Би-Би-Синин Акчолпону

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Венера Койчиеванын бейнесине сүртүмдөр

Венера Койчиева

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венера кеңири аудиторияга Акчолпон деген эфирдик ысым менен таанымал.

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик резиденцияда болгон салтанатта Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Венера Койчиевага “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамынын күбөлүгү менен төш белгисин тапшырды. Бул сыйлык кадырлуу кесиптешибизге өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Венера Койчиевага сыйлык тапшыруу аземи

Сүрөттүн булагы, President.kg

Венера (Акчолпон) Би-Би-Синин кыргыз кызматынын эң биринчи командасына конкурста жеңип, тандалып барган. Ага чейин Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, Алматыда социология боюнча магистратураны окуп койгон эле. Англисче билген, кыргызча так сүйлөгөн, интеллектуалдык деңгээли жогору кыз Британиянын маалымдоо корпорациясында жогорку кесипкөйлөрдүн катарында 1996-жылдан тарта эмгектене баштады. Би-Би-Синин кыргызча радиоуктурууларынан Акчолпон деген жаңы ысым жарк этип, жагымдуу үнү, кынтыксыз дикциясы, курч маселелерди көтөргөн өткүрлүгү менен элге алынып кетти. Токсонунчу жылдардын ортосунан кийин төрөлгөн кыздарга ата-энелери тандап Акчолпон деген ысым кое баштаган эле.

Венера көп жылдар бою Би-Би-Синин кыргызча радиоуктурууларында продюсер, алып баруучу болду. Эл аралык жана жергиликтүү актуалдуу темалар боюнча чоң саясатчылар, коомдук ишмерлер, эксперттер менен мазмундуу маектерди жүргүздү.

“Түз эфирдеги маектер абдан курч жана маңыздуу болчу. Бул жагынан Акчолпон Койчиеванын алдына чыккан эч ким жок эле бизде. Бирде "өзбек чек арачылары аткезчилик боюнча кыргыз айылдарына кирип келип айрым үйлөрдү текшергени боюнча" радио материалдарды даярдадым. Кечинде түз эфир учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчилеринин бири менен Акчолпон Койчиева маек уюштурду. Расмий киши эмоцияга алдырып, катуу-катуу сүйлөп, мына эми экөө уруша кетет дегендей абал түзүлдү. Бирок ошол жерден дагы Акчолпон эже курч суроо берсе дагы жумшак сүйлөп кырдаалды жайгарган. Мындай учурлар көп болду. Биз үчүн мунун баары тажрыйба эле”,-дейт Би-Би-Сиде он беш жылдай иштеп кеткен журналист Айбек Абдылдаев.

Такшалган продюсер

Венера Койчиева

Сүрөттүн булагы, Screenshot

2009-жылы “Би-Би-Си Сапар” документалдык программасы башталып, анда дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы ар кыл актуалдуу окуялар жана темалар чагылдырылып келет. Буга тема тандоо чоң чеберчиликти талап кылат. Би-Би-Синин базасына дүйнөнүн чар тарабынан учурда болуп жаткан окуялар жөнүндө жайнаган видео келип топтолот. Аны четинен көрүп, эң маанилүүсүн тандап алып, кыргызча которуп, ага Кыргызстандын өңүтүн кошуп, фокусун таап эфирге чыгаруу чынында оңой иш эмес. Тема тандаганда ар бир окуяны тегерете карап, аны өзүнчө бир маанилүү ракурстан көрө билүү, башка жагынан жиреп кирүү, чындыгын тереңден ачуу керек. Ошондуктан ар бир жолу программанын темасы көп толгонгон чыгармачылык изденүүдөн кийин жаралат. Венера ушул жагынан кылдат журналисттик чеберчилигин көргөзүп, кесиптештерине үлгү боло алды.

 “Коомдук сайттардын саясатка таасири”, “Кыргызстандын Кытайга карызы”, “Индиядагы балдарды сатуу”, “Алжып калуу уятпы?”, “Эмдөө чыры? “Вакцина сапаты, ишеним жана жалган маалыматтар”, “Синтетикалык баңгизаттар”, “Стамбулдагы буйрутма өлтүрүүлөр”, “Казат Акматов жана кыргыз демократиясы” ж.б. темалар Венера даярдаган “Сапар” программасынын тематикалык палитрасынын кенендигин жана анын ар кыл өңүттөн ачылганын көрсөтүп турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мисалы, “Сапардын” эң соңку чыгарылышы Казакстандагы окуяларга арналды. Коңшу өлкөнү үч көтөргөн тополоң окуялар январдын башында болуп, көп адам каза тапты, аны бүт дүйнөдө туш-тараптан жиликтеп, талдап, ар кимиси өзүнчө кыйын болуп турган учур. Би-Би-Сиде күндөлүк тв жаңылыктарда бул окуяларды оперативдүү чагылдырып жаттык, бирок аны терең, ар тараптуу ачып берүү үчүн “Сапарга” албасак болбойт эле. Бирок убакыт өтө кысып жатты, бир аптадай убакытта аны даярдап чыгаруу машыккан продюсерге да оңой болбойт, буга бел байлап, өзүнө бекем ишенген гана журналист бара алат. Биз ойлогондой эле болду, Венера өзүнүн кадимки кесипкөй ыкмасына салды дагы саналуу убакытта программаны түзө салды. Программа абдан мазмундуу, ар тараптуу, салмактуу, сабырдуу болду. Британиядан, Казакстандан, Кыргызстандан, Кытайдан эксперттер менен маек куруп, Назарбаев отуз жыл башкарган өлкөдөгү бүгүнкү чакчелекей түшкөн кырдаалды ар тараптуу талдоого алды.

Венера Койчиева

"Кесиптешим Акчолпон Койчиева эң талылуу маселелердин күрөө тамырын кармай билген сезимтал, чебер журналист. Анын бир эле мисалы - Кыргызстандын тышкы карызы, анын ичинде Кытай мамлекетине болгон карыздын күңгөй-тескейин тээ алда кайдагы Африка өлкөлөрүнүн мисалы менен таамай ачып бергени. Андагы кээ бир аргументтери менен ушул жагын эске алалы деп коңгуроо какканы кесипкөйлүктүн айдан ачык мисалы. Бул сыяктуу тизме узара берет",-дейт кесиптеши Абдыбек Казиев.

“Би-Би-Си Сапардын” өткөн жылдагы бир чыгарылышы “Кыргызстандан жаштар кеткиси келет” деп аталды. Бул көрүнүш элге жаңылык эмес, бирок эрезеге жеткен кыргыздын уул-кыздары бакыт-таалай издеп, эли-жерин таштап, сыртка кетип жатканы эгемен мамлекеттин бүгүнкү, эртеңки жашоосун кандай өзгөртүшү мүмкүн деген ойду биринчи көтөрүп, Акчолпон коомду эң маанилүү маселенин айланасына чакырып келди.

“Сапар” телевизиондук программасында дүйнө өлкөлөрүндөгү урунттуу, масштабдуу жана уникалдуу окуялар, өзгөчө көрүнүштөр тандалган тема болот. Бул программаны даярдап жүрүп, Акчолпонго дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө барууга туура келди, дүйнөнүн көп сырларын билди, күтүлбөгөндөй окуяларга туш болду. Анын ичинде Африканын ортосунан орун алган Кениядагы алтын маселесин, Түркмөнстандагы ахалтеке майрамын ж.б алсак болот. Так ушул Түркмөнстанга болгон сапарында Акчолпон асыл тукум аргымагы менен ат чабышка чыккан Түркмөнбашынын аттан кулаганына кантип күбө болгонун кызыктуу кылып айтып калат. Түркмөнбашыны кайтарган сакчылар бул окуяны сыртка чыгарбаш үчүн башка жактан келген журналисттерди тинтип, тартып алган видеолорун өчүргөнү өзүнчө бир кызык.

Венера Койчиева

Сүрөттүн булагы, Screenshot

2013-жылдан баштап Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жаңылыктары чыгарыла баштагандан бери Акчолпон өзүнүн күйөрман көрөрмандарына бир айда бир эмес, тез-тез көрүнүп калды. Он беш мүнөттүк жаңылыктар программасын даярдоо, алып баруунун түйшүгүн мойнуна алды. Чакан команданын эмгеги акталды, жүргүзүлгөн сурамжылоолор Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жаңылыктарын ар жума сайын 3,1 миллион адам көрүп турганын көрсөттү - бул өлкө калкынын жарымына барабар.

Кесипкөйлүктүн маданияты

Би-Би-Си кыргыз журналистикасына маалымат даярдоонун калыс, бейтарап стандартын киргизди. Мында Би-Би-Синин командасында башынан бери талыкпай иштеп, кесипкөйлүктүн жогорку маданиятын көрсөтүп келаткан Венеранын салымы чоң.

“Бизде демократиянын калыптанышы менен сөз эркиндиги да Кыргызстанда журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болду. Ошонун ичинде сөз эркиндигинин эң бир маданияттуу, туура формасын мен Би-Би-Сиден көрөр элем. Аша чаап кетип, орой, одоно кеткен учурлар болгон жок. Дайыма өзүнүн Би-Би-Сиге тиешелүү аброю, туруктуулугу менен демократиянын принциптерин кармап, сөз эркиндигин колдонуп, кандай урунттуу учур болбосун, саясий, маданий коомдук турмушубузда болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгында Би-Би-Си сөз эркиндигинин принциптерин колдонуу менен өзүнүн позициясынан тайган жок”,-дейт КТРКнын башкы деректири Кайрат Иманалиев.

Сапарбек Касмамбетов жана чыгаан педагог ишмер Асангүл Абдыгулова.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венеранын жалпы кыргыз журтуна таанымал ата-энеси, чоң манасчы Сапарбек Касмамбетов жана чыгаан педагог, драматург Асангүл Абдыгулова.

Венеранын кесиптик чыгармачылык жетишкендиктеринде чыгармачыл ата-энесинин, өмүрлүк жолдошунун чоң таасири болбой койгон жок. Атасы бүт кыргызга таанымал чоң манасчы Сапарбек Касмамбетов, 2020-жылы сексен алты жашка караган убакта дүйнөдөн кайтты. Энеси көп жылдар мугалим, мектеп директору болуп ийгиликтүү иштеп, төбөсү көрүнгөн Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Асангүл Абдыгулова. Өмүрлүк жубайы кыргыз журтуна таанымал таланттуу жазуучу жана чыгаан журналист Арслан Капай уулу Койчиев.

Венеранын эмгек жолунун дагы бир кызыктуу өңүтү - ал Би-Би-Си корпорациясында 25 жылдан бери бир тууган эжеси Гүльнара Касмамбетова менен бирге үзөңгүлөш эмгектенип келатат. Би-Би-Синин Борбор Азия жана Кавказ кызматынын орус тилдүү программасына мурда эле барып иштеп жүргөн Гүльнара Касмамбетова менен бирге эле, 1996-жылы кыргыз командасынын түптөлүшүндө Акчолпондун дагы кайталангыс орчундуу орду бар.

Венера азыркы убакта чыгармачылык жана интеллектуалдык күч-кубатка толуп турган учуру. Кыргызстандын мамлекеттик ардактуу наамынын ыйгарылышы кесиптешибизди жаңы чыгармачылык бийиктиктерди багынтууга шыктандырып, дагы далай жетишкендиктерге күбө болобуз деп бекем ишенем.

Би-Би-Синин кыргыз кызматын түптөгөн биринчи команда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин кыргыз кызматын түптөгөн биринчи команда