Нүзүп миңбашы ким болгон?

Нүзүп бий Эсенбай уулу

Сүрөттүн булагы, Википедия

Папан Дүйшөнбаев, жазуучу

Ташкентти, Хожентти бошоткон баатыр

Нүзүп деген миңбашы болгонун, ал кыргыздардан, өзбектерден жана кыпчактардан куралган кошунду жетектеп, Коконго Бухаранын эмири отургузган марионетка ханды тактан кулатып, анын ордуна Таласта жылкычы болуп жүргөн Шералыны отургузгандыгын алгач Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан билгенбиз. Бирок, ага окурмандар анча деле маани беришкен эмес, жазуучунун "вымыселинен" жаралган кейипкер болсо керек деп коюшкан, тарыхчылардын айрымдары билишкен менен Т.Касымбековдун аталган романы пленумдарда катуу сындала баштагандан тартып, ачык даңазалап айта алышкан эмес.

Нүзүп миңбашы жөнүндө архивдерде документтер, тарыхый булактар жетиштүү болсо да анын өмүр жолун, аткарган иштерин изилдеп, жарыялоо көз карандысыздыктан кийин гана башталды. Тарыхчы илимпоз Жээнбек Алымбаев 2000-жылы “Шам” басмасынан “Нүзүп бий” деген эмгегин, 2013-жылы “Кокон хандыгы жана Нүзүп миңбашы” деген монографиясын жарыялады. Булар Нүзүп миңбашы жөнүндөгү тарыхый жазма булактарга негизделген алгачкы илимий эмгектер болуп саналат.

Китепте Нүзүптүн атасы Эсенбай датка да Кокон хандыгында таасири, салмагы бар инсан болгону, жашынан кат тааныган Нүзүп ордого келип кызмат кылып, он башыдан паңсаттыкка (беш жүз башы), анан миңбашыга, аталыкка чейин өсүп жеткени чагылдырылат. Ал жүз башы болуп жүргөндө Кокон хандыгынын Караколдогу чебинин курулушун жетектейт. Фергана өрөөнүндөгү бир катар шаарлардагы, кыштактардагы чептерди бекемдөөгө да катышат.

Мадали хандын тапшырмасы менен 1831-жылы Пекинге элчилерди жетектеп барып, соода, чек ара иштерин жөнгө салуу боюнча хандын атынан 4 пункттан турган келишим түзөт. Хандыктын Анжиан, Наманган, Каратегин, Ташкен, Бадахшан, Шуган, Рушан тараптардагы иштерин жөнгө салып, мурдатан жакшы тааныш болгондуктан же Шералыны убагында Эсенбай датка Таласка качырып келип жайгаштыргандыктан, анын үстүнө жашында экөөсү достошкондуктан ага да тез-тез жолугуп турат.

Нүзүп жетектеген кыргыз бийлеринин жардамы менен Шералы такка отургандан кийин хандын атынан иш жүргүзгөнгө толук укук берген аталык наамын алат. Ал он миңдеген жоокерлерден турган чоң кошуунду жетектеп, Ташкент, Хожент, Бука сыяктуу шаарларды Бухаранын эмиринин баскынынан бошотуп, кайра Кокон хандыгына каратат.

Кудаяр хандын катчысы эмне дейт?

Нүзүп жөнүндөгү экинчи кеңири маалыматтар Кудаяр хандын тушунда анын катчысы, иш башкаруучусу болуп иштеп турган ноокаттык ичкилик кыргыз Зиябидин Максымдын 1888-жылы чагатай тилинде жазылган “Фергана хандарынын тарыхы” деген эмгегинде камтылган. Түркиядагы архивдердин биринен табылган ал эмгек кыргызчага которулуп, 2007-жылы китеп болуп чыккан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кудаяр хан артында өзү жөнүндө “Бабур наамэдей” дастан калтырууну эңсеп, Зиябидин Максымга ордодо көргөндөрүн, билгендерин, уккандарын кагазга түшүрө берүүнү тапшырып, аны маал-маал окуттуруп угуп жүргөн да көрүнөт. Китептин 66-бетинде Кудаяр хандын атасы Шералы хан жөнүндө “Ханзаданын тузун таткан жан-жөкөрлөрүнүн бир канчасы качып жүрүшкөн, алар ханзадалардын бирөөсү (Шералы, П.Д.) 12 жашында шаардан чыгып кеткенин билер эле. Андан бери көп жылдар өттү. Ал шахзада кайда экенин башкалар билбейт, билгендердин ошондон үмүттөрү чоң эле...Жусуп миңбашы ( Нүзүп П.Д.) деген баатыр ал шахзаданын аталарына кызмат кылган эң жакын кишилеринен эле. Күндөрдүн биринде ал “ошол шахзаданы таппасам Кокон шаарына кадам койбойм!” деп касам ичти да, жигиттерине “ошол шахзаданы тапкыла!” деген буйрук берди. Ошентип жигиттер туш-тушка кетишти. Жусуп миңбашы өзү бир топ жигиттери менен Талас тарапка жол тартты”- деп айтылат. Андан кийин Шералы хан көтөрүлгөндө ага дайыма сол тарабынан орун бергендиги көрсөтүлөт, оң жагында эң башкы дин өкүлү болгон.

Зиябидин Максымдын эмгегинде Нүзүп миңбашы аскерлерди жетектеген кол башчы гана эмес, согуштарда өзү жекеме-жекеге чыгып, душмандарын кылыч менен бөлө чапкан баатыр катары да сүрөттөлөт (108, 111, 139, 140 бб.). Ошондой эле анын 30-40 миңден кол баштап, кызыл кыргындарда жеңишке жетишип, жеңилгендерди кечире билген айкөлдүгү да айтылат. Ал Нүзүп миңбашынын Ташкентти Кокон хандыгына каратуудагы согуштагы бир эрдигин төмөндөгүдөй сүрөттөйт. “Жусуп миңбашы Кудайдан жардам сурап, экөөнүн тең кылычын кайтарды.Экөөнүн шамшарын эки жакка учура чапты. Анан экөөнүн кулагынан кармап, баштарын кагыштырып жарды да мышык чычканды кармагандай кылып, Шахзаданын алдына таштады... Жусуп миңбашы “эр болсоң чык!” – деп майданда турду” (148-б.).

Миңбашынын мындай эрдиктерин даңазалоодон кийин анын шахзада Малабек менен айтыша кеткени, анан көп күндүк салгылашуулардан кийин Ташкендин эмир дайындаган беги Мамашарип аталыктын аскерлерин жеңип, өзүн шаардан кууп чыкканы айтылат. Ошол убакта ханзаада 13 жашта болгонун эске алганда (156- б.), жеңиштин чыныгы ээси Нүзүп миңбашы экени анык болот. Автордун айтымында, Нүзүп миңбашы өзү өлтүрүлгөнчө дайыма биринчи же экинчи жоокер башы ( формалдуу түрдө ляшкер башы катары ханзадалардын бири эсептелген) болуп жүрүп, хандыкты бекемдөөгө, анын душмандарын талкалоого абдан чоң салым кошкон. Ал ошол эле мезгилде Кокон хандыгына караган аймактардагы кыргыздардын лидери, алардын талаптарын коргоочусу да болгон.

Нүзүп Шералынын чокоюн маңдайына илдиргенби?

Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романында жазылгандай, Нүзүптүн Шералынын чокоюн тактысынын маңдайына илдиртип койгону Зиябидин Максымдын китебинде айтылбайт. Эгерде чындап эле ошондой болгон күндө деле Шералы ханды, анын балдарын жомоктордун каармандарындай апырта сүрөттөп жаткан автор ал тууралуу ооз ачмак эмес. Антсе аны Кудаяр хан аёосуз жазалатмак. Бирок, мында белгилей кетчү нерсе, ордодогулардын ханзада Шералынын кайда экендиктерин билишпегенине караганда ал Нүзүп таап баргыча З.Максым жазгандай, короо-короо койлору, өрөөнгө батпаган жылкылары бар, элдин баары урматтаган атагы таш жарган бай эмес, Нүзүп миңбашыдан, Аксыдагы кайын журтунан башка эч кимге белгисиз инсан болгон. Дагы бир кошумча, Шералынын аялы З.Максымдын китебинде көп кайталанган Жаркынайым айрым ары жок тарыхчылар жазышкандай, таластык Асперди же Ажыбай датканын эмес, аксылык Токтоназар бийдин кызы болгон. Нүзүп Шералыны Коконго алып жөнөгөндө алгач анын кайын журтунун айылына же Аксынын Кара-Суу деген жерине алып барган. Токтоназар бийдин урпактарынын бир бөлүгү азыр деле Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Топ-Жаңгак деген айылында жашашат.

Ж.Алымбаевдин китебинде Нүзүптун дайыма бетке чабарлыгы, өткүрлүгү менен айрымаланган инсан болгону айтылса, бул З.Максымдын эмгегинде да ырасталат. Анын мындай сапаты негизги атаандаштары хандыктагы тажиктердин лидери Шады, кыпчактардын билерманы Мусулманкул миңбашыларга гана эмес, белгилүү деңгээлде хандын өзүнө да жаккан эмес. Бирок ал өзүнө чоң жакшылык кылган, жаштайында касам ичишип достошкон, экинчи жагынан кайын агасы да болгон миңбашынын андай жоруктарына чыдаган. Т.Касымбеков жазгандай, анын негизги атаандаштары-ордодогу кутумдар аны адегенде Маргалаң шаарына аким кылып жөнөтүүгө ханды көндүрүшөт. Анда деле ханга таасири азайбагандан кийин кандай жол менен болбосун көзүн тазалоого аракеттенишет.

Нүзүптү кантип өлтүрүшкөн?

Нүзүптүн өлтүрүлүшү боюнча тарыхый булактарда төмөндөгүдөй варианттар бар: Биринчиси, З.Максымдын эмгегине ылайык, Шералы хан Мухаммед Назарбек деген адамды Ташкентке бек кылып дайындайт. Ал сүйүнүп жөнөп жатканда Жунус деген датка ага: “этият болуң, артыңыздан жете барган адамды кармап тинттириң” деп шыбырайт. Мухаммед Назарбек шаардан чыгары менен артынан келаткан атчан адамды жигиттерине карматып тинттирсе, анын жанынан “Мухаммед Назарбек Ташкентке барары менен өлтүрүлсүн” деген хандын мөөрү басылган жарлык чыгат. Аны көргөн Мухаммед Ташкентке барбастан тоо тарапка качып кетет. Чындыгында ал жарлык тууралуу Шералы хан билбеген болот. Муну уккан Нүзүп хандын дарегине таарыныч сөздөрдү айтат. Бул ордонун катчысынын жымсалдап жазганы.

Чындыгында Нүзүптүн мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө, ансыз деле ханга ичи чыкпай жүргөнүн эске алганда, ал Шералы хандын дарегине Т.Касымбековдун романында чагылдырылгандай, “атала”, “жетеленме” дегендей ачуу сөздөрдү айткандыгын баамдоого болот. Андай сөздөр көбүртүлүп-жабыртылып, апыртылып ханга жеткирилген менен деле Шералы андай сөздөргө ишенген эмес. Качан тажиктердин лидери Шады, кыпчактардын билерманы Мусулманкул экөөсү биригип,”ордону кыргыздар ээлеп алды, аскер башылык тажиктерге же кыпчактарга берилиши керек. Болбосо...” деген ультиматум коюшкандан кийин Нүзүп ордун алардын бирине берип, Маргалаңга бек болуп кетүүгө макулдугун берет. Ал убакта Маргалаң вилайетинин аймагына азыркы Фергана, Баткен облустарынын аймактары, Коженттин бир бөлүгү кирген.

Тарыхый булактарда, Нүзүп Маргалаңга бек болуп баргандан кийин көчөлөрдү, мазарларды тартипке келтирүүгө, арыктарды, каналдарды салдырганга, жетим-жесирлерге жардамдашууга аябагандай чоң көңүл бургандыгы айтылат. Ал “Искендер падыша” деген жайды оңдоттуруп, азыркыча айтканда 30-40 балалык интернат ачтырса, аялы Толгонай жетимдер үчүн 1 тегирмен, 2 дүкөн, 30 танап жер саттырып берет.

Нүзүп Маргалаңга бек болуп кеткени менен Шералы хан анын миңба¬шылык даражасын сактайт, ага тез-тез жолугуп, ички-тышкы маселелер боюнча дайыма акылдашып турат. Чек арага байланышкан маселелерди жөнгө салып келүү үчүн 1844-жылдын башталышында Шералы хан Нүзүптү Бухаранын эмири Насруллага жиберет. Ал Бухаранын эмирине жолугуп, Оро-Төбөгө байланышкан чек аралык жаңжалды чечип келет. Ага ичтери күйгөн Шады менен Мусулманкул “Нүзүп Бухаранын эмири менен сүйлөшүп, Шералы ханды кулатып, бийликти ээлеп алганы жатат” деген ушактарды таркатышып, андай сөздөргө далил катары жалган документтерди жасашып, ханга кокустан табылгандай кылып көрсөтүшөт.

Бирок, Шералы хан андай ушактарга да көңүл бурбагандан кийин Шады менен Мусулманкул өз ара сүйлөшүп, Сапар төрө деген устага Нүзүптүн мөөрүн жасаттырышып, анын атынан бектерди ханга каршы көтөрүлүшкө чакырган каттарды даярдашып, мөөрдү басып, анан “алардын бир нечесин жолдон карматып алдык” деп ханга алып келип көрсөтүшөт. Шералы хан ага да ишенбей Нүзүптү ордого чакыртууга буйрук берет. Кутумдуктарынын бети ачылып кала турганынан коркушуп, Нүзүп жигиттери менен ордого келатканда Жармазар деген жерден кармап алып өлтүрүшөт. Бул маалыматты ошол доордун тарыхчысы В. Наливкин ырастайт. Андан кийин Мусулманкул миңбашы ханга келип: “Нүзүп жигиттери менен Бухарага качып бараткан жеринен алдын тозсок, өзү биринчи бизге кол салып, чабышта өлдү. Тирүү кармабаганы үчүн үч жигиттин башын алдырттым” деп кабарлайт.

Нүзүптүн өлүмүнө байланыштуу Кокон хандыгында эки күндүк аза күтүү жарыяланып, Жармазарга 40 боз үй тигилип, аны акыркы сапарга уза¬тууга бардык аймактардан өкүлдөр чакырылат.Бул, албетте, Шералы хандын кутумдардын сөздөрүнө ишенбегендигин айгинелейт. Гариб Маргиланинин маалыматына ылайык, Жаркынайым өтө катуу кайгырып, он беш күн он канат боз үйдон чыкпай аза күтөт. Шады, Мусулманкул мөөр жасоочу уста Сапар төрөнүн көзүн да тездикте тазалашат.

Булардын бардыгы тарыхый документтердин негизинде, алар аркылуу даярдалган эмгекте чагылдырылган материалдар. Демек Нүзүп миңбашы кыргыз мамлекеттигинин бир этабынын калыптануусуна реалдуу салымын кошкон, алгач кыргыздардын арасында чоңойгон Шералыны алып барып хандыкка отургузса, кийин хандыкта аталык, аскербашы, вилаятта бек ката¬рында эл-журт башкарып келген, дипломатиялык иштерди да аткарган тарыхый инсан.

Бизде даңазаланып жаткан хан, датка, баатыр дегендер Нүзүптөй он миңдеген регулярдуу аскерлерди жетектеп, Ташкент, Коженттей шаарларды багындырмак түгүл, Кара-Колго же Токмокко, Жалал-Абадга деле ээлик кыла алышпаган, аркаларынан аттуу-тондуу, жарактуу 100 жигитти деле ээрчите алышкан эмес, бардык күчтөрү кошуна уруулар менен жоолашканга, чабышканга чыккан “кызыл союлдардан” болушкан. Алардын фонунда Нүзүп миңбашы лилипуттардын арасындагы Геркулестей тарыхый фигура болуп саналат.

Биз даңазалуу миңбашынын өмүр жолун, эрликтерин, хандыктагы ошо убактагы абалды, Бухаранын эмири кокондуктарга эрегишкендигинин себебин ж.б. “Жармазардагы акыркы кеч” (Нүзүп миңбашы) деген романыбызда акыбалыбыз жетишинче кеңири чагылдырганбыз.