Меккедеги Каабанын жасалгалары Эпштейнге жөнөтүлгөнбү?

Сүрөттүн булагы, EPA
Грейс Цой
Эл аралык журналисттер тобу, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Файруз Хосни
Би-Би-Си Араб кызматы
Ислам дининдеги эң ыйык жай Каабаны жапкан кездеменин бөлүктөрү Жеффри Эпштейнге жөнөтүлгөнүн көрсөткөн документтерге байланыштуу дүйнө жүзүндөгү мусулмандар нааразылыгын билдиришти. Эпштейн – сексуалдык зомбулук көрсөткөн финансист.
30-январда АКШнын Адилет министрлиги Эпштейн иши боюнча жарыялаган кезектеги материалдарда 2017-жылы жазылган электрондук каттар камтылат. Анда Кисва аталышы менен белгилүү Каабанын жаап турган кездеменин үч бөлүгүн Сауд Арабиясынан Эпштейндин Карибдеги үйүнө жөнөтүлгөндүгү боюнча айтылат.
"Дүйнөдөгү эң ыйык жердин бир бөлүгүн эң жийиркеничтүү жерге жөнөтүп жатканын элестеткиле!" – деп жазат X колдонуучусу.
2014-жылы тартылган дагы бир сүрөттө Эпштейн менен бир эркек киши жерде жаткан кездемени карап жатканын көрүүгө болот. Ал Каабанын кире беришин жаап турган Кисванын аябай кооздолгон бөлүгүн эске салат.

Сүрөттүн булагы, Source: US Department of Justice
Дагы бир X колдонуучу Кисванын "жерде килем сыяктуу жатканы тартылган сүрөт жүрөгүмдү оорутту" деп жазган.
Бирок бул сүрөт документтерге байланышы жок болушу ыктымал. Ага ылайык, Кисва 2017-жылы Эпштейнге жөнөтүлдү деп бүтүм чыгарууга болбойт. Анын үстүнө сүрөттөгү кездеме чын эле Кисванын бир бөлүгү болуп-болбогонун айтуу мүмкүн эмес.
'Мечит'
Кара жибектен турган Кисва алтын жана күмүш жиптер менен сайылган Куран сүрөөлөрү менен кооздолгон. Ал Каабанын бардык төрт дубалын каптап турат. Кааба – Меккедеги чоң мечиттин ортосунда турган таш курулуш.
Миллиондогон ажылар келип кол тийгизип кеткенден кийин Кисваны ар жылы жаңыртып турушат. Ал ислам дининдеги жаңы жыл салтанатына туш келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШнын Адилет министрлигинин архивинде Эпштейндин кызматкерлери менен "Азиза ал-Ахмади" аттуу инсандын электрондук кат (эмейл) аркылуу жазышуулары бар. Анда 2017-жылы Эпштейнге Кисванын үч бөлүгүн жөнөтүүнү уюштуруу жөнүндө сөз болот: жашыл деп сүрөттөлгөн бири Каабанын ичинен; сыртындагы каптамада колдонулган кара кездеме; ошондой эле кездемеден сайма менен жасалган, бирок колдонулган эмес.
2017-жылдын 1-февралындагы эмейлде Ахмади аттуу кишинин жардамчысы Эпштейндин кызматкерлерине "мечит үчүн Каабанын айрым бөлүктөрүн жөнөтөрү" айтылат. Каттан алар Эпштейндин жериндеги "мечитке" ишарат кылып жатабы же жокпу так айтуу мүмкүн эмес.
Эпштейндин азырга чейин каралып чыккан документтеринде аралдагы мечит жөнүндө эч кандай маалымат берилген эмес. Бирок, Адилет министрлигинин сайтына жүктөлгөн документтерге ылайык, "сыйынуучу жай" деп сүрөттөлгөн имаратка шилтеме берилет. Кат жазышууда эмне жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз.
Документте эскерилген "мечитти" Меккедеги Каабаны камтыган чоң мечит менен алмаштырбаш керек.
Жүк Эпштейндин Палм Бичтеги үйүнө 2017-жылдын 4-мартында жеткенин жана андан ары АКШнын Виргин аралдарындагы Сент Томас аралына жөнөтүлгөнүн документтен көрүүгө болот. Бул Эпштейндин жеке менчик Литтл Сент Жеймс аралынан алыс эмес жерде жайгашкан. Бир нече адам дал ушул жерге алып барылып, зордук-зомбулукка туш болгонун айтып чыгышкан.
2017-жылдын 14-мартындагы АКШнын бажы кагазында жүктүн наркы $10,980 деп көрсөтүлүп, декларацияда "картина сүрөт жана пастелдер" деп жазылган. 21-марттагы эмейлде Кисванын бөлүктөрү "Эпштейндин үйүнө" жеткирилгени ырасталат.
Жүк жөнөтүлгөндөн кийин жазылган Ахмадинин эмейлинде Эпштейнге кара кездемеге "жок эле дегенде 10 миллион суннит, шиит жана башка мусулмандын колу тийгени" айтылат.
"Алар Каабаны жети жолу айланып, кийин ар бири ага колун тийгизүүгө аракет кылат жана ушул кездемеде алардын баталары, каалоо-тилектери, ыйлары жана үмүттөрү калган", – делет эмейлде.
Кисванын бөлүктөрүн Эпштейн белек катары алып-албаганы же болбосо ал чын эле Кисва болуп-болбогонун так айтуу мүмкүн эмес.

Сүрөттүн булагы, Source: US Department of Justice
Бирок бул Эпштейнге Сауд Арабиядан жиберилген алгачкы жүк болгон эмес экени айтылат Адилет министрлигинин маалыматында.
2017-жылдын 27-январындагы электрондук кат алмашууда Ахмадинин жардамчысы экени айтылган киши "мечиттин ичинде бир нерсени" даярдоо үчүн "мечиттин ичинен сүрөттөрдү суранган". Мурдараак, ошол эле кат жазышууда Эпштейндин жардамчысы Эпштейндин үйүнө "чатыр жана башка үй чарбасына керектүү каражаттар" жеткенин ырастаган.
Адилет министрлигинин документтеринде бир сүрөт бар. Ал сүрөттө арабдардын жүндөн жасалган салттуу чатырын жана башка килем, кофе кайнаткыч, чыны, тор куту сыяктуу буюмдарды көрүүгө болот. Бирок аталган буюмдар ошол Эпштейнге жеткирилген жүктөрдүн арасында болуп-болбогонун так кесе айтууга мүмкүн эмес.
Эки жүк тең ал сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү делип 2008-жылы айып тагылгандан кийин жеткирилген. Анда ал сойкулук уюштуруу боюнча, анын ичинде жашы жете электерге да, эки берене менен күнөөлүү деп табылган.
Би-Би-Синин комментарий алуу үчүн Ахмадиге байланышып, бирок жооп ала алган жок. Документтерде ысымы аталса, бул мыйзам бузуу үчүн далил болуп бере албайт.
Азырга чейин каралып чыккан Эпштейндин документтеринен аралда мечиттин жайгашкан жери же болуп-болбогону боюнча так маалымат жок. Ошентсе да эмейлдерде мечит эскерилет.
Эпштейн Литтл Сент Жеймсте болжолдуу 2009-2013-жылдары сыйынуучу жай сыяктуу имарат салган. Имараттын алтын чатырын 2017-жылы катуу бороон учуруп кеткен.
Бирок документтер "мечит" деп Эпштейндин үйүндөгү бул имаратка шилтеме берип жатабы же башка жергеби так айтууга мүмкүн эмес.
Документте айтылган "мечитти" Меккедеги Каабаны камтыган чоң мечит менен алмаштырбоо кажет.

Сүрөттүн булагы, EPA
Кадырлуу, бирок ыйык эмес
Сауд бийлиги Кисваны жасалгандан, орнотуп, чыгарып алганын жана эскилерин колдонууга чейин баштан аяк баарын толугу менен көзөмөлдөп турат. Бирок эски Кисваны пайдалануу боюнча эч кандай мыйзам жок.
Би-Би-Си кененирээк маалымат алуу үчүн Сауд бийлигине байланышып, материал жарык көрүп жаткан учурда эч кандай жооп ала алган жок.
"Кур жана самадия катары белгилүү алтын жана күмүш жиптер менен сайылган бөлүктөрү Сауд Арабия падыша сарайындагылар тарабынан гана белекке берилет", – деп билдирди Би-Би-Синин Араб кызматына ажылык жана умра боюнча жазуучу Ахмед ал-Халаби.
"Бул бөлүктөрү мусулман өлкөлөрдүн жетекчилерине жана алардын өкмөт мүчөлөрүнө белекке берилет".
"Калган кара кездемени көбүнчө майда бөлүктөргө кыркып, төмөнүрөөк кызматтагы мамлекеттик кызматкерлерге бериши мүмкүн", – деп кошумчалайт Халаби.
SOAS Лондон университетинин ислам искусствосу боюнча тарыхчысы, доктор Саймон О'Миранын айтымында, Кисва "өзөктө ыйык" эмес, бирок мусулман коомчулугунда абдан аздектелет.
"Ал падышанын чапаны сыяктуу эле Каабага арналган".
"Кисваны алып салгандан кийин анын ыйыктыгы жоголуп кетпейт. Анын үстүнө чыгууга болбойт".
Ошентсе да Халаби Адилет министрлиги жарыялаган документтерде эскерилген кездеменин аныктыгынан күмөн санайт. Ал кошумчалагандай, Кисванын мусулман эместерге белекке берүүгө болбойт.

Сүрөттүн булагы, Source: US Department of Justice
Сауд байланышы
Адилет мининстрилиги жарыялаган документтерге ылайык, 2016-жылдын башынан 2019-жылдын башына чейин Эпштейн Ахмади аттуу инсан менен ар кайсы темада эмейл аркылуу кат алышып турган. Айрым эмейлдерде Эпштейнге "босс" жана "кожоюн" деп кайрылат. Документтерден белгилүү болгондой, алар экөө Нью-Йорк жана Париж сыяктуу бир нече жерлерде жолугушкан.
Эпштейн Сауд Арабия бийлигине Ахмади аркылуу таасир көрсөтүүгө бир нече жолу аракет кылганын Адилет министрлиги жарыялаган документтер белгилейт.
2016-жылдын июлунда Ахмадинин атындагы эмейлде ал Эпштейн менен "НЕ Раафат" аттуу бир адамдын ортосунда жолугушуу уюштурууга аракет кылганын айтат. Электрондук катта ал Эпштейн менен "жакшы" убакыт өткөргөнүн жазат. НЕ англисчеде "His Excellency" (Улуу Урматтуу) деген маанини билдириши ыктымал. Мындай наам Сауд Арабиядагы жогорку мансаптуу бийлик өкүлдөрүнө карата колдонулат.
Адилет министрлиги жарыялаган документтер көрсөткөндөй, Эпштейн "каржылык абалы боюнча текшерүү" жүргүзүп, Aramco компаниясын коомчулукка чыгарууга каршы пикирин айткан. 2016-жылдын августундагы эмейлде Ахмади аттуу инсан Aramco деп Сауд Арабиядагы мамлекеттик мунай компаниясына шилтеме берип жаткан болушу мүмкүн. Кийинчерээк, Ахмади аны "карап чыгарын" айткан сыяктуу жана жооп катары жазган катына "Раафат Алсаббаг" аттуу бирөөнү кошуп койгон.
2016-жылдын ноябрындагы Эпштейндин жардамчыларынын биринин эмейлинде төмөнкүчө айтылат: "Азиза HE Раафаттын жардамчысы". Ар кандай адамдарга жазылган бир нече эмейлде Эпштейн "Раафат Алсаббагды Cауд канзаадасынын кеңешчиси" деп сүрөттөгөнүн көрүүгө болот.
Сауд Арабиянын 2017-жылдагы расмий пресс релизинде ал "Падыша сарайындагы кеңешчи" деп аталган.
Адилет министрлиги жарыялаган документтерге ылайык, "Саббаг" аттуу бир адам Эпштейн менен ыкчам кат алышып турган. 2016-жылдагы "Раафат Ал-Саббаг" аттуу аккаунттан Эпштейнге жазылган катта төмөнкүдөй айтылат: "Сени менен достугумду баалайм".
"Раафат Ал-Саббаг" аттуу адамдын Эпштейнге жазган эмейлинде бир жаңылыкка шилтеме камтылган. Жаңылыкта 17 жаштагы орусиялык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Дубайга кыздыгын сатуу үчүн учуп барганы жөнүндө баяндалат. "Акыры мага татыктуу бирөөнү жөнөттүң", – деп жазган педофил.
Ошентсе да аталган документтерде Ахмади жөнүндө маалымат аз. Бирок 2018-жылдын сентябрындагы эмейлде ошол ысымды колдонгон бирөө өзүнүн мобилдик оюн компаниясы жөнүндө Эпштейнден кеңеш сураганын көрүүгө болот.
Кисва жана Эпштейн менен эмейлде ысымдары аталган адамдардын ортосундагы байланыштар жөнүндө көп суроолор жоопсуз бойдон. Мусулман коомчулугу Сауд бийлигин кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырууда.
Эл аралык журналисттер тобунун мүчөсү Кавун Хамуштун кошумча репортажы. Редактору: Кейт Форбс
























