Telegram: Павел Дуровго күнөө коюлду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Францияда кармалган Telegram’дын негиздөөчүсү, башкы директору Павел Дуровго күнөө коюлду. Ал күрөө менен бошоду, бирок Франциядан кетүүгө тыюу салышты.
Франциянын судьясы шаршембиде Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуровго каршы расмий иликтөөнү баштады.
Ал 5 млн евро күрөө төлөп, камактан чыкты. Бирок ал Франциядан кете албайт, аптасына эки жолу полицияга келип көрүнүп турушу керек.
Шаршембиде кечинде Дуров соттун имаратынан конвойсуз чыгып, жеке автоунаа менен жөнөп кетти.
Француз мыйзамдары боюнча тергөө Дуровду күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенди билдирбейт. Мындай чечим судья ишти иликтөөнү улантуу үчүн жетиштүү негиз бар экенин көрүп жатканын гана көрсөтөт. Мындай абал иш сотко ашканга чейин жылдап созулушу мүмкүн же жабылып калышы да ыктымал, дейт Reuters.
Судья Дуров Париждин аба майданынан кармалгандан төрт күндөн кийин иликтөөнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Дуровго эмне күнөө коюп жатышат?
Дуровго 12 кылмыш боюнча күнөө коюлуп жатканы Франциянын прокуратурасынын кабарында айтылат.
Анын ичинде - мыйзамсыз транзакцияларды жүргүзүү үчүн онлайн-платформаны башкарган уюшкан топтун ишине катышуу (бул кылмыш үчүн он жылга чейин түрмө жана 500 миң евро айып пул жазасы каралган), ыйгарым укуктуу органдардын сураган маалыматын же документин берүүдөн баш тартуу, акчаларды адалдоо кылмыштары бар.
Telegram'да кылмыштуу контенттин модерациясы жоктугу жана анын атайын кызматтар менен кызматташуудан баш тартканы тууралуу дооматтар бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Россиянын өзүндө да болгон. Бирок Францияда буга Дуровдун өзүн күнөөлөшүүдө.
Бүт дүйнө боюнча миллиард колдонуучу бар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дуров өткөн ишембиде Париждин түндүгүндөгү аба майданынан мобилдик тиркеме менен байланышкан кылмыштар боюнча кармалган эле.
Атап айтканда, сөз жетиштүү модерациянын болбой жатканы жөнүндө болууда. Ал эми Дуров телеграмды кылмыштуу максатка пайдаланууга талаптагыдай бөгөт койбой жатат деп айыпталууда.
Мобилдик тиркемени баңгизаттардын мыйзамсыз соодасына, балдарды бузган жыныстык контент чыгарууга жана алдамчылыкка каршы иштерде укук коргоо органдары менен кызматташууга барбай жатканы үчүн күнөөлөшүүдө.
Telegram болсо өзүнүн билдирүүсүндө анын модерациясы “тармактык стандарттарга жооп берет жана дайыма өркүндөтүлүп жатат” деп белгилеген.
«Платформаны кыянат пайдалангандар бар болсо, ал үчүн платформа же анын кожоюну жооп берет дегендик акылга сыйбайт”, дейт мессенжер.
Расмий кабарга караганда, Дуров Европа боюнча саякатка көп чыгат жана Евробиримдиктин мыйзамдарын сактайт, анын ичинде коопсуз онлайн чөйрөнү камсыздоо боюнча Санарип кызматтар жөнүндө мыйзам дагы бар.
«Бүт дүйнө боюнча алганда дээрлик миллиард колдонуучу Telegram’ды сүйлөшүү каражаты жана маанилүү маалымат булагы катары колдонот”,-деп айтылат тиркеменин билдирүүсүндө.
Ири социалдык тармак

Сүрөттүн булагы, AOP.Press/Corbis
Павел Дуров 39 жашта, Россияда төрөлгөн, азыр Дубайда жашайт, Telegram ушул өлкөдө жайгашкан. БАЭ менен Франциянын да жарандыгы бар.
Telegram Россияда, Украинада жана мурдагы союздун өлкөлөрүндө өзгөчө популярдуу.
Колдонуучулардын маалыматын берүудөн баш тартканы үчүн бул тиркемеге Россияда 2018-жылы тыюу салынып, 2021-жылы кайра алынган.
Telegram - Facebook, YouTube, WhatsApp, Instagram, TikTok жана Wechat кийинки эле ири социалдык тармак болуп саналат.
Дуров Telegram’ды 2013-жылы негиздеген. Ал ВКонтакте социалдык тармагындагы өзүнүн платформасында оппозициялык бирикмелерди жап деген өкмөттүн талабына баш ийбей коюп, 2014-жылы Россиядан кеткен.
Россия Дуровду мурдагыдай эле өзүнүн жараны деп эсептейт. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Россиянын Франциядагы элчилиги Россиянын жаранынын айланасындагы кырдаалды тактоо үчүн зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.
Билдирүүдө француз бийликтери россиялык расмий адамдар менен иштешпегендиги да айтылат.
Россиянын ТИМ басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram’га пост чыгарып, батыштагы укук коргоо уюмдары Дуровдун камалышы боюнча унчукпай калышабы деп суроо койгон.
Telegram платформасында 200 000 адамга чейин топторду түзсө болот, сынчылардын айтымында мындай шартта жалган маалыматты жайылтуу оңой болуп, конспирологиялык, неонацисттик, педофилдик жана террордук мүнөздөгү контент чыгып кетүүдө.
Улуу Британияда тиркемени кылдат текшерүүгө алышкан. Ушул айдын башында Англиянын шаарларында болгон зордук-зомбулук менен коштолгон тополоң учурунда чоң роль ойногон ашкере солчул уюмдар үчүн бул тиркеме маалыматтык база болуп бергенби деп иликтөө жүргүзүштү.
Telegram чынында эле кээ бир топторду алып салды, бирок жалпысынан анын экстремисттик жана мыйзамга каршы контентке модерациясы башка социалдык тармактарга караганда начарыраак дейт киберкоопсуздук боюнча эксперттер.












