Болот хандын Борбордук Азиянын тагдырын аныктаган саясий эрдиги

Сүрөттүн булагы, Ташманбет Кененсариев
- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, коомдук ишмер
Болот хандын Борбордук Азиянын тагдырын аныктаган саясий эрдиги.
(Болот хан Исхак Асан уулу тууралуу очерк)
Орто Азиянын соӊку тарыхында татаал шартта, опурталдуу кырдаалда өтө кызыктуу жана чечүүчү роль ойногон, ушул аймактын тагдырын аныктаган саясий, согуштук окуялардын негизги каармандарынын бири Болот хан. Чыныгы аты Искак Асан уулу. Болот хан орустар жазган тарыхнаамада Пулат хан деген ысым менен белгилүү. Бул жергиликтүү элдин ысымын, адам аттарын, географиялык аталыштарын, сөздөрүн тили келип турса да атайы бурмалап айтып көнүп алган шовинизмдин көрүнүшү. Искак Асан уулу аттуу тарыхый инсан 1844-жылы Охна айылында туулган. Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Түндүгүнөн Катыраң-Тоо, чыгышынан Пурапим-Тоо, батышынан Катыраң-Башы, Шиме-Тоо, түштүгүнөн Шыбалы-Тоо, Кардаган, Курсала тоолору менен чектешкен Охна өрөөнүнөн эки мыкты инсан - бири Искак Асан уулу Болот хан атанып, кыргыз уруу башчылары өз мамлекети кылгысы келген Кокон хандыгын ээлейм, ал аркылуу Ферганага таасир этем деп чоӊ жүрүшкө аттанса, экинчиси Абдыкадыр Орозбеков, кыргыз элине кызмат кылам деп кара жанын карч урган экен. Бири 29 жашында хан көтөрүлүп, кол жетектеп, эл башкарып, Кокон хандыгынын пайдубалында эркин мамлекет түптөйм деп кармашып, 32 жашында дарга асылат. Экинчиси 34 жашында, 1925-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун төрагалыгына, бир жылдан соң Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп шайланып, кийин репрессияланган мамлекеттик ишмер, жаӊы доордогу кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран муундун өкүлү.
Искак (Ицхак יצחק, башкача аталышы Исаак, иврит тилинде - жайдары) Асан уулу ичкилик уруусунун бостон уругунан. Адегенде атасы Асан молдо мударис болуп иштеген Кокондогу "Түнкатар", кийинчерээрк Маргалаңдагы "Ак медреседе" билим алган. Кийин ал бир аз убакыт бою имамдык кызматтарды аткарган. Искак өз заманынын билимдүү инсаны болгон. Тарыхый маалыматтарга ылайык, ал кездеги медреселелерде окутуу азыркыдай элементардуу диний билим, жаттама хадистер менен чектелген эмес. Араб тили, куран, ислам укугунан тышкары география, тарых, астрономия, арифметика, табият таануу билимдери окуткан. Х-ХII кылымдар ислам мамлекеттеринде илим, билим, искусство, архитектура, адабият, поэзия, айтор маданияттын көп тармагы гүлдөгөн, Батыш окумуштуусу А. Мец "Мусулман Ренессансы, Ислам Ренессансы" деп таасын баасын берген жаркын доор. Ал кездеги ислам илимдин, билимдин, адабият менен искусствонун дүркүрөп өсүшүнө өбөлгө түзгөн цивилизация болуп, караӊгылыктан, түркөйлүктөн алыс эле. ХVIII-ХIХ кылымдагы медреселер ошол "Ислам Ренессансы" убагындагы традицияга негизделип, билим берүүнүн мыкты үлгүлөрүн али жогото элек болчу. Алдыга сүрөгөн өмүр максаты бар, акылы курч, жигердүү, тайманбас, тынчы жок жигитти диний ишмердин каръерасы канааттандырбаса керек, 1867-жылы Искак окуусун таштап, Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына туугандарынын арасына келет. Элеттин жай чарбасына канааттанбаган, дилинде орошон окуяларды эӊсеген, айлана-тегеректеги окуялардан кабары бар Искак Анжиян шаарына келип, бир аз туруп калат. Соода иши менен Ташкенге келип жүрүп, ал жерден Алымкул аталыктын үзөӊгүлөшү, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун аталык менен таанышып, анын ишенимине кирип калган кезде керт башынын жана хандыктын эле эмес, бүтүндөй региондун калкынын тагдырын чечкен окуяга туш болот, тарыхый миссияга баш байлайт.

Сүрөттүн булагы, wikipedia
Кокон хандыгы кыргыздар үчүн түрдүү мааниге ээ. Кай бир кезде Кокон хандыгы кыргыз элитасын канааттандырып келген, кээ бир учурда кыргыз урууларынын мүдөөлөрүнө жана максаттарына каршы хандык болгон. Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймактарын жерлеген, Анжиян, Жизакты байырлаган, Алай тоо кыркаларын этегинде, Баткен, Лейлек, Ура-Төбө аймагында үстөмдүк кылган кыргыз уруулары теократиялык Бухара эмирлигине баш ийген монархиялык түзүлүш - Кокон хандыгына карата бир беткей мамиледе болгон эмес. 1709-жылы көчмөн уруулардын колдоосу менен уюшулган, алгачкы хандары Султан Бабырдын тукмумдары болгон Кокон хандыгын кыргыз уруу башчылары каалагандай калчап, хандарды, бектерди улам алмаштырып, факт жүзүндө бийлик жүргүзгөн. Улам бир уруу башчысы, удулу келгенде өзүнө жакпаган ханды ордодон кууп чыгып, ордуна миӊ тукумунан, хан тукумунан хан шайлап, өзүн аталык жарыялап, чыныгы бийликти өзү жүргүзгөн. Алымкул аталык, Мусулманкул аталык, Нүзүп аталык ж.б. мисалы буга далил. Албетте, хандык толугу менен кыргыз урууларынын баарынын кызыкчылыктарына жооп берген эмес. Кыргыз элинин айрым уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары, башкача айтканда, өз алдынча мамлекет тууралуу түбөлүк идеясын канааттандыруунун учурдагы жолу катары эсептеп, бирде колдоп, бирде касташып, бирде ээлеп алып, бирде жолобой, кыскасы түркүн мамиледе болуп келген.
Түштүктү жердеген кыргыздардын, Фергана өрөөнүндөгү кыпчак урууларынын жана башка этникалык топтордун Кокон хандыгына каршы аралаш күрөшү орус тарыхнаамасында Кокон көтөрүлүшү деген ат менен белгилүү. Маселени ар тараптуу өӊүттөн карашыбыз керек.
Биринчиден, ХVIII кылымдын 60-жылдарынын аягында жана 70-жылдарынын башында Кокон хандыгынын калкы, анын ичинде ошол аймактагы кыргыздар катуу каржалып, хандыктын жүргүзгөн саясатына ачык нааразычылык күчөп, эл толкуган. Ага удаа улам кулачын жайган жана Борбордук Азиядагы таасирин арттырууга умтулуусу күч орус империясы Кокон хандыгына үстөмдүк кылгысы келип, аны көз каранды огожо хандыкка айланткан. Эзүүгө чыдабаган эл чирип бараткан Кокон хандыгына каршы көтөрүлүп, куралдуу кармаш хандыктын улам бир аймагына жайылат. 1873-жылы башталга көтөрүлүш бир эле убакта дүрт эте жалындаган эмес. Ага чейин эле, 1871-жылы жазында Сох аймагын жердеген кыргыздар баш көтөрүп, хандыкка каршы аттанган. Бул кыймылга Алай кыргыздары да кошулат. 1873-жылы Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүштүн масштабы кеӊейип, саясий мүнөзгө ээ болот. Бул бир чети көтөрүлүш. Экинчи жактан Кокон хандыгына биротоло ээлик кылуу үчүн саясий күрөш. Бул саясий күрөш согуштук аракеттер менен коштолот. Орус империясы үчүн орусиянын курал-жарагынан жана колдоосунан көз каранды хандыктагы номиналдуу ханга каршы ар кандай аракет көтөрүлүш деп эсептелинген. Орус империясы мындай аракеттерге албетте кескин каршы болгон. Орусиянын вассалы, көз каранды хандыкты кармап туруу, Кудаяр болобу, башкасы болобу, айтор, кыӊк этпей баш ийген, айтканын чыкпаган ханды колдоо орус падышачылыгынын мүдөөсүнө дал келген. Ошондой күн карама ханга каршы аракеттер орусияны чочулаткан. Айтканын чыкпаган Кудаяр ханды колдогон орус бийлиги ага каршы чыккан ар кандай күчтөрдү жана инсандарды жек көргөн. Эзелки атаандаштары, Англия же башкасы тарабынан колдоо таап, пайдаланып кетеби деп чочулаган.
Ошентип советтик, андан кийинки кыргыз тарыхнаамасында улуттук-боштондук көтөрүлүш эки этаптан жана бир нече мезгилдерден турат деп аныкталган. Биринчи этапта (1873-1874-жылдары) көтөрүлүшчүлөр Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы чыкса, экинчи этапта (1874-1876-жылдары) аны колдогон орус падышачылыгына каршы күрөшөт. Биринчи этапта масштабы чектелүү болсо, экинчи этапта кеӊири кулач жаят.
Дал ошол 1873-жылы куралдуу күрөшкө кыргыздардын Түштүктөгү дээрлик баардык уруулары кошула баштайт. Эми ушул күчтү ким башкарып, ким кол баштайт? Кокон хандыгына ээлик кылуу үчүн күрөштү жетектеген уруу башчылары, ар кимиси ордодо да, эл ичинде да таасири бар күчтөр туу кыла турган хан, жол баштагыдай, кол баштагыдай мураскер издешет. Ал кездеги Кокон хандыгы сыяктуу монархиялык мамлекеттерде бийликти мурастап калуу ошол хандыкка акысы бар тукумдун өкүлүнө гана буюрган. Ансыз де-юре легитимсиз болгон. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Болот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Абдымомун аталык, Шер датка сыяктуу кыргыз мыктылары улам бир хан тукумун байкап көрүп, биринен да майнап чыкпаган соӊ тышкы кебетеси Алым хандын небереси Болот ханга түспөлдөш, көзүндө оту бар жигит Ыскак Асан уулуна токтошот. Тагдырдын буйругу менен дал ошол маалда, ошол жерде, Абдымомун аталыктын үйүндө Ыскак Асан уулунун болуп калышы, сырткы түспөлүнүн окшоштугу кызык нерсе. Кокустуктар, түспөлдөштөр көп эле болот, бирок ар кимдин маӊдайына мындай окуялар жазылбаса керек. Молдо Асандын уулу Искак тарыхый аренага ушундай кыйчалыш кезде чыгат. Абдымомун аталыктын үйүндө Шер датка баштаган кыргыз башчыларына жолугушуусу, анда макулдашылган маселелер, кимисинен демилге чыккандыгы, кимиси кандай шартта кандай мүдөө көздөгөнү жазма булактарда толук эмес, учкай баяндалат. Н.Корытов "Самозванец Пулат-хан. Исторические заметки" деген 1902-жылы жазган макаласында жана Х.Н. Бабабековдун изилдөөсүндө "Аксаб ас-салатин ва таварих и ал-хаванин" аттуу кол жазмада Ысак Асан уулунун кыргыз журт башчылары менен жолугушуусу, алардын кантип хан издегендиги сүрөттөлгөн. Автору Кокон хандыгында ордо кызматкери, расмий тарыхчысы болгон "Аксаб ас-салатин ва таварих и ал-Хаванин" кол жазмасында Шер датка менен кошо көтөрүлүшкө туу боло турган ханзааданы издеген топун ичинде кыргыз-кыпчак уруусунун белдүү башчысы Мусулманкул да эскерилет. Айтылуу топ Самаркандагы Ибрагим бектин уулу, Алим хандын небереси Пулад бектен майнап чыкпаган соӊ, Үргөнчкө барып, Мадали хандын уулу Музаффарга да кайрылышат. Элеттиктер, кыргыз, кыпчак уруулары колдойт, хан кылабыз деген сунуштан ал да баш тарткан. Хандыкты ким эӊсебейт. Бирок да мыйзамдуу мураскер болуп туруп, колдоого таянып хан болуудан эки ханзаада баш тарткан опурталдуу ишке ошол миссиянын түпкү максатын түшүнгөн, тарыхый роль ойноого жарактуу, үмүт тилеги эле эмес, аны ишке ашырууга жүрөгүндө оту бар, тобокелге баш байлаган инсан гана бара алмак. Ашынган авантюрист болсо да хан шайланган соӊ биринчи эле соккуда жалтайлап, кайра артка чегинмек. Тарыхый ошол жолугушууну залкар жазуучу, кыргыз тарыхый романистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөгөн Касымбеков "Сынган Кылыч" китебинде келиштире сүрөттөгөн. Кеп удулу келгенде айтып калалы, ошол жолугушуудан тартып, Болот хан өлгөнгө чейинки тарыхый окуялардын негизинде мыкты кино жана документал тасма тартылса, көркөм чыгарма жазылса, куп жарашмак, атаганат. Балким жаралаар андай чыгарма.

Сүрөттүн булагы, wikipedia
Ошентип 29 жаштагы кыргыз жигит Кокондун ханы аталат, 1873-жылы Аксы өрөөнүндөгү Сейит-Буланда куттук-сейит, найман, кытай, кыргыз-кыпчак, саруу, баргы ж.б. уруулардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ак кийизге көтөрүлүп, хан шайланат. Козголоӊчулар көздөгөндөй желек болуп желбирейт. Ар кайсы уруулардан куралган, чачкын колду башкарат.
Адегенде Болот хан (Искак Молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчиликти колуна алат. Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Актаң, Нанай, Көк-Жар, Мамай, Сейит-Булан ж.б. айылдардагы эл - көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү болгон карапайым калк - кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер Болот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Албетте, хан тагынын мыйзамдуу мурасчысынын пайда болушу калайык-калкты бир заматта туташ ойготуп, анын айланасына бириктирди. Бирок Болот хан аны бийликке алып келгендердин колундагы айдама, огожо хан болгондо же кашайып, ач көз көрпенде болгондо эл дароо байкамак, анын легитимдүүлүгүнө шек жаралып, элдин колдоосуна ээ болмок эмес, туу болмок тургай, бийликти узурпациялап алган жалганчы катары көчмөн эл ичинде кадыры жок, кунарсыз пенде эсептелинмек, шакабага айланмак, азыр укум-тукуму кепке калмак. Демек баркы жок хан аталган ашкебиге моюн толгогондор акыры башын жутмак. Бирок Болот хан 3 жыл катары менен Кокон хандыгынын мыйзамдуу ханындай аракет кылып, көтөрүлүштүн демин суутпай, элге ишеним, үмүт берген. 3 жыл бою созулган көтөрүлүшкө Фергана калкынын бир тобу, Алай, Аксы, Эки-Суу арасы (азыркы Анжиян облусу), Чаткал, Баткен, Лейлек, Сузак, Кетмен-Төбө, Базар-Коргон өрөөндөрүнүн эли, Анжияндын калкы катышкан. Окумуштуу тарыхчы К. Усенбаев таянган документал маалыматтарга ылайык, Болот хандын желеги астында көтөрүлүшкө мундуз, кушчу, отуз-уул, төөлөс, жоо-кесек, найман, кызыл-аяк, нойгут, кыргыз-кыпчак, адыгене, актачы, бөрү, баргы жана башка сыяктуу кырктан ашык уруудан жүз миӊдеген киши катышкан. Кокон хандыгындагы элдик көтөрүлүштү изилдеген дагы бир белгилүү окумуштуу Х.Н. Бабабеков 1871-жылы башталган, 1873-жылдан тартып Болот хан жетектеген көтөрүлүштүн негизги күчү көчмөн эл болгонун, отурукташкан калк ыӊгайлуу учурду күтүп, эгер ийгилик көтөрүлүшчүлөр тарапка оосо, ошолорго кошулуп кетүү максатында аярлап, анча активдүү болбогонун белгилеген. Бул көтөрүлүшкө 100 миӊден ашык киши колуна курал кармап катышкан, жан аябай эки кабат душман менен салгылашкан. Бир жагынан эски Кокон сарбаздары, экинчи жактан улам жиреп, улам бир аймакты басып кирип келе жаткан орус аскерлери. Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында башка атты жамынып чыккан биринчи жана акыркы хан. Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында элдик көтөрүлүштү жетектеген, көтөрүлүш аркылуу бийликке келген биринчи жана акыркы хан. Ошол Болот ханды акыры жок кылган орус империясынын тарыхында Лжедмитирий деген падыша болгон. Бирок анын бийлиги өтө кыска болгон. Монархиялык режимдерде, падышалыктарда, королдуктарда хан тукуму эмес, хандын, королдун, падышанын үй-бүлөсүнө жакын инсандар кээде падыша болгон учурлар бар. Хан тукумуна такыр тиешеси жок, бирок мамлекети болууга тарыхый акысы бар элдин карапайым кулуну хан аталып, шайланып, чыныгы хандыкты узак убакыт бою жүргүзгөн, кубаттуу орус империясын аны менен эсептешүүгө, акыл калчап ойлонтууга, аскер жумшап кармашууга, ушундай эл бар экен, эске алыш керек деп жыйынтык чыгарууга себеп болгон. Бийликке аралаш топтордун жана күчтөрдүн жардамына караганда, элдин колдоосуна ээ болгон, элге таянган биринчи жана акыркы башкаруучу. Эгер билимсиз, эрксиз, жүрөксүз, акылсыз ашкеби болгондо, Болот хан болуп аталууга, опурталдуу иштин башында турууга, жол баштоого даамак эмес. Номиналдуу хан эмес, реалдуу жол башчы, кол башчы, журт башы болууга интеллектуалдык, моралдык, психологиялык дарамети жеткен үчүн окуялардын негизги фигурасына, канетсе да казынасы, чеби, аскери бар, мыйзамдуу хандыкка каршы, аны колдогон арааны күч империяга каршы тура алды. Айласын кетирди. Башын оорутту.
Буга чейин Ош, Анжиян сыяктуу ири шаарларды ээлеп алган Болот хандын колу 1875-жылы Коконго кирген. Мындай болоорун орус империясы Болот хандын күрөшү күчөй баштаганда эле болжогон. 1874-жылы генерал-лейтенант Колпаковский согуш министрине жазат: "В случае возобновления восстания, могущего быть причиной бегства или даже смерти Худояр-хана, мне кажется, все старания наши должны быть направлены к обеспечению наследствия за сыном хана Наср-этдин беком, человеком вполне преданным нашим интересам и хорошо понимающим интересы ханства; без сомнений нельзя ручаться, что при народном восстании не будет избрано другое лицо, которое неисполнением договора может вызвать с нашей стороны понудительные меры и вооруженного вмешательства." Көтөрүлүштүн жүрүшүндө Болот хандын аскерлери бирде жеӊип, бирде жеӊилип отуруп, акыры мыкты куралданган, такшалган, саны жагынан да арбын, Орто Азияны ээлеп алууга мотивациясы күч орус аскерлеринин соккусунан улам кыйрап, өзү колго түшөт. Албетте, ушунча чоӊ аймактагы көп кол катышкан көтөрүлүштүн ар кайсы очогунда таланттуу, Болот хандын туусу астында, бирок өз бетинче аракеттенген жетекчилери да болгон. Мисалы Мамыр мерген Көк-Арттан тартып Таластын Капкасына чейинки аймакта баштаган куралдуу кармаш жүргүзгөн. Болот хан жетектеген колдун кашкөйлүгү тууралуу орус падыша өкмөтүнүн статс-кеӊешчиси Г. Вайнберг 1874-жылы 29-декабрда Түркстан генерал-губернаторуна "Көтөрүлүшчүлөрдүн аракеттери хандын ахыбалын биротоло начарлатты. Талкаланган, бирок жеӊилбеген көтөрүлүшчүлөр Кудаяр-ханды биротоло жоготуудан, хандыкты ээлеп алуудан үмүт үзүшкөн жок". Ошентип, атасы Кудаяр хандын мыйзамдуу мурасчысы болуп саналган Насреддинбек 1868-жылы Кокондун Россия менен түзгөн макулдашуусунан пайдаланып, Болот хан Коконду ээлеп алганда россиялык аскерлерге баш калкалап кире качкан. Мындай кырдаалды пайдаланып Россия Кокон хандыгынын аймагына өз аскерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар козголоңчуларга чабуулун дароо жана ар тараптан баштаган. Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн чечүүчү этабында 1875-ж. июль айында Россия империясынын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. Генерал М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлери күчү менен көтөрүлүш аеосуз басылып, орус императору Александр II жарлыгы менен Кокон хандыгы жоюлуп, Туркестан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Болот хан 19-февраль күнү генерал Скобелевдин буйругу менен артынан сая түшкөн Барон Меллер-Закомельскийдин отрядынын колуна чыккынчылардын жардамы аркылуу түшүрүлгөнүн генерал Колпаковский борбордук аскер штабына кабарлайт.
Тирүү турса, элге алынып, ишенимге ээ болуп, туудай желбиреген, канетсе да хан аты бар кыргыз кол башчысын узакка кармоодон чочуган орус бийлиги андан кутулууга шашкан. Болот хан жана анын ошол кезде жанындагы үзөӊгүлөштөрү аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-ж 1-мартта дарга асылган. Дар орнотулган аянтта эл кылкылдап батпай кеткен. Көпчүлүк буркурап ыйлаганын орус аскер кызматкерлери генералдык штабга маалымдашкан, айрымдары кийин эскеришкен. Удулу келгенде кыстара кетели, Кудаяр хандын тушундагы акын Кутби Болот хандын эрдигин даӊазалаган ыры бар экенин тарыхчы А.Х. Абдугафаров, жазганы бар.
Эми Болот хандын саясий эрдиги эмнеде?
Биринчиден, канчалык опурталдуу болсо да тарыхый миссияны туура түшүнүп, ошону аткарууга башын байлап, өзүнө жүктөлгөн озуйпаны аткарышы. Болот хан Искак Асан уулу тарыхый аренага чыгышын кокустук деп эсептешет. Туура. Анын хан тактысына мураскор издеген мыктылар менен жолугушуусу балким кокусунан болгондур. Бирок өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык идеясы кыргыз элинин улуттук идеясы. Өз алдынча, эркин мамлекет курууга тарыхый акысы бар элдин уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары эсептеп, ошону пайдалануу аркылуу тарыхый амбициясын ишке ашырууну көздөгөн. Бир мезгилде кеӊ аймакты ээлеген дөөлөттүн - Улуу каганаттын эгеси болгон өз элинин тарыхын, элет тарбиясын көргөн, кыргыз нарк-насилин, аруу салттарын, кымбат кыялын, эзелки үмүтүн жакшы билген, эркиндик үчүн күрөшкөн инсандардын мисалында чоӊойгон, өз доорунун билимдүү инсаны, кашкөй жигиттин кыйчалыш учурда тарыхый аренага суурулуп чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Искак болбосо башкасы деле туу болмок, анткени катуудан казаны, жумшактан күлү калганча кырылган учурларда да кыргыз эли ыӊгайы келген сайын мамлекеттүүлүк үчүн түркүн формада, ар кайсы аймакта, ар кандай жол менен күрөшүн токтоткон эмес. Ошол Болот ханды жок кылган, ал дарга асылгандан кийин да күрөшүн токтопогон Алымбек датканын уулу кайран Абдылдабектин артынан түшкөн орус генералдары "киргизы - это главное препятстствие в пути нашего продвижения в сердце Азии. Чинимые ими события показали, что киргизы самый непокорный и беспокойный элемент во всей Азии. Их преводители же являются весьма отчаянными людьми" деп белгилеген.
Экинчиден, Искак Асан уулу көтөрүлүштү хан катары жетектөө менен анын асабасы, туусу болуп, элдин демине дем кошкон, башын бириктирген. Опурталдуу иш экенин билип туруп, тобокелчилик кылып, эл мүдөөсү үчүн көтөрүлүштү башкарууга бел байлап, акырына чейин кармашуу чанда гана мыкты чыкманын колунан келе турган иш. Эрдик. Авантюризм эмес. Эгер бийликке умтулган, Кокон ордосунун жыргалчылыгын көксөгөн бейчеки авантюрист, маӊдайы тайкы киши болгондо биринчи эле кармашта оюнан кайтмак, оюндан чыга качмак. Же аны бийликке алып келген, улам бир ханды алмаштырууга кудурети жеткен уруу башчылары, болгусу келгендер тез эле көзүн тазаламак. Менменсинген хандарды сүрүлүп келип, бат эле алмаштыра койчу күчтөр бирөөнүн атын жамынып, хан атанган кишиден тез эле кутулушмак. Демек Болот хан тарыхый муктаждык, көтөрүлүштүн чыныгы туусу, анын шыктандыруучусу жана легитимдүү жетекчиси. Болот хан 3 жыл бою хан аталып, күрөш жүргүздү. Бир эмес эки жоо - Кокон ордосунун сарбаздары жана эӊ кубаттуу империяга айланып бараткан, Азияны ээлесем деген көксөөсү күч орус падышачылыгын мыкты куралданган, такшалган армиясы менен удаа кармашты. 3 жыл эмне. Роберт Рождественский ырында айткандай тарыхта көз ирмемге да жетпейт:
У каждого мгновенья свой резон,
Свои колокола, своя отметина.
Мгновенья раздают кому позор,
Кому бесславие, а кому бессмертие!
Анын сыӊары 3 жыл ичинде эмнеден баштап, кандай иш кылып, эмне менен аяктады, кайран киши. Бүтүндөй региондун тарыхына таасир этти. Тарыхый инсандар бир-эки окуя менен из калтырат. Калганы бейчеки, катардагы турмуш, күнүмдүк аракеттер. Кайгы-муӊу, бактысы-шору аралаш, караламан турмуш. Туулат, өмүр кечирет. Болду. Бирөөлөр өмүр бою иштейт, балким жогорку кызматта жүрөт, мартабалуу мансапка жетет, бирок эмгеги болгону менен эрдигинен дайын жок - өмүр баян гана калат. Бирөөлөр аз гана убакыт кызмат кылат, бирок миӊдеген адам кылбаганды, кылымга тете иш кылат. Ошонусу менен тарыхый инсан. Нечен жылдап тактыны ээлеп же жогорку кызматтарда отургандардын көбүнүн кимисинин кайсы эрдиги, кандай изги эмгеги эсибизде. Кимиси не жай турмушта, не кыйчалыш учурда журтка журт каалаган кызматын кылды, кимиси эл көксөгөн мүдөөсүн аткарды. Караламан оокатын ар ким кыла алат, колунан келет. Бирок ар бир адамдын аткара турган озуйпасы, журт алдында милдети болот.
Үчүнчүдөн, элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Кокон хандыгы кыйрап, орус империясына каратылды. Бирок ушул көтөрүлүш, андагы кыргыздардын чечүүчү ролу жана Болот хандын күрөшү Россия империясын кыргыздарды артта калган хандыктын вассалы, аборигендердин массасы эмес, өз алдынча күч катары эсептешүүгө мажбурлады. Эми орус падышачылыгы ушул аймакка ээлик кылуу үчүн кыргыздар тереӊ билүүгө, аны менен эсептешүүгө, өзүнө тартууга, жакындатууга, достошууга же такыр болбосо касташып, биротоло жок кылууга зарыл байыркы улут, чоӊ күч экенине көзү жеткен. Болот хандын күрөшү орус падышачылыгы түзүлө электен алда канча мурда кубаттуу мамлекети бар, маданияты бар, мамлекетик үчүн күрөштө эч нерседен жалтанбаган кыргыздардын ушул аймакка ээлик кылууга тарыхый акысы жетиштүү эл экенине ынандырган.
Искак Асан уулу Болот хандын аз убакыт ичинде ишмердүүлүгү, бүтүндөй аймактын тагдыры чечилген учурда кылган кызматы биз сабак алып, кадырына жете турган саясий эрдиктин дагы бир үлгүсү.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт














