Тарых: Курманжан датка сабаттуу болгонбу?

Мындан толук 111 жыл мурун - 1907-жылдын 1-февралында кыргыз тарыхында чоң орду бар, мамлекеттик жана аскер ишмери Курманжан датка жерге берилген.

«Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү болгон Курманжан датка тууралуу көп тарыхый эмгектер жазылды. Бүгүн биз окурмандарга тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун иликтөөлөрүн айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

Курманжан датка

Сүрөттүн булагы, Wikipedia.org

Курманжан датканын өмүр таржымалын үстүртөн билген айрым тарыхчылар менен адабиятчылар кат-сабаты жоюлганын бышыкташып, билимдүү көргөзүүгө аракет кылышат. Алар даткага араб ариби менен кыргыз, өзбек, фарсы тилинде ырларды, каттарды жаздырышат. Ал түгүл анын күн сайын күндөлүк жазганын ырасташат.

Ушул сыяктуу маалыматтарды мисалга тартышып, Курманжан датканын кадыр-баркын арттырууга аракеттенишет. Ал эми тарыхый чындык алардын ашкере аракеттерин бышыктабайт, датканын сабаттуу болгонун ырастабайт. Мындай жасалма апыртып-көбүртүүгө анын бай өмүр таржымалы муктаж да эмес.

Анткени ал тууралуу сакталып калган архивдик даректер анын кат жаза албаганын ырастап, күндөлүк жазбагандыгын күбөлөйт. Биздин колубуздагы ар кайсыл архивдерден алынган даткага тиешелүү каттардын көчүрмөсү да аны төгүндөйт. Бул каттардын ар бирине анын мөөрү коюлуп, ага тиешелүү болгону менен, жазылышы жагынан бири-бирине окшобойт. Бери болгондо эле 3-4 адам тарабынан жазылгандай. Ар бир каттын аягында бул катты бышыктоо үчүн Курманжан датка өз мөөрүн басат деп жазылган.

Ал эми өзбекстандык белгилүү тарыхчы Хайдарбек Бабабеков менен адабият изилдөөчү Сатыбалды Мамытовдун "датка фарсы тилинде Зыйнат деген жашыруун ысым менен ыр жазган, ал ырлар Омор хандын мезгилинде (1818-ж.) басылган "Маджму-аш-шу ара" ("Акындардын ырлар жыйнагы") аттуу жыйнакка басылган" деген тыянактары дагы тарыхый чындыкка эч коошпойт. Анткени ал мезгилде Курманжан датка болгону 7-8 жаштагы кыз болгон.

Ал эми аты белгисиз секелек кыздын ырлары жашыруун ысым менен фарсы тилинде, болгондо да хан сарайында басылышы акылга сыйбас нерсе. Күндөлүк жазып жүргөн деген жоромолдорго жооп берүүнүн деле зарылдыгы жоктой. Ошол эле учурда көчмөн турмушта жашаган кыргыздардын сабаттуулугу китеп окуп, кат, күндөлүк жаза албагандыгы менен бааланбашы керек. Тамга тааныбаганы менен миллиондогон сапка ээ "Манас" эпосу баш болгон дастандарды жаңылбай жатка айткан, нотасыз эле татаал кайрыктагы обон-күүлөрдү чыгарып, дароо эсине тутуп, укканын жаңылбай кайталаган кыргыз туюму менен эстутуму сабаттуу адамдарды таң калтырып келгени жалганбы?

Курманжан Датка Кокон хандыгына барган сүрөт. Оңдо уулу Асанбек.

Сүрөттүн булагы, Булак: Ювачёв И.П.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманжан Датка Кокон хандыгына барган сүрөт. Оңдо уулу Асанбек. Булак: Ювачёв И.П. Курбан-Джа-Датха, кара-киргизская царица Алая // Исторический вестник. № 12, 1907. Восточная литература.

Курманжан датка да тамга тааныбаганы менен миңдеген сап ырларды эсине сактап, жатка айталган. Кошкон кошоктору аңызга айланып, азыркыга чейин айтылып келүүдө. Гезит-журнал окубаганы менен өз мезгилиндеги жаңылыктар менен кабардар болуп турган. Курманжан датка менен жолуккан Б. Л. Тагеев аттуу автор жакында эле каза болгон генерал Скобелевдин өлгөнүнөн кабары бар экенин жазса, Маркова деген саякатчы аял Курманжан датка Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы жаңылыктар тууралуу сурап, ал жактагы күчтүү дарыгерлерден кабары бар экендигин эскерет. Мына ушундай сүйлөшүүлөрдөн соң датканын ой чабытынын кенендигине, акыл көрөңгөсүнүн тереңдигине күбө болушкан илим-билимге сугарылган европалык саякатчылар кийин суктануу менен жазышкан.

Алыстан ат арытып келген конокторду атайын темир кроваттар коюлган боз үйгө түнөтүп, Европанын шарты менен экинчи бир боз үйдө, дасторконун дүр-дүнүйө таттууларга жайнатып сый-урматын көргөзгөнүн Алайга келген көпчүлүк саякатчылар саймерендеп жазып калтырышкан. Андан соң гана атайын тигилген өзүнүн ак өргөөсүндө келген конокторду кабыл алып, кызыктырган жана кызыккан темада сүйлөшкөнүнө таңданышкан. Датка менен жолуккан бардык саякатчылар менен ар кыл коноктор акылынын тунуктугун, тубаса дипломатиялык касиетин, меймандостугун жогору баалап, ошол кездеги басылмаларга жазышкан, эмгектеринде эскеришкен.

Саякатчы жана Финляндиянын болочоктогу президенти Густав Маннергейм Курманжан датканын боз үйүндө. Солдон оңго: Густав Маннергейм жана франциялык чыгыш таануучу Поль Пеллио, Курманжан датка жана небереси.

Сүрөттүн булагы, Wikipedia.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саякатчы жана Финляндиянын болочоктогу президенти Густав Маннергейм Курманжан датканын боз үйүндө. Солдон оңго: Густав Маннергейм жана франциялык чыгыш таануучу Поль Пеллио, Курманжан датка жана небереси.

Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору С. Х. Духовскийдин жубайы Варвара Духовская "Түркстан эскерүүлөрү" деген китебинде, Ош шаарынан 87 жаштагы (1898-ж.) Курманжан даткага кезиккенин, жолугушууга эки баласынын коштоосунда келген датканы античтик Гракхтардын энеси Корнелияга окшоштурганын жазган. Андан ары ал датканын мыкты сапаттарын суктануу менен эскерген. Жогоруда учкай гана келтирилген мисалдар Курманжан датка өз доорунун сабаттуу, аң-сезими алдыга озгон бийик инсаны болгонун бышыктайт. Анын тунук акылы сабаттуу адамдардыкынан да алда канча өйдө турганын ырастайт. Бул көчмөн элдин улуу касиеттеринин айныксыз далили эмеспи.

Мээнеткеч айым, мээрман эне

Курманжан датканын даңазасын арттырган, атын алыска таанылткан дагы бир башкы жагдай, анын энелик улуу касиети, мыкты тарбияланган уулдары, неберелери. Датканын тарбиясында өскөн уулдар өз мезгилинин алдыңкы инсандарынан, журт башкарган билермандардан болушкан. Алардын жалгыз эненин эмес жалпы элдин уулу болушуна албетте Курманжан датканын таасири зор.

Курманжан датка

Сүрөттүн булагы, Булак: Ювачёв И.П. Курбан-Джа-Датха, кара-киргизск

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Булак: Ювачёв И.П. Курбан-Джа-Датха, кара-киргизская царица Алая // Исторический вестник. № 12, 1907. Восточная литература.

Алымбек датка ар убак мамлекеттик иштер менен алыскы сапарда жүргөндүктөн, балдарга баш көз болуу, аларга мыкты тарбия берүү жубайына жүктөлгөн. Ал өз балдарына гана эмес, ошол чөлкөмдөгү мыкты чыкма балдарга да кам көрүп, туура тарбияланышына көз салып турган. Ошол кезде кыргыздар үчүн ал Умай эне сымал эле. Мына ошондуктан анын уулдары да атасындай элдин керегине жараган, журт башкарган мыкты инсандар болуп жетилген. Өгөй болсо да өз баласындай болгон Жаркынбайы (айрым маалыматтарда бир тууган кайниси) Оштун акими болуп туруп, 1865-жылы Ташкент шаарын генерал Черняевдин баскынчыл жортуулунан коргоо учурунда Алымкул аталыктын жанында жүрүп курман болгон.

Тун уулу Абдылдабеги 1865-жылдан агасынын ордуна Оштун акими, Полот хандын боштондук күрөшүнүн мезгилинде башкы аскер жетекчилеринин бири болуп, ал хан тактысын ээлеген соң ордо калаа Кокондун акими болгон. Алайдын көз карандысыздыгы үчүн өмүрүнүн акырына чейин баскынчыларга каршы согушкан. Баатырбеги Кашкардын бакдөөлөтү Жакыпбектин ишеним арткан жакын адамы, кийин Кудаяр ханды тактыдан кууганга активдүү аралашып, Орус падышачылыгынын заманында Булак-Башы болуштугунда болуш болгон.

Маамытбеги Абдылдабек менен бирге Ооган жерине чейин кошо кетип, кийин Гүлчөнүн болушу, Асанбеги Ноокаттын болушу, Камчыбеги Алайдын болушу болуп турган. Курманжан датканын неберелери да эл кадырлаган эр азаматтардан болушкан. Уул-неберелеринин эл арасындагы кадыр-баркы, таасирлери Курманжан датканы көкөлөтүп, сый-урматка бөлөп турган.

Курманжан датка 1894-жылы падышалык төбөлдөргө жолдогон бир катында өзүнүн үй-бүлөсү, уулдары тууралуу сыймыктануу менен: "Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң атасы мурдагы мусулман (Кокон - К. М.) хандарына жана бектерине ак ниеттери менен берилип кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан. Эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өзүлөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге таанымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген", - деп жазган. Курманжан датканын үй-бүлөлүк кредосу мына ушундай болгон. Анын мээнетин уулдары, неберелери ак кызматы менен акташкан. Ар убак элдин артында эмес, алдында болушкан. Улут намысын бекем сакташкан.

Датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы

Курманжан датка

Сүрөттүн булагы, Wikipedia.org

Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шаан-шөөкөттөр менен бирге оор жоготуулар, кайгы-капа такай коштоп жүргөн. Жамандык учурундагы көчмөн элге ылайык адаттан тыш көтөрүмдүүлүгү айланасындагыларды таң калтырган. Жакшылыкка да жамандыкка да бирдей караган. Жакшылыкка көппөгөн, жамандыкта чөкпөгөн өзгөчө сабырдуулугу менен айырмаланган. Алгач Алымбегинен ажырап, балдары жетим, өзү жесир калды. Канчалык кайгырып жоктосо да ал чөкпөдү, кайра чыңалды. Алымбек датканын бүтүндөй түйшүгүн, эл алдындагы жоопкерчилигин өзүнө алды. Өмүрүнүн аягына чейин ал милдетти айныксыз аткарды. Андан көп өтпөй Ташкент шаарынын алдындагы согушта (1865-ж.) Жаркынбайы курман болду. Анын аза кайгысын тартты. Уулдары ар убак эркиндик үчүн күрөштөрдө эл башында туруп, кыл чайнашкан катаал окуяларда алдыңкы катарда жүрүштү. Эне катары ал балдарынын амандыгын алыста жатып тилеп келди. Жаман кабар келбесин деп жүрөгү сыздап, жүлүнү бошоду. 1876-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоодо Абдылдабеги баш болгон уул-неберелери Ата-Журтунан алыска кетип, ал жерден Абдылдабеги каза болуп кайтпай калды. Тун уулунун оор кайгысын тартты. Мал-мүлкүн, ээлеген жерин падышалык өкүмзарлар тартып алышты.

Ага муюбады. Курманжан датканын эл арасындагы кадыр-баркын төмөндөтүү максатында 1893-жылдагы төрт бакылоочунун өлүмүн шылтоолоп, күнөөсүн далилдебей туруп падышалык админстрация эң кенже сүймөнчүк уулу Камчыбегин энесинин көз алдында даргага асты (1895-ж.). Уулдарынын бардыгын болуштук кызматтан четтетти. Уулу Асанбекти, неберелери Мырзапаяс, Арсланбекти Иркут губерниясына сүргүнгө айдатты. Бул кайгылуу окуялар Курманжан датка үчүн өтө оор тийген. Бирок алардын бардыгын көтөрүүгө мажбур болду. Камчыбегинен бир жыл өтпөй 1896-жылы уулу Баатырбегинин сөөгү жерге коюлду. Эне үчүн балдарынын өлүмүнөн оор бул дүйнөдө эч нерсе жоктур.

Мүрзө - Курманжан Датканын жана анын уулу Камчыбектин мүрсөзү. Камчыбек 1895-жылы өлүм жазасына тартылган.

Сүрөттүн булагы, Булак: Ювачёв И.П.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мүрзө - Курманжан Датканын жана анын уулу Камчыбектин мүрсөзү. Камчыбек 1895-жылы өлүм жазасына тартылган. Булак: Ювачёв И.П. Курбан-Джа-Датха, кара-киргизская царица Алая // Исторический вестник. № 12, 1907. Восточная литература.

Курманжан датканын көз алдында жалгыз баласы эмес, төрт баласы (Жаркынбайы менен), өмүрлүк жолдошу көз жумуп отурбайбы, каран күндүкү! Анын өмүр баянын алгачкы жолу кеңири изилдөөгө алган И. П. Ювачевдин жазганы боюнча Курманжан датканын урпактарынын саны көзү тирүүсүндө 183 адамга жетип, алардын 85и анын көз алдында каза болуп, кошок айтып түбөлүк жайына узаткан. Мына ушундай кайгы-капалуу турмушту башынан кечирген Курманжан датка өзү 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн көзү өткөн. И. П. Ювачев 1907-жылы Ошко келгенде Курманжан датканын урпактарынан 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 кыбырасы) жашаарын жазган. Совет доорунда Курманжан датканын бүтүндөй урпактары куугунтукталып, көптөгөн запкыларды баштарынан кечиришти. Алар датканын урпактарыбыз деп айткандан чоочулашып, энеси тууралуу эл алдында оозана алышчу эмес. Эркиндиктин жыргалын алар 90-жылдардан кийин гана билишти.

Ошентип, Курманжан датканын башынан канчалык шаңдуу, кайгылуу окуялар өтпөсүн, ал баарын: жакшылыкты да, жамандыкты да көтөрө билген. Анын мындай чыдамкайлыгы, кайраттуулугу көпчүлүктү таң калтырткан, душмандарын алдастаткан. Жыйынтыктап айтканда, Курманжан датка ХIХ кылымда аялзатынын арасынан суурулуп чыккан теңдеши жок зор инсан. Анын кылым карыткан өрнөктүү өмүрү, аткарган иштери, аялзатында чанда кездешүүчү касиеттери келечек муун үчүн унутулгус сабак, өчпөс шам чырак.

Кыяс Молдокасымов - Тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер