Карда калган малчылардын бир тобу ылдыйлап көчкүсү келет
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Көлдүн Ак-Суу районундагы алыскы жайлоолорго бара турчу жол ачылып, тазалоо уланууда. Ошол эле жол аркылуу малчыларга боолонгон чөп ташылып жатат. Бирок кайрадан жаай баштаган кар дагы бир топ түйшүк алып келчүдөй.
Май айынын соңку күндөрү калың жааган кардан Каракол-Эңилчек жолуна удаа-удаа эки кар көчкү түшүп жол бөгөлүп калган. Алыскы жайлоолордогу малчылар кыйын абалда калып, ал тургай байланыш болбой жатканы айтылган.
Областтын башчысы Алтынбек Сулайманов сөз болуп жаткан Эңилчек, Сарыжаз жайлоолоруна барып келди. Ал көргөн билгенин Би-Би-Сиге кыскача баяндап берди.

“Негизинен ал жакта беш айылдын малчылары жайлайт экен. Алыскы чоң жайлоолордон. Учурда кыркка жакын малчы жайлап жатыптыр. Тилекке каршы мал арасында арык-торугунан чыгаша болгону да бар. Малчылар менен сүйлөшкөнүбүздө мынча болгон соң эми күн жылыганча чыдайбыз, жем-чөптөн жардам берсеңер эле болду деп жатат. Парламенттин депутаттары дагы көмөк көрсөтөлү деп чөп жөнөтүштү. Чүй боорунда мындай маселе болбогон соң чөп тартыштыгы болбойт деп чөптү ошол жактан алып жатабыз. Бир боосу 250 сомдун айланасында. Малчылардын кээ бири дагы кандай болот, ылдыйлап көчсөкпү деп арсар ойдо турат. Чыгаша болгон мал-жандын санын тактаган соң кандай кылып жардам беребиз, кенемте кыла алабызбы деген жактарын да ойлонуштурабыз. Негизи гидромет борбору кайра-кайра эскертүү берген. Бирок боло келген эле аба-ырайы да деп малчылар анчейин этибарга алган эмес экен. Башкысы малчылар аман-эсен”,- деди област башчысы Алтынбек Сулайманов.
Өзгөчө кырдаалдар министри парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып, чыгымга учураган малдын саны боюнча алдын ала маалымат алганын билдирди. Министрдин айтканына караганда, Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлдү. Жети-Өгүз районунда 610 кой, 13 топоз, 3 жылкы жок болду деп кошумчалады.
Андан мурда Нарындын Ат-Башы районундагы жайлоолорго калың кар жаап, малчыларды убайымга салган эле.
Кыргызстанда 2021-жылкы эсеп боюнча 1 750 467 ири мүйүздүү мал, 6 миллиондон ашуун кой, эчки, 547 253 жылкы катталган. Бирок түрдүү себептерден улам малчылар мал-жанын толук каттатпайт деп айрым адистер айтып келет.











