Орусиядан чыгарылып кеткен тыңчы тууралуу эмне белгилүү?

АКШнын чалгын кызматы 2017-жылы орус өкмөтүндө иштеген тыңчысын Орусиядан жашыруун алып чыгып кеткени тууралуу Си-эн-эн телеканалы өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты.

Образ шпиона

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Телеканалдын маалыматына караганда, атайын кызмат Дональд Трамптын администрациясы жашыруун маалыматтар менен иштөөдө кемчиликтерге жол берип, америкалык тыңчынын ачыкка чыгып калуусуна коркунуч жаратат деп чочулаган болушу мүмкүн.

Тыңчыны алып чыгып кетүү боюнча чечим 2017-жылы май айында Ак үйдө Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен жолугушкандан соң кабыл алынышы мүмкүн деп айтылат макалада.

Жолугушуунун жыйынтыгы атайын кызматтын жетекчилигин бир топ бушайманга салып, Орусиядагы тыңчысынын коопсуздугу тууралуу ойлонууга түрткөн деп кабарлайт Си-эн-эн.

Тыңчы тууралуу АКШ өкмөтү менен атайын кызматтын саналуу гана кишилеринде маалымат болгон. Ал аркылуу алынган маалыматтар өтө баалуу болуп, ага альтернатива жок эле деп айтып берет телеканалдын булагы.

Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) өкүлү Бриттани Брамелл телекомпаниянын маалыматын адашууга алып келген, так эмес, жаңылыш маалымат деп атады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришэм Си-эн-эн билдирүүсүн "жаңылыш гана эмес, айрым кишилердин өмүрүн коркунучка кептеши мүмкүн" деп белгилеген.

Дональд Трамп өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында Си-эн-энди катуу сынга алды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

"Менин укканыма караганда, алар [Си-эн-эн] рейтинги төмөндөп кеткени үчүн чыгымга учурап жатат. Бирок эң негизгиси Си-эн-эн АКШ үчүн зыяндуу. Алардын эл аралык бөлүмү бүтүндөй дүйнөгө жаман жана бурмаланган маалыматтарды таратып жатат",-деп жазды Трамп.

"Муну ЦРУ жокко чыгарсын же тастыктасын. Ал эми Лавров менен Трамптын жолугушуусу тууралуу айтканда, мындай жөөлүгөн калпты CNN мурда-кийин дегеле ойлоп таппаса керек",-деп билдирген орус басылмаларына Орусиянын тышкы иштер министрлигиндеги булагы.

Борбордук чалгын кызматынын мурдагы инструктору Жон Сайфер "Твиттер" баракчасына бийликтин жогорку эшелонунан тыңчыны тартуу - атайын кызмат үчүн өтө татаал тапшырма экенин, мындай учур болсо, өтө сейрек болоорун жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Британдык Guardian басылмасы акыркы жолу Орусиядан АКШга качкан белгилүү тыңчылардын бири Александр Потеев болгонун эске салды.

Орусиянын атайын кызматынын мурдагы полковниги өлкөдөн 2010-жылы жасалма паспорт менен чыгып кеткен. Кийин орусиялык сот мамлекетке чыккынчылык кылган деп өкүм чыгарып, сыртынан соттогон. (AbA)