"Кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат". Жапаров үн катты, Ташиев кайтып келди

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Бүгүн, 13-февралда таң эрте УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга кайтып келди. Буга улай президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, Ташиевдин отставкасы боюнча түшүндүрмө берди.
Президент беш жылдан бери эриш-аркак иштеп келе жаткан эки саясатчыны ажыратуу аракетин байкаганын, тез чечим кабыл албаса, эл дагы экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн болгонун айтты.
"Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуу менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн "ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар" дейбизби, айтор, досумду жолдон адаштырып бара жатышкан. Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, "генерал тарапка өткүлө" деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан. Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору", - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров бөлүп-жаруу иштери Жогорку Кеңеште башталганын, андан соң "көчөдөгү ак сакалдарга" өткөнүн баса белгилеп өттү:
"Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор эл өкүлдөрүн чакырып алып, "биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп депутаттарды бөлүп баштады. "Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким" деп сураган депутаттарга: "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп иш жүргүзө башташты".
Президент спикердин өз каалоосу менен кызматтан кетишине акыркы окуялар жана 75 адамдан турган топтун кайрылуусу кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизгенин айтты:
"Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр".
"Жапаровдун командасы же Ташиевдин командасы деген бөлүнүү жок"

Сүрөттүн булагы, official
"Кабар" мамлекеттик агенттигинин директору Медер Шерметалиев коомчулук арасында "Жапаровдун командасы", "Ташиевдин командасы" деген түшүнүктөр айтылып жүргөнүн айтып, бул боюнча президенттин пикирин сураган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиевдин алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан "Жапаровдун командасы" же "Ташиевдин командасы" деген бөлүнүү жок", - деген Жапаров.
Президент Ташиевдин отставкасынан кийин УКМКда орун алган чукул өзгөрүүлөр тууралуу да түшүндүрмө берген. Эске салсак, Чек ара кызматы өзүнчө мекеме катары түзүлгөн. Ал эми Күзөт кызматы президентке карай турган болгон. Күч түзүмүндөгү бир нече жетекчилер иштен алынып, алардын ордуна башкалар дайындалган.
"УКМК өзүнө жүктөлгөн миссияны толук аткарды. Айрым багыттарда аны ашыгы менен да аткарды десек болот. Бирок мамлекет деген тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат. Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт. Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого жараша биздин мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл".
Өлкө башчысы коррупция жана криминалга каршы күрөш уланарын белгилеген.
"Бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул" деген сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт"
Журналист буга чейин Ташиев менен "бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт жакын досу отурат" деген макулдашуу болгон деген сөздөр айтылып жатканын, бул маалымат канчалык чындыкка дал келерин да сураган. Жапаров Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечерин айткан:
"Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат. Ошондуктан "бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул" деген сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат".
Жапаров президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаштуу маселеге так жооп алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганын да белгилеп өткөн:
"Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм".
"Достугубуз кала берет"

Сүрөттүн булагы, official
Жапаров соңку чечим мамлекеттин биримдиги үчүн кабыл алынганын, Ташиев менен достук мамилеси сакталып каларын дагы бир жолу белгилеген:
"Достугубуз кала берет. Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда ал менен байланышып, кыраалды түшүндүрүп, анан чечим кабыл алдым. Жогоруда айткандай менин чечимим мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынды. Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес".
11-февралда Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү да жарыяланып, ал отставка тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айткан эле.
"Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем. Себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" -деген Ташиев.
Камчыбек Ташиев 13-февралда таңкы үчтө бишкекке кайтып келди. Ал Германиянын Мүнхен шаарында дарыланып жаткан. Ташиев жакындары аркылуу дарылануусу толук аягына чыга электигине карабай келе турганын айттырып жиберген. Ал тосуп алууга эч ким келбесин деп суранганы айтылган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.




























