Финляндия менен Швеция НАТОго арызын берчү күн келди

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто анын өлкөсүн НАТОго кабыл алууну өтүнгөн арызга кол коюуда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто анын өлкөсүн НАТОго кабыл алууну өтүнгөн арызга кол коюуда.

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү жөнүндө арызын 18-майда тапшырышат.

Швециянын премьери Магдалена Андерссон Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен шейшембиде болгон басма сөз жыйында "Эртең биз арызды бирге тапшырабыз",-деп билдирди.

Анын айтымында, Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү процессинин башынан аягына чейин үзөңгүлөш жүрүүнү чечишти.

Шейшембиде НАТОго жазылган арызга Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде кол койду.

Финляндия НАТОго кирүү жөнүндө расмий чечимди жекшембиде кабыл алган.

Арыз берилгенден кийин аны адегенде кеңеште карашат, андан кийин жаңы мүчөнү кабыл алуу альянстагы 30 мамлекетте улуттук парламент деңгээлинде ратификациядан өтүүгө тийиш.

Бирок Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Швеция менен Финляндияны мүчөлүккө кабыл алууга макул эмес экенин билдирип, анын себеби катары бул өлкөлөр Анкарага каршы санкция киргизип, террористтерди экстрадиция кылуудан баш тартып жатат деп көрсөттү.

Ал Түркиянын көндүрүү үчүн Швеция менен Финляндиянын тышкы сяасатын караган министрлеринин Анкарага келип убара болушунун кереги жок экенин айтууда.

Түркия бул өлкөлөргө өзүнүн үч шартын коюуда: террорист деп саналган топторго колдоо көрсөтүүнү токтотуу, коопсуздуктун бекем кепилдигин көрсөтүү жана Түркиянын экспортуна салынган тыюуларды жоюу.

НАТО
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Швециянын премьери Магдалена Андерссон Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен шейшембиде болгон басма сөз жыйында "Эртең биз арызды бирге тапшырабыз",-деп билдирди.

Анын айтымында, Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү процессинин башынан аягына чейин үзөңгүлөш жүрүүнү чечишти.

Шейшембиде НАТОго жазылган арызга Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде кол койду.

Финляндия НАТОго кирүү жөнүндө расмий чечимди жекшембиде кабыл алган.

Арыз берилгенден кийин аны адегенде кеңеште карашат, андан кийин жаңы мүчөнү кабыл алуу альянстагы 30 мамлекетте улуттук парламент деңгээлинде ратификациядан өтүүгө тийиш.

Бирок Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Швеция менен Финляндияны мүчөлүккө кабыл алууга макул эмес экенин билдирип, анын себеби катары бул өлкөлөр Анкарага каршы санкция киргизип, террористтерди экстрадиция кылуудан баш тартып жатат деп көрсөттү.

Ал Түркиянын көндүрүү үчүн Швеция менен Финляндиянын тышкы сяасатын караган министрлеринин Анкарага келип убара болушунун кереги жок экенин айтууда.

Түркия бул өлкөлөргө өзүнүн үч шартын коюуда: террорист деп саналган топторго колдоо көрсөтүүнү токтотуу, коопсуздуктун бекем кепилдигин көрсөтүү жана Түркиянын экспортуна салынган тыюуларды жоюу.

Путин: Москва сөзсүз жооп кайтарат

Путин

НАТОнун кеңейишине каарын чачып каршы болуп келген орус президенти Владимир Путин бул уюмга Финляндия менен Швециянын кирип жатканына каршылык билдирген жок. Бирок НАТО бул өлкөлөрдү мүчө кылып алгандан кийин алардын аймагында аскердик инфраструктурасын кеңейтип, же өзөктүк курал өндүрүүгө барса, Москвадан сөзсүз жооп болорун эскертти.

Владимир Путин бул жаңылык ансыз да курчуп турган эл аралык абалды чыңалтат деди. Бирок ал азыркы болуп жаткан процесстер Россияга тикелей коркунуч келтирбейт деген ойдо.

"Бул Кремлдин буга чейинки билдирүүлөрүнөн айырмаланган, салмактуу билдирүү болуп жатат. Картага карасак, эмне үчүн Москва тынчсызданып жатканын түшүнүүгө болот. Россиянын Кола жарым аралында жашыруун аскер-деңиздик базалар жана ракеталар катылган шахталар бар, ал Финляндия менен чек арадан 100 чакырым гана алыстыкта жайгашкан",-дейт Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы Пол Адамс.

Ал эми Калининграддагы орустардын Балтий флотунан ары жакта НАТОго мүчө Польша менен Литва бар. Жакында НАТОго дагы бир мүчө Швеция кабыл алынса, ал бул аралга деңизден көзөмөл салып турмакчы.

Ошентип Балтика НАТОго мүчө өлкөлөр курчаган деңиз болуп баратат. Путин альянстын андан ары кеңейип кетпөөсүн эскертип жатат, бул үчүн өлкөлөргө ракеталар жана туруктуу базаларын түптөп жайгаштырып жатат.

Бирок анын соңку билдирүүсү – балким, ал кеч болсо дагы түндүктөгү эки өлкөнүн НАТОго кошулуусуна каршы тура албашын түшүнгөндүр деген ойго түртөт.

НАТО

Сүрөттүн булагы, Getty Images

НАТО деген эмне?

НАТО — Түндүк Атлантика келишим уюму (North Atlantic Treaty Organisation). Ал 1949-жылы 12 өлкө тарабынан түптөлгөн аскердик альянс.

АКШ, Канада, Британия жана Франция өңдүү өлкөлөр башында турган.Эгерде кайсы бир мүчө мамлекетке куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, калган мүчө өлкөлөр жардамга келүү боюнча макулдашкан.

Анын баштапкы максаты согуштан кийин Орусиянын Европага бастырып кирүү коркунучуна туруштук берүү болгон.1955-жылы Советтик Орусия НАТОго жооп кылып, өзүнүн аскердик альянсын түзгөн.

“Варшава келишими уюму” деп аталган альянска Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөр кирген.1991-жылы Советтер Союзу ыдырап, “Варшава келишим уюмуна” кирген бир нече мамлекеттер НАТОго кошулуп кетишкен. Учурда НАТОго 30 өлкө кирет. (КС, ЕК)