Си Цзиньпин кайра шайланды. Саясий бюродогу өзгөрүү

Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпин

Си Цзиньпин расмий түрдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы болуп үчүнчү мөөнөткө шайланды. Жаңы Саясий бюродо анын тарапкерлери гана калды. Мындай курам менен Си Цзиньпин Мао Цзедундан берки Кытайдын эң күчтүү лидери статусун бекемдеди.

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети шейшембиде Си Цзиньпинди үчүнчү мөөнөткө - дагы беш жылга партиянын башкы катчысы кылып шайлады. Ал ошондой эле ККП Борбордук Комитетинин Аскердик Кеңешинин төрагасы кызматын кайрадан ээледи.

Сиге чейин, Дэн Сяопиндин доорунан бери Кытайда бул кызматта эки мөөнөтөн көп шайланууга болбой турган чектөө бар болчу, бирок 2018-жылы өлкөнүн азыркы лидеринин демилгеси менен ал жокко чыгарылган.

Саясий бюронун жаңы Туруктуу комитетине кайрадан жети адам кирди, алардын баары Си Цзиньпин менен тыгыз байланышта деп эсептелинет. Саясий бюронун жаңы курамы өз адамдарын каалаган жерге отургуза алган Си Цзиньпиндин күчүнөн кабар берет, деп жазды “Карнеги фондунун” улук илимий кызматкери Александр Габуев.

"Ошол эле учурда, бул алсыздыктан да кабар берет – Си өзүнүн тарапкерлерине гана ишенет. Акыркы 10 жылда жаңы эрежелер менен ойноп, "партиянын өзөгүнө" толук берилгендигин көрсөтүшкөнүнө карабай Цзян менен Хунун (мурдагы лидерлер Цзян Цзэмин жана Ху Цзиньтао – ред. Би-Би-Си) тушунда карьера жасаган компетенттүү лидерлерден арылууга шашылды”, - деп жазды Габуев өзүнүн “Telegram” каналында.

Жыйын учурунда дүйнөнүн көңүлүн бурган, чоң талкууларга жем таштаган окуя болду. Президумда олтургандардын катарынан Ху Цзиньтаону ордунан тургузуп, жетелеп кетишти. Мунун чыныгы себеби эмнеде деп суроо салгандар арбын.

Си Цзиньпиндин катарындагы бош калган орунда Ху Цзиньтао олтурган эле

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпиндин катарындагы бош калган орунда Ху Цзиньтао олтурган эле

Анализ

Стивен Макдоналд, Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы

Биринчи жана эң айкыны - Си Цзиньпин дагы эле “рульда” жана кандайдыр бир саясий толкундоолор анын отставкага кетишине себеп болмоюнча ордунда кала берет.

Бул курултайдын жыйынтыгында Си Цзиньпиндин Коммунисттик партиянын “өзөгү” катары ишмердүүлүгүн улантуудан башка олуттуу “өзгөрүү” болорун эч ким күткөн эмес. Анын үстүнө, анын жаңы командасы толугу менен Синин ишенимдүү адамдары менен камсыздалган. Алар башка көз карашта болушу мүмкүн деп эч ким кыйытып да айтпайт.

Белгилүү бир мааниде, эң таң калычтуусу Ли Цяндын премьер-министр - өлкөдөгү номур экинчи киши болуп дайындалышы болду. Анткени эми ал Кытайдын экономикасын башкарат.

Шанхайдагы катастрофалык локдаунга алып келген адамдын (жыйынтыгында 10 млн адам үчүн тамак-аштын жетишсиздигине алып келген) экономикалык пландаштырууга жооптуу болушу Си Цзиньпин профессионализмге караганда берилгендикти жогору баалаарынын белгиси катары каралышы мүмкүн.

Жыйында тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыйында тартылган сүрөт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Башка бардык кемчиликтерине карабастан, Кытайдын Коммунисттик партиясы өзүн меритократия эсептелинээрин айтып мактанып келген, бирок бул дайындоо салтка каршы чыккандай.

Андан да жаманы, башкы катчы Си экономиканын кантип иштешин жана аны иштетүү үчүн эмне керек экенин так түшүнбөй тургандай сезим пайда болууда. Же жок дегенде ал муну артыкчылыктуу деп эсептебейт.

Си үчүн эң негизгиси – партиялык тартип жана ал лидер катары өлкөнү колдоо, калганынын баары чоң айырма менен экинчи орунда калууда.

Анын буга чейин чоң зыян келтирген “нөлдүк ковид” саясатына берилгендиги жана так чыгуу стратегиясынын жоктугу муну ырастап жаткандай.

Ошондой эле, бул жолу, кытай бийлигинин туу чокусунда турган жети кишилик комитетте бир дагы аял жок. Бул комитетте эч качан аялдар болгон эмес жана Си Цзиньпин бул салтты бузган эмес. "Төрттүн бандасынын" ("Банды четырех") учурундагы Маонун жубайы гана өзгөчөлүк болгон, бирок ал расмий кызмат ээлеген эмес.

Көптөр үчүн бул көңүл калуу болот, бирок күтүлбөгөн нерсе эмес.

Бир күн мурда, ККПнын съезди өтүп жаткан учурда президиумда отурган Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтао колдон жетелеп залдан чыгарылган.

Ошол эле күнү ККПнын съездинин делегаттары Борбордук Комитеттин жаңы курамын шайлашты жана төрага Си тарабынан Кытайга мүнөздүү социализм боюнча Коммунисттик партиянын уставына сунушталган түзөтүүлөрдү жактырышты.

Бул түзөтүүлөрдө, атап айтканда, Си Цзиньпиндин Борбордук Комитетте жана бүтүндөй партиядагы борбордук ролу баса белгиленет. Партиянын мүчөлөрү съезддин чечимдерине ылайык бул ролду терең сезип, аны сактап калуу жана чыцдоо үчүн бардыгын жасоого тийиш.

Мындан тышкары, съезддин чечимдери мурда уставга киргизилген “Си Цзиньпиндин жаңы доордогу кытайлык өзгөчөлүктөргө ээ социализм жөнүндөгү ойлорунун” жетектөөчү жана багыт берүүчү ролун ырастады.

ККПнын съезди Тайванга баланыштуу саясатты, мамилени кыйла эле катаалдаштырды. Эгер, уставдын ушул кезге чейин колдонулуп келген вариантында “кытай элинин, анын ичинде Тайвандагы мекендештердин биримдигин чыңдоо боюнча иш жүргүзүү жөнүндө гана кеп болсо, анда жаны редакцияда “сепаратисттерге” жана “Тайвандын көз карандысыздыгын жарыялоо аракетине” чечкиндүү каршы чыгуу жөнүндө айтылат.