АКШ: Чалгын кызматы орусиялык олигарх менен байланышы бар үйлөрдү тинтүүгө алды

АКШда тинтүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чалгын кызматы тинтүү иштери жөнүндө маалымат берген жок

Федералдык чалгын кызматы (FBI) орусиялык миллиардер олигарх Олег Дерипаска менен байланышы бар АКШдагы турак-жайларды тинтип чыкты.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын байланышы бар Дерипаска АКШнын санкциясына 2018-жылы түшкөн.

Олигархтын өкүлү Рейтер маалымат агенттигине билдиргендей, чалгын кызматы Дерипасканын туугандары ээлик кылган эки үйдү тинтүүгө алган. Ал үчүн соттун ордери чыккан.

Сүрөттөрдөн агенттер Вашингтон шаарындагы үйлөрдөн коробкаларды көтөрүп чыгып жатканын көрүүгө болот.

Башкалар болсо кылмыш чегин белгилеген сары тасманын сыртында күзөттө турушту.

Өкүл Нью-Йорктогу дагы бир үй тинтүүгө алынганын билдирди.

Азырынча тинтүү иштери эмне себептен жүргүзүлгөн так себеби белгисиз. Чалгын кызматынын өкүлү NBC маалымат агенттигине билдиргендей, Вашингтон шаарындагы турак-жай боюнча мекеме “мыйзамды аткарып” жатат. Андан бөлөк маалымат берген жок.

53 жаштагы Дерипаска 1990-жылдары металл сатып байлык топтогон. 1997-жылы ал Орусиянын эң ири “Базалык элемент” аттуу индустриалдык тобун негиздеген. Топко ал дале ээлик кылат.

Олег Дерипаска

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олег Дерипаска мультимиллиардер алюмин магнаты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын Казына кызматы Дерипаска менен катар дагы алты орусиялык олигархка, алар жана башка Орусиянын жогорку кызматтагы расмийлери ээлик кылган компанияларга 2018-жылы санкция киргизген.

Казына кызматынын ошол кездеги секретары Стив Мнучиндин айтымында, мындай чечим Орусиянын АКШдагы 2016-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө жооп иретинде кабыл алынган. Аны Орусия четке кагып келет.

АКШнын президенти Доналд Трамп кызматка киришкенден кийин бир жыл өтүп Дерипаскага байланышы бар үч фирмадан санкцияны алып салган. Бул кадамды демократтар сынга алган болчу. Бирок олигархка байланыштуу санкциялар күчүндө калтырылган.

Дерипаска президент Трамптын шайлоо өнөктүгүн жетектеген Пол Манафорт менен да байланышы бар. Манафорт алдамчылык боюнча айыпталып, кийин 2020-жылы декабрда ага Трамп тарабынан кечирим берилген.

2016-жылы “Гардиан” гезити кабарлагандай, Манафорт Украинада инвестициялык келишимдерди түзүү боюнча Дерипаска менен иштешкен. (EA)