Кытай Тайван боюнча АКШны “от менен ойнобоого” чакырды

Кытайдын президенти Си Цзинпин менен анын америкалык кесиптеши Жо Байдендин виртуалдык жолугушуусу болуп өттү. Анда Си Тайвандын эгемендигин колдоо “от менен ойноого” барабар экенин Байденге эскертти.
Байден январда президенттикке келгенден бери бул сүйлөшүүлөр эки лидер жүргүзгөн эң маанилүү талкуу болуп калды.
Эки тарап тең өздөрүнүн жеке мамилелерине басым жасап, саммит чыңалууларды басаңдатуу аракети болгонун белгилешти.
Бирок алар аябай назик темалардын бирин айланып өтө алышкан жок. Ал тема өз алдынча башкарууга ээ болгон Тайван аралы болчу.
Бээжин Тайванды бөлүнүп кеткен провинция катары көрөт жана аны бир күнү “мекени” менен бириктирүүгө умтулуп келет.
АКШ Кытай менен расмий мамилеге ээ. Бирок эгерде кол салуу болсо, анда Тайванды коргой турганын билдирген.
Кытайдын мамлекеттик “Глобал таймс” гезитинин маалымдашынча, Си соңку чыңалуулар үчүн “Тайвандын бийлиги АКШнын колдоосуна кайра-кайра таянууга жана Кытайды кармап туруу үчүн айрым америкалыктардын Тайванды колдонууга аракет кылганын” айыптаган.
“Мындай кадамдар өтө кооптуу, от менен ойногон сыяктуу. Ким от менен ойносо, күйүп калат”, - деген ал.
Ак Үйдөн билдиришкендей, Жо Байден “Тайван кысыгында азыркы абалды бир тараптуу өзгөртүү аракеттерине же тынчтыкка жана туруктуулукка доо кетирүүгө чечкиндүү түрдө каршы”.
Тайван боюнча катуу сөздөр айтылганы менен жолугушуу эки лидердин жылуу саламдашуусу менен башталды. Си өзүнүн “эски досу” Байденди көргөнүнө кубанганын айтты.
Байден “бири-бири менен ар дайым ачык жана чынчыл мамиледе” болгонун кошумчалап, “бирибиз эмне деп ойлоп жатты экен деген бойдон басып кетпейбиз” деп айтты.
Си болсо эки өлкө “байланышты” жакшыртышы жана кыйынчылыктарга “биргеликте” туруштук бериши керек экенин билдирди.
“Адамзат глобалдык айылда жашоодо, биз көптөгөн көйгөйлөргө бирге туш болуп жатабыз. Кытай менен АКШ байланышты жана кызматташтыкты илгерилетиши керек”, - деди Си.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дагы эмнелер талкууланды?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйнөнүн эң кубаттуу эки державасы бир нече маселелер боюнча бирдей пикирде эмес. Байден Гонконгдогу жана Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча АКШ тынчсызданып жатканын билдирди. Бээжин болсо АКШны Кытайдын ички иштерине аралашып жатат деп күнөөлөөдө.
Соода тармагында Байден “КЭРдин адилетсиз соода жана экономикалык иштеринен америкалык ишкерлерди жана өнөр-жайларды коргоо муктаждыгына” басым жасады.
Си дагы бул маселе боюнча катуу билдирүү жасагандай болду. Рейтер маалымат агенттиги кабарлагандай, Си АКШ “Кытай компанияларына басым көрсөтүү үчүн улуттук коопсуздук түшүнүгүн бурмалоону” токтотушу керек экенин Байденге айткан.
Климаттык өзгөрүү дагы талкууга алынган. Өткөн аптада Шотландиянын Глазго жергесинде уюштурулган саммитте климаттык өзгөрүү менен күрөшүү боюнча биргелешкен декларация кабыл алып, көпчүлүктү таң калтырган эле.
Байден январь айында президент болуп шайланып келгенден бери бул эки лидердин үчүнчү жолку сүйлөшүүсү. Сүйлөшүү күтүлгөндөн көбүрөөк, үч жарым саатка, созулду.
Covid-19 пандемиясы башталгандан бери Синин Кытайдан сыртка чыкпаганына дээрлик эки жылдай болуп калды.
Кытай-АКШ мамилеси эки тарап үчүн дагы, жалпы эле дүйнө коомчулугу үчүн дагы аябай маанилүү. Байденден мурдагы АКШнын президенти Доналд Трамптын тушунда начарлап кеткен мамилени жакшыртууга Бээжин бир нече жолу Вашингтондун жаңы бийлигин чакырып келген.
Эки киши тең өз өлкөлөрүндө ички көйгөйлөр менен алпурушуп жатышат. Инфляцияга, коронавирус коркунучуна байланыштуу жана Афганистандан баш аламан чыгып кеткендиктен Байдендин рейтинги түшүүдө. Си болсо энергетикалык тартыштык жана турак-жай кризиси менен күрөшүүдө. (EA)









