Түрмө же Ак үй. Сый тамакта Трампты дүркүрөтө тосушту

Трамп жана анын аялы Мелания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп жана анын аялы Мелания

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп 2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого аракет кылып, Америкага жана анын жарандарына каршы кылмыш жасаган деп расмий түрдө айыпталды. Экс-президентке карата буга чейин да айыптар тагылып келген.

Мунун алдында 2024-жылы өтө турган шайлоого Республикачылардын атынан талапкер болуу үчүн аттанган Дональд Трамптын ондогон атаандаштары Айова штатындагы жыл сайын өтүүчү “Линкольндун кечки сый тамагына” чогулушту. Бирок алардын бирөөсү гана экс-президент менен макул эместигин билдирип залдагылардын каршылыгына кабылды.

Алдыдагы шайлоодо республикачылардын негизги үмүтү жана таянычы болуп дагы эле Трамп калгандай.

Айовадагы бул кечки тамакка Республикачыл партиянын 1200 жактоочусу чогулду. Айова негизги штат болуп саналат, анткени дал ушул жерде келерки жылдын январында биринчи праймериз өтүп, анда Республикачылардын президенттикке талапкерин көрсөтүү үчүн күрөш башталат.

Би-Би-Синин америкадагы кабарчысы Сара Смиттин айтымында, кыязы кечки тамактын уюштуруучуларынын бири, өтө тамашакөй адам. Анткени сөз сүйлөө үчүн сахнага чыккан ар бир талапкерди Only In America (Америкада гана) аттуу кантри ырынын үзүндүсү коштоп турду.

Бирок кезек Трампка келгенде ырдын "кимдир бирөө түрмөгө түшүшү мүмкүн, кимдир бирөө президент болушу мүмкүн" деген саптары жаңырды.

АКШнын 45-президенти буга каршы эместей. Аны эки кылмыш иши күтүп турганын, дагы эки иш боюнча айып тагылып жатканын жашыргысы келбейт. Анын үстүнө ал мындай куугунтукка сыймыктанат, деп улантат биздин кабарчыбыз.

Трамп жалаң гана саясий себептерден улам адилетсиз куугунтукталып жатканын айтып келет.

Ал президенттикке дагы бир жолу талапкерлигин койбосо жана талапкерлик үчүн жарыштын сап башында турбаса, соттолмок эместигин аталган кечеде билдирди.

Оор кылмыштуу айыптарды ийгиликтин белгиси деп атаган адамга бир топ эле уятсыздык талап кылынат.

Трампка жашыруун документтерди үйүндө сактап келген деген айып коюлууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трампка жашыруун документтерди үйүндө сактап келген деген айып коюлууда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок Трампта мындай учурлар көп эле болгон жана каршылаштары андайга кандай реакция кылууну билишпейт.

Алардын көбү бейшемби күнү кечинде жашыруун документтер менен иштөө эрежелеринин бузулушу боюнча тергөөнүн алкагында Трампка каршы дагы үч айып коюлганын жөн гана этибарга албоону чечишкен.

Анын үстүнө, алар жалпысынан талапкерлик үчүн күрөштө айкын лидерден тизгин талашуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануудан баш тартышты.

Ага карабай анча белгилүү эмес талапкерлердин бири Уилл Херд аракет кылып көрдү. Техастык мурдагы конгрессмен жана ЦРУнун кызматкери Дональд Трамп "Американы кайрадан улуу кылуу үчүн" ат салышып жаткан жок деп билдирди.

“Дональд Трамп 2016 же 2020-жылдары ага добуш берген элдин өкүлү болуу үчүн президенттикке бараткан жок. Ал түрмөгө түшпөш үчүн чуркап жүрөт”, - деди ал.

Ага жооп кылып отургандар катуу ышкырып, столдордогу идиш-аяктарды тарактатып, “Үйүңө кет!” деп кыйкырып жатышты. Аны эч ким укпай жатканы дароо белгилүү болду.

Кечки тамакка келгендердин бири Стейси Тайбер биздин кабарчыга Трампка коюлган айыптардын бирине да ишенбей турганын айтты. Ал саясий бийлик “Трампты жарыштан четтетүүгө катуу аракет кылып жатканына караганда, Дональд Трамп Жо Байденди жеңип кетет деп коркуп жатышса керек” деп билдирди.

Траптын тарапташтары экс-президентке коюлган айыптарга ишенишпейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Траптын тарапташтары экс-президентке коюлган айыптарга ишенишпейт

Анын күйөөсү Дэндин айтымында, президент Байден жана анын уулу Хантер соттолушу керек. Ал жана залдагы башка көптөгөн адамдар Хантердин ишкердик мамилелери жана чет элдик таасир тууралуу айыптоолорду кайра-кайра айтып жатышты (алардын бири дагы далилдене элек, Ак үй айыптоолорду четке каккан, бирок Конгресстеги республикачылар иликтөө башташкан).

Кечки тамакта талапкерлердин бири-бири менен баарлашып датканын көрүү кызыксыз болду, деп жазат кабарчыбыз. Алар кезек-кезеги менен 10 мүнөттүк сөз сүйлөөгө сахнанын артындагы бөлмөлөрүнөн чыгып жатышты. Алардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө зарылчылык жок болчу.

Сыягы, 23-августта боло турган биринчи партиялык дебаттар мазмундуу жана кызыктуурак болот көрүнөт. Бирок, Трамп аларга катышпашы мүмкүн экенин кыйытты – сурамжылоолор боюнча ал ансыз деле атаандаштарынан бир топ алдыда келе жатат.

Нью-Хемпшир штатынын республикачыл губернатору Крис Сунуну мурдагы президенттин колдоочусу эмес, бирок ал жакында эле президенттикке талапкер болуу үчүн Дональ Трамп менен атаандашпай турганын билдирген.

Ал кабарчыбызга берген маегинде, Трамп менен атаандашуу үчүн башка талапкерлердин айткан сөзү эмес (анткени программада олуттуу айырмачылыктар жок), ошол сөздү кантип жеткирүүсү маанилүү.

"Алар көңүлдү өзүнө буруп, кишини толкундатып, эмоцияларды көрсөтүшү керек, юмор жана харизма болуш керек" - дейт ал.

“Шайлоочулар ким жеңе алат деп ишенсе, ошону жактырышат. Жаңы келгендерге мурдагы президенттин атак-даңкы жана жылдыздардай популярдуулугу менен атаандашуу абдан кыйын.” - деп кошумчалады Сунуну.

Вивек Рамасвами

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вивек Рамасвами

Саясатка жаңы келген ишкер Вивек Рамасвами гана сурамжылоолордо окшош сандар менен сыпатталган талапкерлердин арасынан өзгөчөлөнүп турарын көрсөтө алды.

Жалындуу сөздөрдөн кийин аны дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты – бир гана Трамптын өзү жана Флорида штатынын губернатору, учурда сурамжылоолордо экинчи орунда турган Рон ДеСантис гана ушундай сыйга ээ болушту.

Кечки тамак уюштурулган имараттын жанында баарына тааныш төш белгилерди, футболкаларды жана бейсболкаларды саткан күркө турат. Иш-чарага 14 расмий талапкердин 13ү катышты (бир гана Крис Кристи катышкан жок).

Бирок төш белгилерде жана футболкаларда төрт гана ысым жазылып турду: Трамп, ДеСантис, Рамасвами жана акыркы убакта көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жаткан Түштүк Каролинанын сенатору Тим Скотт.

“Мен көптөн бери бул иш менен жан багып келем, эмнелер жакшы сатыларын мыкты билем." - деди күркөдөгү сатуучу кабарчыбызга.

Ал эми республикачылар, кимиси болбосун, ар дайым рыноктун кубаттуу күчүнө ишенип келишкен. (DO).