"Түшкө кирбеген иш". Камактагы журналисттерге боштондук талабы

Бишкекте массалык тополоң чыгарууга шектелип эки айга камалган он бир журналисттин ата-энеси, үй-бүлөсү бийлик башчыларына кайрылып, аларды каралоону токтотууну жана үй камагына чыгарып берүүнү суранышууда.
Бүгүн Бишкекте алар "Парк отелде" басма сөз жыйынын өткөрүшмөк. Бирок акыркы саатта мейманкана жыйын өтчү залды суу басты деген шылтоо менен киргизүүдөн баш тартты. Ошол себептүү камактагы журналисттердин жакындары менен көчөдөн туруп сүйлөштүк. Алар темир торго салынган журналисттердин ден соолугуна кабатыр болуп, үйүндө турмуштук кыйынчылыктары бар экенин айтышты.
Мисалы, "Арча медианын" журналисти Султаналиев Сайпидиндин ден соолугу начар, жүрөк стенокардиясы менен жабыркайт. Бир жолу инфаркт алган. Үч чиедей баласы бар.
"Массалык баш аламандыкка чакыруу күлкү келерлик, акылга сыйбас нерсе. Анткени он бир журналист тең андайга бара тургандар эмес. Баардыгы тең карапайым журналисттер. Менин жолдошумдун оюнда эмес нээтинде да жок андай нерсе. Түшүнө да кирбейт",-деди Сайпидиндин жубайы Асель.
"Политклиникада" иштеген журналист Тыныстандын ата-энеси Бекназар менен Анаркүл да келди.
"Ал баш-аламандык чыгаруу эмне экенин да билбейт. Ал барып өз жумушун аткарып эле жүргөн",-деди атасы.

Алар Кеминден Бишкекке көчүп келип, Тыныстандын тапкан ташыганы менен жашап жатышкан экен. Журналисттер олчойгон грант алып, ата-энесине үй сатып берип маарытып жатат деген сөздөрдү угуп күйбөгөн жери күл болуп турганын айтууда.
"Жашообузду көрүп кетсеңер да болот. Квартира жалдап турабыз",-дейт апасы Анаркүл.
Капаров Актилектин кичинесинен башы жана бөйрөгү ооруйт. Ал камалгандан бери апасы санаага батып, эски оорулары кармап жатат.
"Бийликти басып ала турган киши карыган ата-энесинин жанына барып уктап калабы? Элестетсеңер. Апасы студент болсо, атасы карыган болсо, үчөөбүз эле бийликти басып алмак белек? Бул жөн эле каралоо",-дейт Актилектин апасы Кундузбү.
"Ичкен-жегеним, уктап турганымды деле билбей кала турган абалга келип калдым. Эртең мененки таңкы саат алтыда колумдан жулуп кетишсе, эки саатка күбө катары чакырылган балам он күндөн бери сыз жерде жатса, кабарын ала албасам эмне болот. Ыйлап да атам, аргам түгөндү".

"Биздин балдарыбыз, жолдошторубуз эч качан массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан эмес. Он бири тең социалдык, экономикалык жана коррупциялык маселелерди гана чагылдырып кыргыз элине ак кызматын кылып келишкен... ",-деп айтылат президентке жана баш прокурорго жолдонгон кайрылууда.

"Мыйзамсыздыктын жеткен чеги"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
16-январда "Айт Айт десе" жана "Темиров Live" медиа уюмдарынында мурда иштеген жана азыр иштеп жаткан журналисттерди ИИМ кармап кетип, сот эки айга камакка алды. Анын алдында бул медиа уюмдардын редакциялардын тинтүүгө алышты. Андан бир күн мурда 24.kg агенттигинин кеңсеси Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тинтүүгө алынып, жетекчилери сурак берип чыгышты.
Алар баары Кылмыш-Жаза кодексинин "массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары каралууда.
ИИМ 30-декабрда социалдык тармакта жүргөн мониторингде «Айт Айт Десе» и «Темиров Live» медиа уюмдарынын баракчасында массалык тополоңго чакырган маалыматтар табылганын билдирген.
Эки айга камакка алынгандар: Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков.
“Булардын баары көз карандысыз эле журналисттер, ууруларга каршы иликтөөлөрдү, репортаждарды жасап келишкен. Эмнеге иликтөөнүн каармандары кармалбай аны жасагандар жаза тартышы керек? Журналисттерге карата мындай жапырт кармоо, таңкы үрүл-бүрүлдө бастырып кирүү эзели болгон эмес. Мунун өзү мыйзамсыздыктын, карамүртөздүктүн жеткен чеги”,-деп сынга алды иликтөөчү журналист Али Токтакунов.
БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюмдар журналисттердин камакка алынышын айыптап, бул кыянат ишти токтотууга чакырышты.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да билдирүү таратып, укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.

Сүрөттүн булагы, President.kg
"Бийликти каралоо..."
Эл аралык коомчулуктун кабатыр кайрылууларына президент Садыр Жапаров көп күттүрбөй эле жооп берди. Адаттагыдай эле "Кабар" агенттигине маек куруп, кармалган журналисттерди " кесипкөй журналисттер эмес" деп атады.
" Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер. Экинчиден, ар бир укуктук мамлекеттегидей эле, Кыргыз Республикасында дагы мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист жана блогер эсептегендер маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш. Айрым блогерлер жана активисттер жалган маалыматтарды ачыктан-ачык жайылткан учурларга биз көп ирет күбө болдук. Көбүнесе аймактык, диний жана улуттар аралык кастыкты атайылап же аңдабастан козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана башаламандыктарга чакырыктар болгон".
Президент көз карандысыз журналист, блогер деп аталгандар ар түрдүү фонддордон, уюмдардан ж.б. гранттык каражаттарды алып жатышканын белгилеп, бир нече мисалдарды келтирген.
"Бирок иш жүзүндө тийиштүү гранттык каражаттар өз максатына жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүүдө",-деген президент.
Айдамабы же караңгыбы?

Булардын кимисинин канчалык күнөөсү бар, аны тергөө тактап чыгат дечи, бирок баарын камакка алыштын канчалык зарылдыгы бар эле. Журналисттер бир жакка качып кетпейт эле. "Бөрк ал десе, баш алуу" болуп жаткан жокпу деген суроо турат.
Башкача сүйлөп, жашоону башкача жоруганы болбосо, эч адамга зыяны жок Арстан Алайды камап коюп, камактан өлтүрүп алышканы да сабак болбоду кыргыз сотторуна. "Бул көзөмөлдөгү иш турбайбы" деп коркуп, мыйзамды, иштин жеңил-оорун карабай эле камакка алганды ит адат кылып алышты.
Камакка алуу эң акыркы арга катары өлкөдө туруктуу жашабаган, ким экени такталбаган, мурда кийин бөгөт чарасын бузган, соттон же тергөөдөн качып жүргөн кылмышка шектүү адамдарга колдонулушу керек экенин сот, адвокаттар эмес, катардагы жарандар да билет. Анда эмнеге соттор камаганга эле маш болуп жатат: алардын айдамалыгыбы же мыйзамды жакшы билбеген караңгылыгыбы? Экөө тең кыргыз бийлигин көп жылдан бери жаманатты кылган, элдин ишенимин кетирген социалдык-саясий оор көйгөй.
Анткен менен мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылган Башкы прокуратуранын бул маселеде позициясы угулбайт. Дегеле соңку кезде соттордун саясатчыларды жана жарандык активисттерди камакка алуу чечимдерин укук коргоочулар ээнбаштык деп сынга алып жатканда да башкы көзөмөл органы кой-ай деп койгонго жарабады. (КС)












