекламага басым жасашат. Бул үчүн жарым жыл мурун даярдыктар башталып, шайлоого үч ай калганда элге жакын талапкердин портрети түзүлөт. Үгүт өнөктүгү башталганда ал портрет болгон каналдар аркылуу агрессивдүү жайылтыла баштайт. Соңку жылдары негизинен басым коомдук сайттарга жасалууда.
" Бул шайлоодо бирок эч ким жарты жыл мурун даярданган жок. Чукулунан, сентябрдан тарта гана шайлоо камын көрө башташты. Өтө байлар бул шайлоого катышкан жок. Себеби, 2020-жылдагы шайлоого катышып, акчалары күйүп кетти. Айрымдары жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо акчасын чачышты. Шайлоодон коркуп калышты", деди Майрамбек кызы.

Сүрөттүн булагы, Margolis
Ушу тапта Кыргызстандагы интернет айдыңын үгүт постерлери, роликтер, мемдер басты.
Онлайн үгүт шартында атактуу блогер, коомдук сайттардагы инфлюенсерлердин баа-баркы да өсүп жатканы байкалат.
“Мурда концерттерди алып барып, алып баруучулук кызмат кылып акча таап алчубуз шайлоолордо. Азыр үгүт көбүнчө онлайнга өткөндүктөн блогерлерге акча төлөнөт. Мисалы, мен ушу тапта балам менен үйдөмүн, сыртка чыкпай коомдук сайттарда иш алып барууга 50 миң сомго чейин төлөп беребиз дешти. Бирок мен бул жолу ден-соолугума байланыштуу шайлоо үгүт иштерине аралаша алган жокмун. Негизи баа блогерлердин катталуучуларынын санына карата бычылат”,- деди шоу бизнес өкүлү Назира Кадыева.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шайлоо алдында онлайн үгүт жарнамалары тикелей, кыйыр да иштеп жатат. Интернет басылмаларда шайлоо фондунан деп акча төлөнүп, үгүт материалдары чыгып жатканында маселе жок. Бирок коомдук сайттар аркылуу чыгып жаткан жарнама дайыма эле шайлоо фондунан төлөнө бербегендиги маселе жаратууда.
“БШК ал жарнамалар дагы шайлоо фондусунун эсебинен төлөнүшү керек деп жатат. Боршайкомдо көзөмөлдүк комиссия деле бар, атандааш талапкер, партиялар деле бирин-бири көзөмөлдөп жатышат. Бирок негизгиси ошондой мыйзамдык көзөмөл механизми жок болуп атат. Бул бизде эле эмес, бардык жерде. Мисалы, Facebook библиотекасы деген бар, саясий рекламалар ал жакка автоматтуу түшөт. Ал жактан көзөмөлдөсө болот, бирок WhatsApp, Telegram, Viber мессенжерлери аркылуу өткөн жарнаманы көзөмөлдөш оор, мүмкүн эмес болуп калып атат” -дейт “Общее дело” коомдук фондусунун юристи Канышай Мамытова.
Кыргызстанда үгүт өнөктүгүнүн бир аптасы гана өттү. Адатта агиткампания шайлоого жакын кызыйт. Талапкерлер жана партиялар азыр өздөрүн жарнамалоо менен гана алек болуп жатышса, добуш берүү күнүнө карата бирин-бирин каралоого өтүп, фейк жаңылыктар, карикатура күчөйт. Шайлоолордогу үгүт маалындагы ыпылас технологиялар бул өзүнчө бир тема. (EK)








