Эмне үчүн Трамп республикачылар арасында мынчалык популярдуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аны сүйсөң да, жек көрсөң да, ал кайтып келди.
2024-жылы Республикачылардын атынан президенттике ат салышып жаткан АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Айова штатындагы кокустарда жеңишке жеткенден кийин, өзүнүн фавориттик ордун бекемдеди.
Анын жеңиши ага бардык башка талапкерлердин добушун кошуп эсептегенден да көбүрөөк добуш алып келди.

Кийинчерээк алгачкы дебаттарда көп талкуу жаратып, бирок ийгиликке жете албай жарыштан четтеп калган биотехнологиялык ишкер Вивек Рамасвами Трамп мырзаны колдоп чыкты. Анын соңунан Аса Хатчинсон да жарыштан четтеди.
Эгерде Трамп мырза талапкерлигин камсыздап, 5-ноябрга белгиленген шайлоодо жеңип чыкса, ал АКШнын азыркы тарыхында өлкөнү башкарып, андан кийин шайлоодо утулуп, кийин кайра бийликке келген биринчи президент болмок.
Муну кылган акыркы президент 1892-жылы Гровер Кливленд болгон.
АКШнын 60-президенти болуу жарышынын эң алгачкы күндөрү болсо да, Трамп мырзанын жеңиши анын популярдуулугу республикачылар арасында сакталып жатканынын айгинелейт.
Кээ бир себептерин чогуу карап көрөлү.
Экономика

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айова штатындагы Трамптын жактоочусу эмне үчүн мурдагы президентти кайра мурунку ордунда көргүсү келет деген суроого: "Ал экономиканы калыбына келтирет жана газдын баасын төмөндөтөт" деп жооп берди.
Бул ойду кармангандардын арасында ал жалгыз эмес. Экономика маселеси Трамп командасынын шайлоо кампаниясындагы кайрылуусунун өзөгү болду.
Анын уулу Эрик Би-Би-Си Америка подкастына "Менин атамдын тушунда өлкөнүн тарыхындагы эң кубаттуу экономика, эң төмөнкү жумушсуздук, эң төмөнкү инфляция, эң арзан газ баасы болгон" - деп айтты.
Трамп пандемияга чейин бийликте турганда АКШнын экономикасы гүлдөп турганы чын.
АКШнын экономикасы, албетте, Ковид-19дун тутануусунун натыйжасында тарыхта болуп көрбөгөндөй экономикалык төмөндөөгө дуушар болду.
Президент Байдендин тушунда Украинадагы согуш энергетикалык чыгымдардын өсүшүнө алып келди жана инфляция акыркы 40 жылдагы эң жогорку чекке жетти. Инфляция азыр бир топ төмөндөп, экономика былтыр күтүлгөндөн күчтүүрөөк болду.
Жигердүү Трамп менен "Уйкулуу Жо"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эки кишинин кызматтык китепчесиндеги тизмелер Трамп мырзанын пайдасына иштейт", - деп ырастайт Трамптын 2020-жылдагы шайлоо штабынын коомчулук менен байланыш боюнча мурдагы директору Марк Лоттер. "Мен 2020-жылы шайлоо өнөктүгүндө иштегенде Байден ээ болбогон нерсе - бул кызматтык китепчесиндеги жазуулар болгон», - деди ал Би-Би-Сиге.
"Анын [Байдендин] азыр кызматтык китепчеси бар, бирок мунусу элге жакпайт" деп кошумчалады Марк Лоттер.
Трамптын жактоочусу Билли Блатрас Трамп мырзаны "жигердүү лидер" деп эсептейт.
"Биз анын биринчи мөөнөтүндө эмне кылганын көрдүк. Биз мунун кайра кайталанышын каалайбыз. Президент Байдендин тушунда өлкөбүздүн төмөндөп кеткенин да көрдүк" - деди ал.
Айова штатындагы дагы бир жактоочунун айтымында, Трамп мырзанын бизнеси жана атактуулугу дагы деле негизги фактор болуп саналат. "Бул өлкөнү башка саясатчы башкарбаш керек, бизнести кантип жүргүзүштү билген адам эң мыкты талапкер боло алат деп эсептейм", - дейт ал.
Көптөгөн республикачылар Трамп мырзанын инсандыгы бөтөнчө жана ал COP26 климаттык конференциясында уйкусурап отурганы камерага түшүп калгандан кийин, сынчылары "Уйкулуу Жо" деп атап алышкан президент Байденден кескин айырмаланат деп эсептешет.
Бирок, албетте, акыркы жолу бул экөө бетме-бет келгенде, Байден жеңген болчу.
"Канды ууландырган" мигранттар темасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп мырза октябрда оңчул The National Pulse басылмасына берген маегинде иммигранттар "өлкөбүздүн канын ууландырууда" деп айтканда, президент Байден аны нацисттик Германияда жаңырган риториканы колдонду деп айыптады.
Трамп эгер ал кызматка кайтып келсе, ага каршы чыккандардын бардыгынын артынан түшүп, өзү Америкадагы зыянкечтер деп атаган нерсени жок кыларын айтты.
"Ак үйдүн стенограммасына ылайык, бул сиз 30-жылдары нацисттик Германияда уккандарга окшош жана бул биринчи жолкусу эмес" - деп кошумчалады президент Байден.
Нацисттик Германиянын пропагандасын изилдеген тарыхчылар менен эксперттер Би-Би-Сиге президент Байдендин салыштыруусу туура болгонун айтышты.
Пенсильвания университетинин тарыхчысы Энн Берг: "Биз нацисттик Германияда мындай коркутууларды укканыбыз төгүн эмес, алар чындыгында ушундай кылышты" -деди нацисттердин бийликти колго алгандан кийин саясий каршылаштарына жасаган чабуулдарын мисал келтирип.
Бирок CBS тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы Республикалык партия анын комментарийлерин ишенимдүү колдогонун көрсөттү.
CBS эки ыкманы колдонуп каттоодон өткөн республикачыл шайлоочулардан Трамп мырзанын билдирүүсүнө макул же макул эместигин сурады.
Сурамжылоого катышкан респонденттердин жарымы ким айтканы белгисиз "канды ууландыруучу" комментарийлер жөнүндө суралса, экинчи жарымына муну Трамп мырза айтты деп кабарлашты.
Кандай болгон күндө да республикачы шайлоочулардын көбү макул болушту;
72% бул билдирүүгө ким айтканы белгисиз болсо да макул болду, ал эми билдирүү Трамп мырзага таандык экенин уккан шайлоочулардын 82% буга макул болду. Бул анын иммиграция боюнча позициясы тарапташтарды өзүнө тартууда дегенди билдирет.
Америкалык жаштардын колдоосу күчтүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында Трамп мырзага анын жаш шайлоочулардын арасында Байденден озуп кетиши мүмкүн экендиги зор түрткү берди.
Декабрдын ортосунда "Нью-Йорк Таймс" жана Сиена колледжи тарабынан жарыяланган сурамжылоо анын 18 жаштан 29 жашка чейинки шайлоочулар арасында алты пайыздык пунктка алдыга чыкканын көрсөттү.
Эксперттер бул тенденциянын чоо-жайын талкуулап жатышат, бирок бул 2020-жылдагы шайлоодон бир кыйла башкача көрүнүштү сунуштайт, анда Трамп ушул эле курактагы топтун арасында Байденден 24 пайыздык пунктка артта калган болчу.
Бул жарым-жартылай Байдендин жаш шайлоочулар менен байланыш түзө албаганы жана анын Израил-ХАМАС согушуна карата мамилесине жаштардын көңүл калуусу менен, ошондой эле Трамптын популярдуулугу менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.
Бирок, Айова штатындагы жаш республикачылар тобунун жетекчиси Мэри Уэстон Би-Би-Сиге жаш республикачыларды Трамптын сахнадагы күчү өзүнө тартып жатат деп айтты: "Сиз анын өзүн кандай алып жүргөнүн жана анын сүйлөгөнүн көрүп таң каласыз" дейт ал.
Азыр Мэри Уэстон 23 жашта, Трамп президент болуп турганда мектеп жашында болчу жана аны колдогону үчүн көптөгөн адамдар аны шылдыңдап, куугунтукташканын айтат.
Бирок анын ишениминде, «ал эмнеге ишенсе, ошону жактайт» жана «ал ким болгусу келсе, андан коркпойт» деген фактылар жаш шайлоочуларга жагат.
Сот иштери "куугунтук" катары каралууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дональд Трампка төрт жолу айыптоо коюлган жана үстүбүздөгү 2024-жылы да, Ак үйгө кайрадан ат салышып жаткандыктан, бир катар сот процесстерине катышмакчы.
Ал Нью-Йоркто сотко берилип, башка жерлерде федералдык жана штаттык прокурорлор бир катар иликтөөлөрдү башташкандыктан, Джорджияда, Флоридада, Манхэттенде жана Вашингтондо да ага айыптар тагылды.
Бир катар штаттардагы соттук териштирүүлөр дагы Трамп мырзаны үч жыл мурун АКШ Капитолийдеги баш аламандык учурунда козголоңго катышкан деп ырастап, президенттик жарыштан четтетүүнү көздөп жатат.
Мындай бүтпөгөн сот иштери колдоочулардын кай бирин чочутат деп күтсө болот, бирок ардагер сурамжылоочу Фрэнк Лэнс Би-Би-Сиге бул чындыгында Трамп мырзанын ишине жардам бергенин айтты:
«Ага айып тагылган сайын анын тарапташтары көбөйүп жатты. Аны шайлоо бюллетенинен алып салган сайын - Мэн менен Колорадодо - анын тарапташтары көбөйүп кетти. Сиз Дональд Трампка кайрылган сайын ал мындан өзүнө пайда табат. Биз Америкада ага окшош башка эч кимди көргөн эмеспиз» - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок, айта кетчү нерсе, Трамп мырзанын Айовадагы ийгилигине карабай, көптөр Жуди сыяктуу : "Ал коркунучтуу, таптакыр жийиркеничтүү. Мен эмне үчүн адамдар ага добуш беришерин түшүнбөйм" деген ойду карманышат.
Эгерде Трамп мырза Республикачылардын талапкери болгусу келсе, анда ал дагы көп иштерди аткарышы керек.
Ал келерки жумада Нью-Гэмпширде өтүүчү праймеризде БУУнун мурдагы элчиси Никки Хейлиге туш болот деп күтүлүүдө, анда сурамжылоолор көрсөткөндөй, Трамптын бир кездеги үстөмдүк кылган лидерлиги бир орундуу санга чейин азайып кеткен.
Ошого карабастан ал Республикалык шайлоочулардын Айовадагы биринчи тандоосунда жактырылгандан кийин, дагы деле президенттик жарышта эң башкы фаворит болуп саналат. (МА)



