Баатырдай баркы бар эле...
Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Чоң манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов 86 жашка караган куракта дүйнөдөн кайтты. Азыркы белгилүү манасчылардын ичинен жашы жагынан эң улуусу, жаратмандыгы жагынан эң көрүнүктүүсү эле.

Сапарбек Касмамбетов "Манас" эпосун оозеки жана жазма тилде тең чебер аткара билген манасчылардын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанымал эле. Ошондой эле анын кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде таанытууга кошкон орчундуу салымы бар.
Сапарбек Касмамбетов "Манас" айтуунун классикалык салттарын да өз деңгээлинен кемитпей сактап, тематикалык жагынан өнүктүрүп улаган, ошол эле учурда аны жазма түрүндө жаратуу менен таанытуунун өзүнчө бир өрнөктүү ишмердигин көрсөттү. Анын "Эр Кошой", "Билерик", "Бала Манас", "Жарманас" эпикалык чыгармалары "Манас" эпосунун сюжеттик линияларынын өзүнчө бир уландысы, өнүгүшү катары каралат.
"Эр Кошойду" убагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өзү окуп чыгып, ошондон кийин элибиздин дүйнөдө теңдешсиз болгон эпосун токтотпой, улуу руханий көчтү улагандарга ыраазылык сөзүн жазып бергени белгилүү.
Лондондогу "беш жылдыздуу" кече
Сапарбек манасчы улуу дастанды эл аралык деңгээлде таанытууга эң татыктуу салым кошту. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына кыргыздардан биринчи болуп тандалып ишке алынган улуу кызы Гүлнаранын чакырыгы менен 1995-жылы Лондонго барып, Би-Би-Сиде биринчи жолу британ коомчулугу үчүн "Манас" кечесин өткөрүп келген.

Экинчи жолу Лондонго 2005-жылы "Түрк тилдүү элдердин музыкасы" аттуу эл аралык илимий конференцияга чакырылып, "Манас" эпосунан үзүндү айтып берген. Бул маданий окуянын мааниси жөнүндө Англиядагы "Independent" газетасы 2006-жылдын 7-февралындагы санында төмөнкүдөй жазган: "Бул конференциянын концерттик бөлүгү беш жылдызга тете болду. Анда байыркы көчмөндөрдүн оймо-чиймеси түшүрүлгөн ак калпак, чапан кийип чыккан жетимиштеги аксакал бизге анча белгилүү эмес "Манас" эпосунан үзүндү айтып бергенде, залда тайманбас баатырлардын чаап бараткан аттарынын дүбүртү улакка угулуп, аудиторияны дүйнөнүн башка алкагына алып киргендей туюлду".
Ошондо башталган илимий-чыгармачылык кызматташтыктын жемиши англис тилинде өзүнчө бир китептин басылып чыкканы болду. Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан британдык окумуштуу Кит Ховард менен биргеликте даярдалып, "Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov's Recitations Of Epic Poetry" деген аталыштагы китеп кийин жарык көрдү. Китепте "Манас" эпосунун негизги окуялары англис тилинде кара сөз түрүндө баяндалып, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусу CD диск түрүндө жазылып, кошо тиркелген. Бул китеп кыргыздардын руханий таберигин Батыштагы окурмандарга таанытып даңаза кылган өзүнчө бир баалуу эмгек болуп калганы калетсиз.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев убагында бул китептин чыгышын кыргыз маданиятындагы чоң жаңылык деп атап, "бүт өмүрүн эпоско арнаган Сапарбек Касмамбетовдун варианты боюнча англисче китеп жарык көрүп отурганы биз үчүн ири сыймык" деп таамай баасын берген эле.
Ал эми Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институтунун музыка бөлүмүнүн жетекчиси Кит Дэвид Ховард өз кезегинде кыргыздын энциклопедиялык дастанын Европага таанытуудагы Сапарбек акындын эмгегин баса белгилеп, манасчылыкты өзүнчө бир чоң касиет деп атаган эле.
Айтуучулук өзгөчөлүгү
Башка манасчылардай эле Сапарбектин дагы өзүнө гана таандык айтуучулук өзгөчөлүгү бар болгон. Манас таануучулар биринчи кезекте анын окуяны жумшак, түшүнүктүү жана улуу эпосту кадимки жөө жомоктордой кылып иреттүү, өтө элестүү, жогорку көркөмдүктө айтканын белгилешет.

"Сапарбек Касмамбетов дайыма коомдун түрдүү катмарларына "Манасты" түшүнүктүү тилге салып, жеткиликтүү кылып айтканы менен өзгөчөлөнөт",-дейт манасчы жана манас таануучу Талантаалы Бакчиев. - "Манастын" эпизоддорун манасчылар өзүнүн тилдик, интеллектуалдык күчүнө салып, кайталангыс көркөмдүк менен чечмелеп, интерпретация менен айта турганы белгилүү. Ошол себептүү кээ бир эпизоддор кайсы бир манасчыда өтө күчтүү чыккан учурлар бар. Сапарбектин айтуусунда "Каныкейдин Тайторуну чапканы", "Алмамбет менен Чубактын чалгынга барганы", Гүлчоронун Үргөнч дайрасын кечип өткөнү сыяктуу окуялар өзгөчө эмоцияга толуп, жогорку көркөмдүктө айтылат".
Эстен чыкпас керемет учурлар
Табият Сапарбек Касмамбетовго манасчылыктан кем калбаган төкмөлүк өнөрдү да ыроолоптур. Канчалаган кароо-сынактарда, айтыштарда кандай гана темаларга чыгып ырдабады. Убагында чоңдорду арданткан курч сөзү, таамай тамашасын замандаштары дагы деле унута элек. Т.Сатылгановдун 140 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык конкурсунда байгелүү орунга татыктуу болду. Айтылуу Ашыраалы Айталиев менен бир театрда иштеп, бирге гастролдорго чыгып, эл алдында аткарган айтыштары чыгармачылыктын эстен чыкпас керемет учурлары болуп калды.

Касмамбетовдун манасчылык жана төкмөлүк өнөрүндөгү жогорку чеберчилиги жана жалпы эле чыгармачылык жетишкендиктери мамлекеттик деңгээлде татыктуу баасын алып, ага "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган. "Даңк"медалы, "Манас -1000" юбилейлик медалы менен сыйланды, "Билим берүүнүн мыктысы", "Маданияттын мыктысы"аталды. Ошондой эле коомдук-чыгармачыл уюмдар тарабынан берилген "Эл манасчысы", "Залкар манасчы", "Манас" коомдук академиясынын академиги", "Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу" наамдары жалпы эл-журтунун аздектеп берген жогорку баасынын айкын күбөсү. Анын өзүнүн замандаштары баалагандай, расмий түрдө баатыр наамы болбосо дагы баатырдай баркы жана наркы бар маданият ишмери катары кыргыз элинин эсинде кала бермекчи.
P.S.Би-Би-Си кыргыз кызматынын жамааты манасчы Сапарбек Касмамбетовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өмүрлүк жубайы, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Асангүл Абдыгуловага, Би-Би-Си кыргыз кызматынын башкы редактору Гүлнара Касмамбетовага, башкы продюсери Акчолпон Койчиевага жана башка балдарына, жакындарына кайгырып кайрат айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Кубатбек Чекиров, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору








