"Маңдайга жазыптыр, мандатты кайтарыптыр". Айгүл Карабекова БШКнын чечими тууралуу пикирин билдирди

Сүрөттүн булагы, social media
"Соттор биздин ишти карабаса да, Кудай бар деп жаткам". №13 шайлоо округунан кайрадан жеңүүчү деп табылган Айгүл Карабекова БШКнын күтүүсүз чечими жөнүндө Би-Би-Сиге комментарий берди.
"Маанай жакшы, акыйкаттык бир күн болбосо, бир күн болот деп турганбыз. Мен бир кудайга ишенип тургам. Ушунча шайлоочубуз, алардын укугу бар да. Соттор биздин ишти карабаганы менен кудай бар деп жаткам. Бешенеге жазган экен, буюрса, бүгүн мандатыбызды кайтарып беришти. Үгүт учурунда сегиз миллиондой сом короттум эле. Эл үчүн кызмат кылам эми", - деди Айгүл Карабекова.
Бүгүн, 13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) көпчүлүк үчүн күтүүсүз чечим чыгарып, жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 көп мандаттуу округдан үч талапкерди депутаттыкка бекитти. Натыйжада Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жеңүүчү деп табылды.
БШКнын 13-февралдагы жыйынында айтылгандай, ушул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова БШКга кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечимди кайра карап чыгууну өтүнгөн. Алар жаңы жагдайлар пайда болгонун билдиришкен.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өкүлү буга чейин козголгон ишти иликтөөдө талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары шайлоо тилкелерине телефондорду орноткону аныкталганын билдирди. Анын айтымында, аларга "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Башка талапкерлердин мыйзамсыз аракеттери аныкталган эмес.
БШКнын отурумунда талапкер Талант Мамытовго да сөз берилди. Ал үч талапкердин атынан сүйлөп, ар дайым мыйзамга баш ийип келишкенин, акыйкаттыкка ишенип, күрөө төгүп, фонд ачып, шайлоого катышканын билдирди.
"Биз бүгүнкү күнгө чейин күттүк. Ошол учурда кылмыш иши жок эле. Азыр тергөө органдарынын өкүлдөрү маалымат берип жатат. Камера кимге таандык экенин аныкташты. Баш мыйзам боюнча бир адамдын күнөөсү үчүн башкалар жооп бербейт, ар ким өзү үчүн жооп берет. Биз да сабыр кылып, адилеттүүлүктү күттүк", - деди Мамытов.
Тараптар сөз сүйлөп бүткөн соң БШК мүчөлөрү 30-ноябрда 13-округда шайлоо өткөн деп таанып, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдун 35 добушканасында талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө байкоочу камералар орнотулганы аныкталган. БШК бул аракеттерди "добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу" деп таап, 3-декабрдагы жыйынында округдагы жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул округдан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыгышкан. Мыйзам бузуулар боюнча негизги айыптоолор Бактыбек Сыдыковдун дарегине айтылган. Бирок ал бул дооматтарды "атаандаштарынын каралоосу" деп четке каккан.
БШК кайра шайлоо дайындап, саясий өнөктүк 1-мартта өтө турган болгон. Үгүт иштери 9-февралда башталган жана 28-февралда аяктамак. Бул жол 25 талапкер ат салышып жаткан.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бул талапкерлердин шайлоого катышуу үчүн төккөн күрөө акчалары кайтарыларын билдирди. Ошондой эле талапкерлердин кетирген чыгымдары боюнча маселе талкууланарын кошумчалады. Мындан тышкары, учурдагы талапкерлерден БШКнын бүгүнкү чечими боюнча арыз түшүп калышы мүмкүн деген да пикирлер болду.
Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков буга чейинки чакырылыштын да депутаттары болгон, ал эми Айгүл Карабекова парламентке биринчи жолу келип отурат.
Буларга мандат берилген учур президент Садыр Жапаров тандемдеши, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотуп, анын артынан Жогорку Кеңештин спикери да алмашкан учурга туш келди.
Талант Мамытов президент Садыр Жапаровдун жана кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиевдин жакын саясий өнөктөшү болгон. Ал Жапаров жана Ташиев менен чогуу 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.
Бул үч саясатчы 2012-жылы Кумтөр ишине байланыштуу уюштурулган митингдеги башаламандыктан соң камалып, аларды кийин Бишкек шаардык соту актаган.
Талант Мамытов 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп келген.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Мамытовдун карьерасында өзгөрүү болуп, ал Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланат. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн кызматын өткөрүп бергенде, Конституциянын негизинде өлкө тизгини Талант Мамытовго өтөт. Ал 2020-жылдын 14-ноябрынан 2021-жылдын 28-январына чейин мамлекет башчысынын милдетин аткарып турган.
Мамытов 2021-жылы күздөгү парламенттик шайлоодо кайрадан депутаттык мандат алып, дагы бир жолу спикер болуп шайланат. Бирок бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеген соң, 2022-жылдын октябрында өз каалоосу менен төрагалыктан кетет. Ал эми былтыркы парламенттик шайлоодо, жогоруда айтылгандай, Жалал-Абад облусундагы №13 округдан ат салышкан.




























