Швеция расмий түрдө НАТО уюмуна кирди

Дүйшөмбү күнү Швециянын желеги альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасына илинет деп күтүлүүдө

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбү күнү Швециянын желеги альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасына илинет деп күтүлүүдө

Швеция расмий түрдө НАТОго кошулуп, Түндүкатлантикалык альянстын 32-мүчөсү болуп калды.

Швед премьер-министри Ульф Кристерссон жана ТИМ башчысы Тобиас Билльстрём Вашингтондо АКШнын мамлекттик катчысы Энтони Блинкенге ратификацияланган документтерди тапшырды. Ошону менен эки жылга созулган жараян аяктады.

"Жакшыны күткөндөргө жакшы нерселер келет",- деди документтерди кабыл алган Блинкен.

Дүйшөмбү күнү Швециянын желеги альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасына илинет деп күтүлүүдө

"Бул тарыхый күн. Швеция мындан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча НАТОдо мыйзамдуу ордун ээлеп, альянстын саясатын жана чечимдерин аныктоодо башкалардыкындай добуш берүү укугуна ээ болот",- деп жазылган НАТО башкатчысы Йенс Столтенбергдин билдирүүсүндө.

Ульф Кристерссон документтерди Энтони Блинкенге тапшырууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ульф Кристерссон документтерди Энтони Блинкенге тапшырууда

Швеция Финляндия менен бирге Орусиянын Украинага кол салуусуна жооп иретинде нейтралдуу турумдан баш тартып, өткөн жылдын апрелинде НАТОго кошулууну чечкен.

Эки мамлекет тең бир учурда уюмга кирүү боюнча билдирүү берип, бирок Швециянын НАТОго кошулушу альянстын мүчөлөрү Түркия менен Венгриянын каршы позициясынан улам созулуп келди.

Венгриянын парламенти Швециянын кошулуусу боюнча 26-февралда жактырып, өлкөнүн жаңы президент Тамаш Шуйок ушул аптада кол койду. Түркия январь айынын соңунда "жашыл жарыгын" жандырып берген эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Швеция - күчүү демократия орногон, жогорку натыйжалуу куралдуу күчкө ээ, биздин баалуулуктарга төп келген жана дүйнөгө көз карашыбыз окшош. Швецияны кабыл алуу АКШны жана уюмдаштарыбызды коргонуусун мурдагыдан да бекем кылат",- деп билдирген Ак үй февралдын соңунда Венгрия парламенти колдогон учурдагы комментарийинде.

Бейшембиде Вашингтондо өткөн саамалык учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Швециянын уюмга мүчөлүккө кабыл алынышы орусиянын саясатынын стратегиялык катачылыгын айгинелейт деп билдирди.

"Эгер өткөнүбүзгө үңүлүп, үч жыл мурункубузга кылчайып карай турган болсок, биз кайда элек, анда эч нерсе алдын ала чечилген эмес эле. Путиндин Украинага басып кириши Россия үчүн стратегиялык алешемдик болгонунун мындан өткөн ачык мисалы жок",- деди ал.

Орус бийлиги, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришине каршы жооп болорун бир нече жолу эскерткен эле.

Орусиянын Стокгольмдогу элчилиги, коопсуздук жаатындагы тандоо саясаты - Швециянын суверендүү иши, бирок альянска мүчө болуп кошулуу чечими Европадагы туруктуулукка кедергисин тийгизет деп өткөн аптада билдирген эле.

"Орусия өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунучту басуу үчүн саясий жана аскердик-техникалык мүнөздө жооп иретиндеги чараларды кабыл алат. Анын конкреттүү мазмуну Швециянын НАТОго интеграциясынын масштабынан жана шарттарынан көз каранды болот",- деп жазылган билдирүүдө.

Карта

200 жыл бою аскердик альянстарга кошулбаган Швеция, Украинага орусиянын басып кирүүсүнөн кийин 2022-жылы НАТОго кошулуу боюнча билдирүү берген.

НАТОнун көпчүлүк мүчөсү Швециянын кошулуусун ратификация кылган , бирок Түркия бул жараянды чоюп келди.

Адегенде түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган, Стокгольм Анкара террорист деп санаган күрд топторунун мүчөлөрүн калкалайт деп Швециянын билдирмесине каршы болуп келген.

Швеция бул дооматка жооп иретинде антитеррордук мыйзамдарын катаалдаштарып, Эрдоган талап кылган башка чаралардлы да кабыл алган.

Андан соң түрк лидери АКШнын F-16 кыйраткычтарын жеткриүү боюнча орундалбаган убадасын билдирип чыккан. Бул конгресстин каршылышыгына кабылган.

Жыйынтыгында Вашингтон январь айында Түркия Швециянын мүчөлүгүн ратификациялаган соң дароо 23 млрд долларлык F-16 кыйраткычын жеткирүүнү жактырган.

Түрикянын макулдугун алган Швеция андан соң Венгриянын тоскоолдуктарына кабылган эле.

Венгрия бийлиги, Швециянын НАТО уюмуна мүчөлүгүнө негизинен каршылыгы жоктугун, Түркия ал билдирмени жактырса эле дароо колдоп берерин билдирген, бирок чечим кабыл алууну улам артка жылдыра берди.

НАТО деген эмне?

НАТО — Түндүк Атлантика келишим уюму (North Atlantic Treaty Organisation). Ал 1949-жылы 12 өлкө тарабынан түптөлгөн аскердик альянс. АКШ, Канада, Британия жана Франция өңдүү өлкөлөр башында турган.

Эгерде кайсы бир мүчө мамлекетке куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, калган мүчө өлкөлөр жардамга келүү боюнча макулдашкан.

Анын баштапкы максаты согуштан кийин Орусиянын Европага бастырып кирүү коркунучуна туруштук берүү болгон.

1955-жылы Советтик Орусия НАТОго жооп кылып, өзүнүн аскердик альянсын түзгөн. “Варшава келишими уюму” деп аталган альянска Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөр кирген.