Шайлоо-2020: ким көч баштайт?

Президенттик шайлоо алдындагы үгүт

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик шайлоо алдындагы үгүт
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоодо кайсыл партиялар көч баштарын болжоо кыйын болууда. Мурдакы парламенттик шайлоолордо жеңүүчү болгон партияларды кризис басты. Жаңы партиялардын жолунда болсо тоскоолдук көп.

Боршайком кезектеги парламенттик шайлоону кийинки жылдын 4-октябрына дайындады.

"Бул күн октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет. "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийинки айдын жекшембисинде шайлоо өткөрүлүшү керек", -деди БШК өкүлү Анарбек Абазбеков.

Шайлоо күнүнүн белгилениши менен партияларга кийинки жарыш үчүн расмий старт берилди десе болот. Бирок ага чейин деле партиялар жана саясатчылар баштагыга караганда кыйла жандана баштаганы байкалган.

Сентябрда "Кыргызстан" саясий партиясы курултайын өткөрүп, "Ата Журт" шайлоого "Республикасы" жок барарын жар салды.

"Бириң кеттиң Каңгайга, бириң кеттиң Алтайга"

Кыргызстанда соңку эки парламенттик шайлоодо төрт партия: КСДП, "Республика", "Ата Журт" жана "Ата Мекен" жеңүүчү болуп келди. Бирок талдоочулар бул жолку шайлоодо алардын жеңишке жетерине анча ишенбей жатышат.

Сегиз жылдан бери бийлик партиясы болуп келген КСДП тизгини быйыл катуу талашка түшүп, ичтен ыдырады. Шайлоого партияны ким баштап барары, дегеле катышар-катышпасы да белгисиз.

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, кайра келсе да башы сурактан чыкпаган Өмүрбек Бабановго тийиштүү "Республиканын" да дымагы бул шайлоодо кандай болот айтуу кыйын. Бабанов өзү саясаттан кетерин буга чейин бир нече жолу кайталап келди. Учурда партияга ким лидерлик кылып атат, ал да бүдөмүк.

Бабанов Кыргызстанга быйыл августта кайтып келди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бабанов Кыргызстанга быйыл августта кайтып келди

"Ата Журт" партиясы кийинки шайлоого "Республика" менен эмес, өз алдынча бара турганын билдирди. Партия 2010-жылы өткөн шайлоодогу ийгилигин кайталагысы келип жатат. Бирок Камчыбек Ташиев жанына кайсыл саясатчыларды чогултат, кимдерди топтойт, ачыктаган жок.

"Ата Мекен" өткөн шайлоолордо жеңүүчү чыкканы менен эң аз мандат алган фракциялардан болду. Лидери Текебаев эки жылдан ашык абакта жатып чыкты. Шайлоо чыгымдуу жараян экенин эске алганда, эми кийинки шайлоого ата мекенчилердин каруусу жетер бекен?

"Бир Бол" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары бул чакырылышта парламентте аба-ырайын түзө алдыбы, ал дагы суроо.

Бирок ошол эле тапта жаңы партиялардын дагы шайлоодо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Тогуз пайыздык босого чек, шайлоо талап кылган чоң күрөө акы жаш партиялардын канатын кайрууда.

" Бизде партиялардын көбү жаш, жаңы эле буттарына туруп жатканда тогуз пайыздык босого чекти койбош керек. Ошондой гана парламентке ар кандай күчтөр келип өзүн көрсөтө алат", -деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Бийлик партиясы

Кийинки шайлоого карата эң эле бүйүрдү кызыткан суроо мына ушул. 2015-жылы өткөн шайлоо алдында мындай суроо турган эмес. Себеби, мурунку өлкө башчысы ачык эле КСДПга колдоо көрсөтүп келди.

Бул жолу бийлик кайсыл партияга артыкчылык берет, жаңысын түптөйбү, ошол жагы кызык болуп турат.

Кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт

"Акчалуу эле партиялар өтөт. Бирок партия акчалуу болуш үчүн аны бизнесмендер каржылашы керек. Ал эми ишкерлер бийлик айткан партияны каржылайт. Өзүнчө чыгып, күчтүү оппозициялык партия болуп бийликти сындай албайт. Бийликтин партиясы жана бийликтин "батасын" алган бир-эки партия өтүшү мүмкүн. Азыркы маалда бийликке лоялдуу болуп аткан партиялар "Кыргызстан" менен "Мекеним Кыргызстан" болуп атат. Акыркысын Раим Матраимов каржылайт экен деген сөздөр болуп атат", -дейт саясатчы Айбек Бузурманкулов.

Эмнеси болсо да шайлоого даярдыктар азырынча көшөгө артында жүрүп, саясий күчтөр кадырын, акчасын жана мүмкүнчүлүгүн баалап жаткан чагы.

Кыргызстанда 200дөн ашык саясий партия бар дегени менен иш жүзүндө активдүүсу отузга жетпейт.