ШКУ саммити: жаңы пландар, эски убадалар...
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, gatty
Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Бул жыйын Украиндагы согуш басылбай, Израиль менен Палестин кризиси күчөп, кан төгүлүп жаткан мезгилге туш келди.
Бул сапар Иран Ислам Республикасы биринчи жолу уюмдун толук кандуу мүчөсү катары катышты.
Расмий Бишкектин демилгеси
Акылбек Жапаров кызматташтыктын эң маанилүү аспектиси аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселеси экенин айтты.
“Бул багытта Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселеси боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз. ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга олуттуу көңүл буруу керек. Уюмдун уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү жана институционалдык реформаларды киргизүү боюнча бизде көп иштер турат. Бул маселеге байланыштуу тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу иштерин жүргүзүү маанилүү деп эсептейбиз”,- деди ал.
ШКУ өлкөлөрүнөн келген инвестиция

Сүрөттүн булагы, getty
Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн калкынын жалпы саны 3,3 миллиарддан ашуун же дүйнө элинин 42 пайыздан ашууну уюмга мүчө мамлекеттерге туура келет. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ички дүң өндүрүм 45 трлн. доллардан ашат.
“ШКУ өлкөлөрү инновациялык процесстин керектөөчүсү болгон дүйнөлүк орто класстын өсүшүнө олуттуу салым кошуусу керек. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү күн тартибиндеги негизги маселелеринин бири. Соода, өндүрүш, энергетика, транспорт, инвестиция, каржы, айыл чарба, бажы, телекоммуникация, ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы технологияларды өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишти улантуу маанилүү”,- деди Жапаров.
Айтымында, Кыргызстан ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат. ШКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат, соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди кубаттайт.
“Кыргызстандын ШКУ менен тыгыз кызматташтыгы соода жүгүртүү боюнча статистикадан көрүнүп турат. 2022-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79,0 пайызы туура келген. Бул 2021-жылга салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүү 1,7 эсеге өскөндүгүнөн кабар берет”,- деди ал.
Бирок Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып, тилекке каршы кечеңдеп жатканына токтолду.
“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу

Сүрөттүн булагы, Фото: Кыргыз темир жолу ишканасы
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюмга мүчө мамлекеттердин транспорт системасын өркүндөтүү маселесине токтолду.
“Бул багытта “Кытай - Батыш Азия - Европа” маршруту боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн белгилегим келет”,- деди Жапаров.
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган бул темир жол долбоору Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин бир бөлүгү. Бирок бул долбоор жылдан ашуун убакыттан бери сөз гана болуп келди.
Акылбек Жапаровдун бул демилгеси экономикалык бир уюмда турган Кыргызстан жүк ташууда Казакстандын көзүн карап, жүздөгөн жүк ташуучу унаа маал-маалы менен кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеинде апталап кезек күтүп турган мезгилге туш келди.
Казакстан бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жыйындын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ШКУ мейкиндигинде соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жалпысынан, 20 жылдан ашык убакытта региондор аралык соода дээрлик 100 эсеге өскөнүн айтты. Өткөн жылдын аягында эле Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү болжол менен 20%га өсүп, 61 млрд долларга жеткенин билдирди.
Мындан улам ал ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүгө чакырды.
“Электрондук коммерция келечектүү багыттардын бирине айланууда. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, ШКУ өлкөлөрүндө электрондук сатуудан түшкөн жалпы киреше быйыл болжол менен 1,5 триллион долларды түзүшү мүмкүн. Биз электрондук сооданы колдоо үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биринчи кезекте бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарыл”, - деди Алихан Смаилов.
ШКУга мүчө өлкөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт деп жактан чакта 23-октябрь күнү Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандын 410 жүк ташуучу унаасы кезек күтүп турганын маалымдаган эле.
Мишустин глобалдык чакырыктар тууралуу маселе козгоду

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин жыйында сөз сүйлөп жатып, уюмдун алкагында кызматташтыкты чыңдоонун негизги багыттарын санап, аларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды. Ал муну башкы милдет деп атады.
“Макулдашылган биргелешкен иш-аракеттер аларга каршы турууга жардам берет. Мисалы, санкцияларга карабастан, өткөн жылы Орусиянын ШКУ мамлекеттери менен соода жүгүртүүсү өсүп, дээрлик 18,5 триллион рублга жеткен. Быйылкы жылдын 7 айында 16 триллион рубль кошулду”,- деди Мишустин.
ШКУнун алкагында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарынын бири транспорт тармагын өнүктүрүү, транспорт коридорлорун түзүү, мамлекеттердин транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу, ШКУ мейкиндигинде жолдорду биргелешип куруу экенин айтты.
"Транспорттук жолдор боюнча комплекстүү биргелешкен күч-аракеттер соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана жаңы рынокторду өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул биздин жарандарга да, бизнеске да пайда алып келет", - деп белгиледи Орусиянын өкмөт башчысы.
Жол демекчи, Орусияга кабат-кабат санкция салынып, тыюу салынган товарларды ташууда ортомчу болуп калышы ыктымал деген жүйө менен Борбор Азия өлкөлөрүнө Батыш тарап улам бир эскертүүсүн, сунушун кыйтып жаткан учурга туш келди.
Жыйындан кандай жыйынтык күтсө болот?
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.
- ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
- Көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчет тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
- 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету тууралуу өкмөт башчыларынын кеңешинин (ӨБК) чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;
- Уюмдун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо тууралуу ӨБК чечими;
- Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;
- Темир жол администрацияларынын өз ара аракеттенүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын штаттык күн тартиби боюнча ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
- ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун концепциясы боюнча ӨБК чечими;
- 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- Тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси;
- 2024-жылы ШКУга “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.
- Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индияны тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын Тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышты.











