Завахиринин өлүмү: АКШ “Аль-Каида” өч алышы мүмкүн деп эскертүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ “Аль-Каиданын” лидери Айман Завахири өлтүрүлгөндөн кийин жарандарын сак болууга чакырды.
*“Аль-Каида” - Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористтик уюм.
Анын өлүмү “Аль-Каиданын” тарапташтарын жана аны менен байланышы бар башка террордук топтордун америкалык объекттерге жана жарандарга кол салууга түрткү болушу мүмкүн деп эсептейт АКШ мамлекеттик департаменти.
Завахири жекшембиде күнү Ооганстандын борбору Кабулда америкалык учкучсуз учактын чабуулунан өлгөн.
Ал 2001-жылы 11-сентябрда 3000ге чукул адамдын өмүрүн алган АКШдагы эң ири теракттын уюштуруучуларынын бири деп эсептелинет.
Теги египеттик 71 жаштагы Завахири мурда дарыгер болчу - ал 2011-жылы Усама бен Ладен жок кылынгандан кийин “Аль-Каиданы” жетектей баштаган.
Завахиринин өлүмүн дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Жо Байден ырастады. Анын айтымында, Завахиринин өлүмү 2001-жылдын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүн сооротот.
Байден Завахири башка дагы зомбулук аракеттеринин артында турган деп кошумчалады. Анын ичинде 2000-жылы октябрда америкалык 17 деңиз аскерлеринин өлүмүнө алып келген Адендеги (Йемен) USS Cole америкалык эсминецти жардыруусу, 1998-жылы АКШнын Кения жана Танзаниядагы элчиликтерине кол салуу - анда 223 адам курмандык болгон.
“Мамлекеттик департамент Айман аль-Завахиринин 2022-жылдын 31-июлдагы өлүмүн эске алып, америкалык кызыкчылыктарга каршы зомбулуктун дагы жогорку потенциалы бар деп эсептейт, - деп айтылат мамдепартаменттин билдирүүсүндө. - Алдын ала маалыматтарга ылайык, террордук уюмдар АКШнын дүйнөдөгү көптөгөн объектилерине соккуларды пландаштырууну улантып жатат. Алар жанкечтилердин операциясын, киши өлтүрүү, адам урдоо, учактарды уурдоо жана жардырууларды камтыган кеңири тактикалык спектрлерди колдонушу мүмкүн”.
Мамлекеттик департамент АКШнын жарандарын чет өлкөлөргө чыкканда “жогорку деңгээлдеги сактыкты сактоого жана кырдаалда туура багыт алууга” чакырды.
“Ал-Каида” эмне болуп жатат?
Фрэнк Гарднер, коопсуздук боюнча кабарчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Аль-Каида” бир кезде чакан, борборлоштурулган, тыгыз байланышта болгон уюм болгон. Бүгүнкү күндө ал дүйнө жүзү боюнча, негизинен, башкарылбаган же начар башкарылган аймактарда чачырап кеткен тарапташтары бар глобалдык франшизага айланды.
Мисалы, Сомалиде “Аль-Каидага” караштуу “Аль-Шабаб” филиалы жихадчылардын алдыңкы тобу бойдон калууда.
Африка, өзгөчө түндүк-батыш Африкадагы Сахале “Аль-Каида” жана “Ислам мамлекети” (террорчу катары таанылган жана көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да тыюу салынган) сыяктуу жихадчыл топтордун жаңы согуш талаасына айланды.
Алардын көз карашы боюнча “динден чыккан” режимдер жана өкмөттөргө гана каршы эмес, бири-бири менен да салгылашат. Кагылышууда көбүнчө жай тургундар жабыркайт.
"Аль-Каида" мурдагыдай эле Жакынкы Чыгыштагы негизги террористтик уюм. Бен Ладен саудиялык, Завахири египеттик болгон, ал эми учурдагы жогорку жетекчиликтин дээрлик бардыгы арабдар.
Уюмдун мүчөлөрү Сириянын түндүк-батышында калууда, АКШнын аскердик дрондору жана атайын күчтөрү ал жерде рейддерди маал-маалы менен жүргүзүп, согушкерлердин жайларына сокку уруп турат.
Завахиринин өмүмүнөн кийин “Аль-Каида” жаңы лидер жана жаңы стратегия менен мурдагы таасирин жандантууну чечиши мүмкүн. Топтун коркунучу анын лидери менен кошо өлдү деп эсептөө акылсыздык болмок.












