Беларустагы "Батыш-2025" машыгуулары: ыктымал сценарийлер, Украина жана Европа үчүн коркунуч

Машыгу

Сүрөттүн булагы, BBC/Getty Images/Belarus MOD

    • Author, Сергей Морфинов
    • Role, Би-Би-Синин украин кызматы үчүн, Киев

Материалдын түп нускасын украин тилинде бул жерден окуй аласыз.

Сентябрда Беларус аймагында Орусия менен биргелешкен "Батыш-2025" аскердик машыгуулары өтөт. 2021-жылы өткөрүлгөн дал ушундай "Батыш-2021" машыгуусунан кийин Орусия Украинага кол салган эле.

Август айынын башынан тарта эле орусиялык дивизиялардын алгачкы эшелондору Беларус полигондоруна келе баштады.

Толук масштабдуу согуш жүрүп жаткан шартта бул машыгуулар Украина үчүн да, Балтия өлкөлөрү жана НАТОнун бүтүндөй "чыгыш флангы" үчүн да түздөн-түз же келечектеги коркунуч катары каралууда.

Украина бийлиги Аляскада өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабастан, Орусия Украинага жаңы чабуул жасоого даярданып жатканын билдирүүдө.

"Батыш-2025" машыгууларынын артында кандай сценарийлер болушу мүмкүн жана Орусия аларды азыр же келечекте кантип колдонушу мүмкүн?

Кайталанган машыгуулар

Орусия жыл сайын ар башка аймактарда стратегиялык машыгууларды өткөрүп, "согуш жүрүшү ыктымал аймактардагы" сценарийлерди иштеп чыгат.

Киевдеги "XXI кылым стратегиясы" глобалистика борборунун коопсуздук программаларынын жетекчиси Павел Лакийчук Би-Би-Синин Украин кызматына:

"Бир жылы бул — "Батыш", кийинки жылы "Чыгыш", андан соң "Борбор" жана "Кавказ". Төрт жыл ичинде мүмкүн болгон согуш талааларында абал өзгөрөт жана алар бул машыгууларды кайрадан жаңы шартка ылайык өткөрө башташат", — дейт

“Батыш-2021” машыгууларынын жүрүшүндө “Град” ракеталарынан жапырт аткылоо

Сүрөттүн булагы, Russia MOD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Батыш-2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Град" ракеталарынан жапырт аткылоо

Мисалы, "Кавказ-2008" машыгуусунун алкагында Орусия Рок өтмөгүнүн жанында — Башкы Кавказ кырка тоосунун алдындагы автоунаа жолунда аскер күчтөрүн жана техникасын топтогон. Дал ушул тоннель аркылуу орусиялыктар машыгуулар расмий аяктагандан алты күн өткөн соң Грузияга басып кирген.

2018-жылы Орусия "Чыгыш-2018" деп аталган ири аскердик машыгууларды баштаган. Ага 300 миңдей адам катышкан.

Ал эми "Батыш-2021" машыгуусуна 200 миңден ашуун орус жана беларус аскерлери тартылган. Ал жерде шарттуу түрдө "Борбордук федерация" деп аталган Орусия менен Беларус биргелешкен күчтөрү кургактан жана абадан согуштук араккеттерди иштеп чыгышкан.

Беш ай өткөн соң дал ушул ыкмаларды колдонуп, орусиялыктар Киевди, Гостомелди, Харьковду, Николаевди жана башка украин шаарларын чындап эле басып алуу аракетин көрүшөт.

“Батыш-2021” машыгуулары маалында бронетранспортерлер чабуул койгон. Алты айга жетпеген убакытта ошол эле техника Украинага басып кирүүгө катышкан

Сүрөттүн булагы, Russia MOD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Батыш-2021" машыгуулары маалында бронетранспортерлер чабуул койгон. Алты айга жетпеген убакытта ошол эле техника Украинага басып кирүүгө катышкан

Ошол эле учурда мындай машыгуулардын баары эле чыныгы согуш аракеттери менен аяктабайт.

"Батыш-2017" учурунда Балтия өлкөлөрүнө чабуул жасоо сценарийи иштелип чыгып, ал үчүн ойдон чыгарылган "Вейшнория" мамлекетине сокку урулган жана Сувалка коридорун ачуу аракети көрүлгөн. Бирок бул машыгуулар "Кавказ-2008ден" айырмаланып, реалдуу согушка айланган эмес", — деп эскерет Павел Лакийчук.

"Машыгууларда аскердик күчтөр күжүрмөн даярдыкта турат. Эгер команда берилсе, алар дароо ишке киришет. 2022-жылы да ушундай болгон — машыгууда басып кирүү сценарийи иштелип чыгып, андан кийин чыныгы күч колдонулган. Ошондуктан мындай машыгуулар аскердик операцияга өтүү коркунучун жаратат. Бирок бул бардык машыгуулар сөзсүз согуш менен аяктайт дегенди билдирбейт", — деп белгилейт аскердик талдоочу.

Азыр "Батыш" машыгуулары Беларуска төрт жылдык циклден кийин кайтып келүүдө. Бул аралыкта кеңири масштабдагы Орусия–Украина согушу өкүм сүрдү.

"Батыш-2025" жөнүндө эмне белгилүү?

Орус аскерлери “Батыш-2025” машыгууларына катышуу үчүн Беларуска келишти

Сүрөттүн булагы, Belarus MOD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлери "Батыш-2025" машыгууларына катышуу үчүн Беларуска келишти

Москва жана Минск быйылкы машыгууларга даярдыкты жыл башында эле башташкан.

Беларус тарап алгач бул иш-чарага 13 миңден ашуун аскер тартыларын билдирген.

Бирок кийин Беларустун коргоо министри Виктор Хренин "чыңалууну басаңдатуу" үчүн "Батыш-2025" машыгуусуна катышкандардын санын азайтып, аны өлкөнүн ичкери жагына, чек арадан алыс өткөрүшөрүн айткан.

Александр Лукашенко да бир нече жолу алдыдагы машыгуулар Украинага, Балтия өлкөлөрүнө же Польшага эч кандай коркунуч жаратпай турганына ишендирүүгө аракет кылган.

Ал 2022-жылы да "Батыш-2021" машыгуу­сунан кийин Беларус аймагы аркылуу Украинага кол салуу мүмкүн эместигин айтып, Батыш чалгын кызматтарынын эскертүүлөрүн шылдыңдаган. Бирок орус аскер колонналары чын эле Беларус аймагынан чыгып, Чернобыль зонасы аркылуу Киев тарапка жөнөгөндө Лукашенко Украинадан Беларуска "чабуул даярдалып жатканы" тууралуу инсайддарды ачыкка чыгара баштаган.

18-февраль, 2022-жыл: Александр Лукашенко батыш журналисттерин Беларус аркылуу Украинага кол салуу болгон жок тамашалап жатат. Чабуул бир нече күндөн кийин башталган

Сүрөттүн булагы, «Пул первого»

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 18-февраль, 2022-жыл: Александр Лукашенко батыш журналисттерин Беларус аркылуу Украинага кол салуу болгон жок тамашалап жатат. Чабуул бир нече күндөн кийин башталган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Күн мурун Валерий Ревенко "Батыш-2025" машыгуусунун айрым жаңы деталдарын ачыктады — ал 12–16-сентябрда өтүп, максаты Союздук мамлекетке (Орусия жана Беларус) каршы ыктымал агрессиянын "мизин кайтарууга даярдык" деген легенда менен жүргүзүлөт.

Пландалып жаткан аскердик машыгууларга абадан соккуларга каршы туруш (анын ичинде дрондорго каршы), коргонуу жана душмандын мизин кайтаруу, авиациялык колдоо, диверсанттарга каршы күрөш кирет. Чынында эле бул коргонуу мүнөзүндөгү машыгуулар сыяктуу көрүнөт.

Бирок "коргонуу сценарийине" дал келбеген бир бөлүгү бар. 13-августта министр Виктор Хренин машыгууларда өзөктүк куралды жана орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракеталарын колдонуу пландаштырылганын билдирген.

Орусия "Орешник" ракетасын жакында эле Днепр тарапка атканы белгилүү. Ошондуктан аскерлер чындап эле коргонуу планын иштеп чыгышабы же башка сценарийди машыгабы деген суроо жаралат.

6-августтан тарта Орусиянын алгачкы аскер эшелондору Беларуска келе баштады.

Машыгуу

Сүрөттүн булагы, Belarus MOD

Беларустагы оппозициялык "Темир жолчулар коомчулугу" билдиргендей, Орусиянын 2-Таман мотоаткычтар дивизиясы, 4-Кантемиров танк дивизиясы жана 71-мотоаткычтар дивизиясы машыгууларга катышуу үчүн Беларуска жеткирилген.

Алгачкы эки дивизия — Орусиянын 1-танк армиясынын курамына кирет жана 2022-жылдын февралынан бери Украинага кол салууда активдүү катышып келет (алар Чернигов менен Харьков багыттарында чабуул жасаган). 71-дивизия болсо Мурманск облусундагы 200-мотоаткычтар бригадасынан түзүлгөн, ал да Харьков облусунда согушкан.

Бирок аналитиктер белгилегендей, Украинадагы согушка дээрлик бардык орус аскер бөлүктөрү тартылган. Ошондуктан бул машыгууга кимдердин катышары анчалык деле чоң мааниге ээ эмес.

Машыгуунун маанилүүлүгүн аныктоочу негизги фактор — реалдуу канча аскер катыша турганы.

"Алар 10-12 миң аскер болот деп жарыялап жатышат. Бирок алар ар дайым санын азайтып көрсөтөт, чындыгында беш-алты эсе көп келет. 2022-жылы толук масштабдуу басып кирүү башталганда да ушундай болгон", — дейт Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Франак Вячорка.

"Башкысы канча аскер Беларуска жөнөтүлөт, алар кайсы аскерлер, Украина же Литва жана Польшанын чек араларына жайгашар-жайгашпасы маанилүү. Ошондой эле сентябрдагы машыгуудан кийин канчасы Беларуста калат, канчасы кайра Орусияга кайтып кетет, мына, ошону билүү маанилүү", — деп кошумчалайт ал.

"Батыш-2025" машыгуусунун жүрүшү кандай сценарий боюнча өнүгүшү мүмкүн?

Балтия өлкөлөрүнө жана Польшага каршы аракеттер

Машыгуу

Сүрөттүн булагы, Belarus MOD

Аскерий эксперттер "Батыш-2025" машыгуусунун алкагында Орусия менен Беларус тараптан Балтиянын үч мамлекети жана Польшага карата агрессивдүү аракеттер болушу мүмкүн деген божомолду талкуулап жатышат.

"НАТОнун офицерлеринин пикиринде, "Батыш-2025" машыгуулары чынында эле альянстын чыгыш канатындагы мамлекеттерге каршы чагым жасоого даярдык болушу ыктымал", — дейт Павел Лакийчук.

НАТОнун эң белгилүү 5-беренесинде, бир же бир нече мүчө мамлекетке кол салуу — бардык өлкөлөргө жасалган чабуул катары каралат жана ошого жараша альянстын бардык мүчөлөрү агрессорго каршы чыгууга тийиш экени жазылган.

НАТОнун акыркы саммитинде Дональд Трамп бул келишимдеги 5-беренени жактай турганын кайрадан тастыктады.

Ошол эле маалда НАТОнун уставындагы 5-берене тарыхта бир гана жолу — АКШга 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салуу болгондо колдонулган. Бирок, мисалы, Эстонияга каршы аскерий агрессия болсо, союздаштар чындап кантип аракет көрөрү азырынча белгисиз.

Беларус менен Орусиянын биргелешкен аскерий машыгуусунун фонунда Балтия өлкөлөрүндө Орусиянын ыктымал агрессиясына туш боло турган бир нече аймак тууралуу сөз боло баштады.

Алардын биринчиси — Сувалка коридору. Бул Польша менен Литванын ортосундагы туурасы болжол менен 60 чакырымдык тар тилке, Балтия өлкөлөрүн НАТОнун калган мүчөлөрү менен байланыштырып турган кургактыктагы жалгыз жол. Ал альянстын "эң алсыз жери" катары каралат, анткени Орусиянын Калининград облусу менен Беларусунун ортосунда жайгашып, стратегиялык жактан аялуу абалда.

Сувалка коридору

Сүрөттүн булагы, Google Maps

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сувалка коридору

Орусиянын Балтия өлкөлөрүнө чабуул жасашы ыктымал экени айтылып жаткан башка жерлер — Латвиядагы Даугавпилс жана Эстониядагы Нарва шаарлары. Бул чек арадагы, этникалык орустар көп жашаган калктуу пункттар. Ошондой эле Литванын Вильнюс уездиндеги Шальчининский району. Анын бир бөлүгү үч жагынан Беларус менен курчалган.

Литванын борбору Вильнюс да Беларус чек арасынан болгону 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.

"Биздин мамлекеттер мүмкүн болуучу кол салууну эске алышы керек. Бирок, менимче, быйыл олуттуу эскалация коркунучу жок. Эксперттер негизинен гибриддик чабуул ыктымалдыгын карап жатышат", — дейт Лодзь университетинин (Польша) эл аралык изилдөөчүсү Барбара Юндо-Калишевска.

Анын айтымында, мындай гибриддик чабуулдарга Беларус аркылуу Сувалка коридоруна "нелегалдардын" агымын жөнөтүү, же аталган аймактарда, ошондой эле Балтика деңизинде ар кандай диверсияларды уюштуруу кириши мүмкүн.

Center for European Policy Analysis (CEPA) гибриддик коркунучтарды мындайча сүрөттөйт:

Машыгуу

Сүрөттүн булагы, Lithuanian Defence

"2025-жылдагы машыгуулар НАТОнун союздаштарынын реакциясынын ылдамдыгын текшерүү, анын доктринасындагы "боз зоналарды" изилдөө, ошондой эле дрондор менен робототехниканы колдонуу аркылуу күчтөрдүн ар тараптуу колдонулушун сыноо болушу мүмкүн".

Мисал катары жакында болгон окуяны айтууга болот:

Беларус тараптан Литвага "гербера" дрону (Орусиянын "шахедине" окшош) учуп кирген.

Учурда "Батыш-2025" алкагында Орусиянын толук масштабдуу чабуул сценарийи реалдуулук катары каралбаса да, бул мезгилде НАТО Польшада Iron Defender, Литвада Fierce Wolf машыгууларын өткөрөт.

Ал эми Беларустун Коргоо министрлиги машыгуу маалында "айрым бөлүктөрдү" батыш чек араларына которушу ыктымал экенин четке каккан жок.

Украинага чабуул жасалышы мүмкүнбү?

Машыгуу

Сүрөттүн булагы, Belarus MOD

Башка бир сценарий боюнча Украинанын түндүк аймактарын жаңы чабуул коркунучу тооруп турат. Бул жерде баары машыгууга тартылган орусиялык аскерлердин реалдуу санына жараша болот.

"Алагды кылыш үчүн Балтия өлкөлөрүнө каршы кандайдыр бир чагым болушу мүмкүн, андан кийин түз эле Киев облусунда согуш аракеттерин баштап, Ровен, Волын жана Чернигов облустарына ракеталык соккулар жасалышы ыктымал", — дейт беларус журналисти, "Хартия'97" сайтынын башкы редактору Наталья Радина.

"2022-жылы орусиялыктар Пинск саздары жана Чернобыль зонасы аркылуу Беларус тараптан чыгат деп ишенүү кыйын болчу. Бирок алар чыга келди. Ошондуктан күчтөрдүн жайгашуусун, машыгууда кандай аракеттерди иштеп жатышканын, штабдардын ишин байкап туруу керек. Каршылаш тараптын курамы кандай — бул жерде чалгын кызматы тыкыр иштеши зарыл", — деп белгилейт Павел Лакийчук.

Анын айтымында, 2021-жылдагыдай, машыгууларда саз жерлерден өтүү жана көпүрө өтмөктөрүн куруу боюнча инженердик аракеттерди иштеп чыгуу көрсөткүч болушу мүмкүн.

"Машыгуунун формалдуу түрдө аяктаганына карабай деле койсо болот. Кол салуу операциясы бир нече айга созулушу мүмкүн. Балким, кийинчерээк алар батыштан чыгышка чейинки логистиканы бузууну же башка аракеттерди жасоону көздөшү ыктымал", — деп да кошумчалайт Лакийчук.

Ал ошол эле учурда азырынча түндүктөн чабуул жасоого реалдуу даярдык бар экенин көрсөткөн белгилер жок экенин айтат.

Эксперттин баамында, 2022-жылдан берки потенциалдуу коркунучтардын бири — беларус армиясынын түздөн-түз согушка тартылышы. Бирок бул үчүн Москва Беларус куралдуу күчтөрүн толук көзөмөлдөө боюнча саясий чечим кабыл алышы керек.

Украина Коопсуздук жана коргоо кеңешинин Дезинформацияга каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко 11-августта мындай деп жазды:

"Беларуста өтүп жаткан Орусиянын "Запад-2025" машыгууларына байланышкан кырдаал көзөмөлдө турат. Ал жерде чындыгында канча орусиялык аскер бар экенин көрүп турабыз, болуп жаткан нерсенин баарын түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө ал тараптан Украинага эч кандай аскерий коркунуч жок".

Мындай коркунучту он миңдеген орусиялык аскерден турган топ түзүшү мүмкүн эле.

"Эгер ал жакка 50 миң аскер топтошсо да, бул олуттуу көйгөй жаратат, анткени биз адамдарды башка жактан которуп келүүгө аргасыз болобуз", — дейт Би-Би-Сиге Житомир облусунда жайгашкан атайын операция күчтөрүнүн бир бөлүгүнүн аскери.

"Мейли барышсын. Алар жетпейт", — деп кошумчалайт ал.

Кызыгы, 2022-жылдын жазында орусиялыктар артка чегингенден кийин Украинанын Орусия менен чектешкен акыркы аймагы — Чернигов облусу фронттук талаага айланган жок. Ал бир эле учурда Беларус жана Орусия менен чектешет.

12-августта журналисттер менен жолугушууда Владимир Зеленский азыр Орусия Украинанын чыгыш жана түштүгүндөгү үч багытта чабуул даярдап жатканын билдирди.

Чабуул жасоочудай түр көрсөтүү

Машыгуу

Сүрөттүн булагы, Russia MOD

Дагы бир сценарий боюнча Орусия түндүктөн чабуул жасай тургандай түр көрсөтүп, Украинанын ансыз да чектелүү аскерий күчүн алагды кылышы мүмкүн.

"Көңүлдү башка жакка буруу аракети болушу мүмкүн. Бул шантаж жана коркутуулар аркылуу Украинанын чыгыш фронтундагы күчтөрүнүн бир бөлүгүн Беларус чек арасына тартуу", — дейт Наталья Радина.

Орусия буга чейин да Беларуста өтүп жаткан машыгууларды Украинага маалыматтык жактан таасир этүү үчүн колдонуп келген.

"2023-жылдын башында Беларуста биргелешкен учуу-тактикалык машыгуулар өтүп, өлкөгө "Искандер-М" ракеталык комплекси жеткирилген. Маневрлар коргонуу мүнөзүнөн чабуулдук мүнөзгө өткөн. Бирок кийин Пентагондун жашыруун документтеринен белгилүү болгондой, бул аракеттердин баары Украинанын чалгын кызматын Беларус тараптан экинчи ирет чабуул жасоо коркунучу бар экенине ишендирүүгө багытталган", — деп жазышат талдоочулар Ярослав Черногор жана Павел Радь.

Ошондуктан мындай сценарийде орустар Украинанын түндүк чек араларына коркунуч келтире турган топту топтошу керек болот.

Ал эми украин чалгын кызматынын негизги милдети — бул топтун чыныгы ниетин жана согуштук даярдыгын так баалоо.

Эч нерсе болбойт

“Батыш-2021” машыгууларынын ачылыш аземи

Сүрөттүн булагы, Belarus MOD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Батыш-2021" машыгууларынын ачылыш аземи

Акыркы, балким, эң ыктымал сценарийге ылайык, "Батыш-2025" машыгуулары аяктайт, андан кийин эч нерсе болбойт

Бул ойдун негизги аргументи — Украина менен согуш жүрүп жаткан шартта Орусиянын "беларус плацдармынан" олуттуу аракеттерди жасоого күчү жетпей калышы мүмкүн.

Буга Дональд Трамптын катышуусу менен өтүшү ыктымал тынчтык сүйлөшүүлөрү да таасир этиши ыктымал.

Аскерий аналитиктер азыркы "Батыш-2025" машыгууларынын масштабы чакан болсо да, бул келечек үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

"Батыш-2025" машыгууларын жөн гана символикалык иш-чара катары эмес, Украинадан тышкары НАТОнун чыгыш канатында мүмкүн болуучу кургактагы чабуулга же эскалацияга даярдыкты жана машыгууну күчтөтүүнүн бир бөлүгү болуп саналат", — деп эскертет CEPA.

"Бул — Европа жана евроатлантикалык коомчулук үчүн татаал чакырык. Батыш лидерлери мындай ири масштабдагы аскерий машыгуулардын кесепеттерин гана эмес, демократиялык биримдикти алсыратууга багытталган гибриддик басым кампанияларына каршы туруу даяр болушу керек", — деп кошумчалайт борбор.

Ал эми Павел Лакийчук Украина ар кандай сценарийге даяр болушу керектигин белгилейт: "Украина бул машыгууларга этияттык менен мамиле кылышы керек. Анткени анын жүрүшүндө андан кийин Украинанын түндүк чек арасында кандайдыр бир түрдө башталышы мүмкүн болгон аракеттер иштелип чыгышы ыктымал". (АА)