"Навальный баканын уусу менен ууландырылган". Европанын беш өлкөсүнүн бүтүмү

Сүрөттүн булагы, MAXIM SHIPENKOV/EPA-EFE/REX/Shutterstock
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Алексей Навальный Түштүк Америкадагы даракчыл-баканын терисинен алынган эпибатидин деген уудан өлгөн. Бул тууралуу Улуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланд билдирди. Бул затты бир нече көз карандысыз лабораториялар маркум саясатчынын үй-бүлөсү чет өлкөгө чыгарып кете алган биоматериалдардын үлгүлөрүнөн табышкан.
Орус оппозициясынын лидери жана Владимир Путиндин негизги каршылашы Алексей Навальный эки жыл мурун Орусиядагы абакта каза болгон. Саясатчы чет өлкөдө "Новичок" химиялык затына уулангандан кийин Орусияга кайтып келгенде, түрмөгө отургузулган болчу. Орусиянын бийлиги бул ууланууга тиешеси жоктугун, ошондой эле Навальный абакта өз ажалынан өлгөнүн ырастап келишет.
"Улуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланды Алексей Навальный өлүмгө алып келген уу менен ууландырылган деген ынанымда", - деп айтылат Британиянын Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизинде.
Саясатчынын биоматериалдарын изилдеп чыкканда, аларда эпибатидин бар экени айкын болду.
"Эпибатидин – Түштүк Америкада байырлаган бакалар бөлүп чыгарган уулуу зат. Ал Орусиянын табиятында кездешпейт", - деп белгилейт британ тышкы иштер мекемеси.
"Орусия Навальный өз ажалы менен өлдү деп ырастап келет. Эпибатидиндин уулуулугун жана саясатчы өлөрдүн алдында анда байкалган симптомдорду эске алганда, анын өлүмүнө уу себеп болушу ыктымал. Навальный абакта көз жумду, демек, Орусияда бул ууну ага каршы колдонууга каражаты, жүйөсү жана мүмкүнчүлүгү бар болчу", - деп айтылат расмий маалыматта.
Билдирүүдө Европанын беш өлкөсү Орусия Химиялык курал тууралуу конвенцияны бузганы тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна кабар бергени да айтылат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия биринчи жолу мыйзам бузуп жатпаганын белгилеп, 2020-жылдын августунда Навальный "Новичок" менен ууландырылганын жана ушул эле зат Британиянын Солсбери шаарында колдонулуп, анын натыйжасында Дон Стерджесс өлгөнүн мисал келтирди.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ТАСС агенттигине берген маегинде беш өлкөнүн билдирүүсүнө мындайча жооп кайтарды: "Анализдердин жыйынтыгын беришсин, заттардын формулаларын беришсин – ушундан кийин гана комментарий да болот. Булар болмоюнча бардык сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр – бул Батыштын актуалдуу көйгөйлөрүнөн көңүлдү башка темага бурдуруу максатында жасалган аракет".
Саясатчынын жесири Юлия Навальная Европа өлкөлөрүнө дыкат жүргүзүлгөн иликтөөсү жана чындыкты ачып бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Мен күйөөмдү ууландырып өлтүрүшкөнүн башынан эле билчүмүн, эми болсо мунун далилдери бар: Путин Алексейди химиялык курал менен өлтүргөн", - деп жазды Навальная.
Орусиядан биоматериалдарды чыгарып кете алганын Юлия Навальная 2025-жылдын сентябрында айткан. Ошондо ал эки өлкөдөгү эки лаборатория "Алексей ууландырылган деген тыянакка келишкенин" билдирген. Бирок Навальная изилдөөлөр тууралуу толук маалымат берген эмес.
Эпибатидин – 1974-жылы ачылган нейротоксин, бирок уунун толук түзүмү 1992-жылы гана белгилүү болгон. Зат ооруну басуучу таасирге ээ, бирок андан көз каранды кылбайт (опиоиддердей эмес). Ушул себептен улам узак убакыт бою окумуштуулар эпибатидиндин негизинде ооруну басаңдатуучу дарыны жасоого аракет кылып келишкен. Бирок заттын адам үчүн коопсуз дозасын аныктай алышкан эмес.
Чычкандарга жасалган сыноолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, эпибатидин кан басымын көтөрөт, дем алуу органдарын бууп коет, тарамышты тырыштырып, адамды комага түшүрүп, акыры өлүмгө алып келет.
Навальный "Новичок" менен ууландырылгандан кийин аны дарылаган реаниматолог Александр Полупан The Insider басылмасына (дал ушул басылма лабораториялар чыгарган корутундуну биринчи жолу кабарлады) саясатчынын өлүм алдындагы симптомдору тууралуу ачык булактардан алынган маалыматтар эпибатидиндин таасири тууралуу маалыматтарга дал келерин айтты.

Сүрөттүн булагы, KIRILL KUDRYAVTSEV/AFP
"Адамды ууландырып өлтүрүүнүн укмуштуудай сейрек кездешүүчү ыкмасы". Навальныйга каршы колдонулган уу тууралуу эксперттин пикири
Джил Джонсон, Улуу Британияда иштеген уулуу заттар боюнча эксперт жана ботаникалык токсикология боюнча бир катар китептердин автору:
Эпибатидин – Эквадорду байырлаган уулуу даракчыл-баканын терисинен бөлүнүп алынган табигый нейротоксин. Ал морфинден 200 эсе күчтүү. Бул күчтүү химиялык кошулма борбордук нерв системасындагы (мээде жана жүлүндө), ошондой эле перифериялык нерв системасындагы никотиндик рецепторлорго (nAChRs) таасир этет.
Бул уу нерв рецепторлоруна ашыкча стимул бергендиктен, дозаны туура тандап алса ал булчуңдардын титирешине, шал оорусуна, тарамыштын тырышуусуна, жүрөктүн жайыраак согушуна алып келип, адам дем алалбай кыйналып, бул акыры өлүм менен аяктайт.
Эпибатидин өтө сейрек кездешет. Ал жапайы баканын бир гана түрүндө, бир гана географиялык аймакта жана өтө аз санда гана кездешет. Бака жеген тамагынан алкалоиддерди алып, бул химиялык затты терисинде топтоп отуруп иштеп чыгат. Эгерде баканын жеген тамагы өзгөрсө, эпибатидиндин запасы жок болот.
Керектүү алкалоиддерди пайда кылуу үчүн зарыл болгон тамакты жеген жапайы баканы туура жерден табуу дээрлик мүмкүн эмес.
Бул адамды ууландыруунун укмуштуудай сейрек ыкмасы. Эпибатидин менен ууландыруунун лабораториялык учурларын гана билем жана өлүмгө алып келген эмес.

"Новичокту" иштеп чыккан Орусиянын илимий-изилдөө институту эпибатидиндин синтези менен алектенген
Алексей Навальный ууландырылган эпибатидин заты Мамлекеттик органикалык химия жана технология илимий-изилдөө институтунда (МамОХТИИИ) синтезделгенине "Азаттык" радиосунун орус кызматынын (Радио Свобода) журналисти (Орусияда бул ЖМКнын бардык түзүмдөрү "чет өлкөлүк агенттердин" реестрине киргизилген) Сергей Добрынин көңүл бурду. СССР маалында бул илимий-изилдөө институтунда "Новичокко" кирген токсиндерди иштеп чыгышкан.
2013-жылы МамОХТИИИде иштеген авторлордун тобу эпибатидинди кантип синтездөө керектиги жөнүндө илимий макала жарыялашкан. Бул зат опиоиддерден кем калбаган, бирок көз карандылыкты пайда кылбаган, ооруну абдан жакшы басуучу, баңгизатка кирбеген анальгетик катары сүрөттөлөт.
Эпибатидин ошондой эле МамОХТИИИнин сайтында да бар – буга "Агентство" басылмасы ("чет өлкөлүк агенттердин" реестрине киргизилген) көңүл бурду. И. Н.Станьковдун жана авторлоштордун "Эпибатидиндин жана анын кандын плазмасындагы микроөлчөмдөрүн газ хроматографиялык жол менен аныктоо" деген аталыштагы макаласы Илимий-изилдөө институтунун түзүмдөрүнүн бирине – Химиялык куралсыздандыруу жаатындагы иштерди химиялык-аналитикалык көзөмөлдөө боюнча борбордук лабораторияга арналган бөлүмүндө бар.
Макала 2015-жылы "Аналитикалык химия журналына" чыккан. Бул эмгекти ошондой эле Springer эл аралык илимий басмасынын сайтында да табууга болот. Басылмага жазылган аннотацияда авторлор МамОХТИИИнин кызматкерлери экени көрсөтүлгөн.
Бул эмгектин авторлорунун бири – химиялык аскерлердин (Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн) башчысынын мурдагы орун басары Владимир Кондратьев; ал буга чейин МамОХТИИИни жетектеген. "Новая газета Европа" Суворов аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган сайттан Кондратьевдин өмүр баянын таап чыккан.
Өтө жашыруун маалыматтарга жете алган МамОХТИИИнин мурдагы кызматкери Вил Мирзаянов Би-Би-Си менен маегинде орусиялык окумуштуулар эпибатидинди синтездей алат деп ишенимдүү билдирди.
"Ал жерде өтө татаал кошулмаларды синтездешет, ал эми бул уу, формуласын карасам, жөнөкөй эле экен. Аны синтездөө толук мүмкүн. Менимче, ал организмге тамак-аш, суу, тери аркылуу, айтор, ар кандай жолдор менен кирет", - деп божомолдоду Мирзаянов.
Колониядагы сырдуу өлүм
Алексей Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта каза болгон. Орусиянын Тергөө комитети саясатчы "бир катар оорулардын натыйжасында" каза болгон деген корутундуга келген.
Бирок Навальныйдын үй-бүлөсү жана санаалаштары башынан эле саясатчы өлтүрүлгөнүн ырастап, бул үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди айыптап келишкен. Орусиялык тергөөчүлөр саясатчынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.
2025-жылдын сентябрында Юлия Навальная күйөөсү кантип өлгөнүн толугу менен сүрөттөп берген. Бул маалыматтарды саясатчынын санаалаштары колониянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чогултуп чыгышкан.
Алексей Навальный "Новичок" менен ууландырылып, Германияда дарылангандан кийин 2021-жылдын 17-январында Орусияга кайтып келген. Саясатчы паспорттук текшерүүдөн өтүп жаткан маалда камакка алынган.
Мындан көп өтпөй сот "Ив Рошенин" иши боюнча буга чейин чыгарылган шарттуу жазаны реалдуу жазага алмаштырган. Андан кийин Навальный кайрымдуулукка берилген акчаны шылуунчулук максатта колдонгон жана сотко сыйлабастык көрсөткөн деген айыптар менен дагы тогуз жылга, ал эми 2023-жылы жайында экстремисттик коомчулукту түзгөн деген айып менен өзгөчө режимдеги колонияга дагы 19 жылга кесилген.
Жылдын этегинде саясатчыны Владимир облусундагы колониядан Ямало-Ненец автономиялуу округунун Харп кыштагындагы №3 түзөтүү колониясына которушуп, ошол жерде каза болгон. (ZMa)



























