"Чоң жыйырмалыктын" саммити: Путин менен Трамп жолукту

Сүрөттүн булагы, TASS
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп Осака шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки лидер акыркы жолу өткөн жылы жолуккан. Андан бери Москва менен Вашингтондун мамилеси бузулду.
"Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында өтүп жаткан Трамп менен Путиндин сүйлөшүүлөрү бир жарым саатка созулду. Эки лидер Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы кырдаалды талкууга алып, Орусия-АКШ алакаларынын оңолушу дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыгында экенин белгилешти.
Журналисттердин Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү тууралуу сөз болдубу деген суроосуна, Трамп "суранам, шайлоого кийлигишпечи" деп Путинге тамашалап айтты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Путин менен Трамп ушуну менен үчүнчү жолу жолугуп жатат. Осакадагы "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алдында президент Путин британдык Financial Times гезитине маек куруп, Трампты таланттуу адам деп атады.
"Трамп мырза, ал карьердик саясатчы эмес, дүйнөгө жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарына анын өзүнүн көз карашы бар. Мен анын проблемаларды чечүү боюнча көп ыкмаларына макул эмесмин. Бирок, билесизби, бул жерде кеп эмнеде? Ал таланттуу адам. Шайлоочу андан эмне күтүп жатканын кыраакылык менен сезет",- деди Путин.
Ошондой эле орус президенти Дональд Трамп шайлоодо башка мамлекеттин кийлигишүүсүнүн жардамы менен эмес, командасынын ийгилиги үчүн жеңишке жеткен деп кошумчалады.
Кошмо Штаттарда эки жылдан бери Москванын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Апрелде атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасы жарыяланып, анда Орусиянын бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген тыянак чыгарылган. Бирок, Трамптын администрациясы Москва менен иш алып барганы тууралуу эч далил табылган эмес.
Кытай менен Жапониянын алакасы жакшырууда
Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе да "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, AFP
Соңку жылдары эки мамлекеттин мамилеси оңолууда. Буга АКШнын соода тармагындагы саясаты жана Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору себеп дейт талдоочулар.
Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон АКШ менен Кытай ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кеткен. Президент Трамптын соода тармагындагы саясаты дүйнөлүк деңгээлде таасирин тийгизип, мурда атаандаш катары саналган мамлекеттер бири-бирине жакындап жатат.
"Жапон-Кытай алакаларында президент Си менен биргеликте жаңы барак ачкым келет",-деди Абе.
Эки лидер "эркин жана адилеттүү соода" жүргүзүү жана көйгөйлөрдү "ачык сүйлөшүүгө" убада беришти.
Кытайдын лидери Си 2013-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу расмий иш сапары менен Жапонияга келди. Си Цзиньпин Жапониянын премьер-министрин эмдиги жылы Кытайга чакырды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Кытай-Жапонияталкуулаган көйгөйлөр
Жапония менен Кытай Азия континентиндеги эки ири экономикага ээ. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдө негизинен соода тармагына басым жасалды.
Былтыр эки мамлекет жыл сайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана технология тармагында өнөктөшүү боюнча келишимге жетишкен. Эми эки лидер глобалдык экономикадагы "кыйынчылыктарды" эске алып, "эркин жана адилеттүү соода системасын" иштеп чыгуу боюнча убадаларын айтышты.
Андан тышкары региондогу туруктуулукка коркунуч жараткан Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору дагы талкууланды. Кытай Түндүк Кореянын эң чоң экономикалык өнөктөшү. Ага карабастан Токио менен Бээжин Пхеньянды өзөктүк долбоорун токтотууга үндөп келет.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Жапониянын Түндүк Кореяга таасири деле жок. Дал ошол себептен Кытай менен жакын мамиледе болуу Токио үчүн маанилүү. Буга чейин Жапония Кытай менен АКШ аркылуу Түндүк Кореяга өз пикирин жеткирип келген.
"Чоң жыйырмалыктын" саммити ишемби күнү башталат. Бирок негизги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жума күнү жыйынтыкталат. Мисалы, соода согушун жайгаруу үчүн багытталган Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу бүгүн болот деп күтүлүүдө. (AT)












