Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Президенттин жарлыгына ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эмилбек Абдыкадыров

Сүрөттүн булагы, Bishkek.gov.kg

Эмилбек Абдыкадыров 2002-2005-жылдары Бишкекте вице-мэр болуп иштеген. 2008-2010-жылдары Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттиктин директорунун орун басары болгон. Кийин ишкерлик менен алектенгени белгилүү. Ошондой эле кийин ишкерлик менен алектенген. (КС)

Мэр кызматынан бошогон Айбек Жунушалиев мамлекет башчынын администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Бул кызматта мурда Кубат Кожоналиев иштеп жаткан эле.