2003-жылы АКШ менен Улуу Британиянын баскынчылыгы Иракка тополоң-тоз салган

Site of a suspected mass grave

Сүрөттүн булагы, JEREMY BOWEN / BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сым тосмого "Ислам мамлекети" террорчулар тобу тарабынан кыргынга учураган кишилердин сүрөттөрү илинип коюлган.
    • Author, Жереми Боуэн
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

АКШ менен Улуу Британиянын 2003-жылдын мартындагы Саддам Хусейндин режимине каршы басып кириши Ирак өлкөсү жана анын эли үчүн алааматтуу окуя болуп калды.

Талкаланган өмүрлөр менен өлчөнгөн бул алааматтын көбүрөөк далили өлкөнүн Сирия менен чек арасынан анчейин көп алыс эмес Синжардын сыртындагы чөлдөгү жапырт кыргындын курмандыктарынын көрүстөнү катары шектелген жайда жайгашкан.

Ирактын жапа чеккен жамааттарынын бири болгон йезиддердин эптеп кыргындан аман калган тобунун өкүлдөрү мармар казылчу кен жайдын топурагы кайра казылып жатканда карап турушту.

Бул жайды курчап турган сым тосмодо бир нече ондогон кишилердин, - негизинен эркектердин, - сүрөттөрү илинип турат. Бул шейит кеткендер өздөрүнүн террордук уюмун "Ислам мамлекети" деп атап алган жихадчылар тарабынан мерт кылынган болчу.

Жазыксыз жерден набыт кеткендер мармар кенинин жанындагы чакан Зилели кыштагынан эле. Мында 2014-жылдын 3-августунда исламга жамынган террорчулар тарабынан 1800 киши колго түшүрүлүп, ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн.

Йезиддер Куранды да, Инжилди (Библияны) да ыйык китеп катары урматташат; алардын дини христиандыктын да, исламдын да таасири астында калыптанган. "Ислам мамлекети" террордук уюму аларды каапырлар деп эсептеп, йезиддерге каршы тукум курут кылуучу чабуул жасаган. Бул кыргын америкалыктар менен британдыктар Иракты басып алуусун аяктагандан кийин орун алды.

Бирок исламчы террорчулар йезиддерге каршы уюштурган кыргын АКШ менен Улуу Британиянын Иракты убактылуу каратып алган мезгили жана андан кийинки каргашалуу жылдар менен тикелей байланышып турат.

Sofian Saleh

Сүрөттүн булагы, CARA SWIFT/ BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Софиан Салех 16 жашында террорчулардын кыргынынан аман калган йезид киши.

Бул жайдагы курмандыктардын сөөктөрүнүн казылышын четте карап тургандардын арасында Зилели кыштагындагыдан да аянычтуураак кол салууга дуушар болгон йезид жамаатынын бир тобу байырлаган Кочо кыштагынын шейхи Найиф Жассо да болду.

Анын айтымында, Кочо кыштагындагы 1250 тургундун 517 кишиси "Ислам мамлекети" террорчу уюмунун "ыйык казатчылары" тарабынан кыргынга учураган.

(Исламга жамынган бул террорчу уюмду "Ирак менен Сирия Ислам мамлекети" - Islamic State of Iraq and Syria; кыскача ИСИМ / ISIS деп, же арапча "ад-даула ал-исламиййа фи-л-ирак ва-ш-шам" аталышынын баш тамгаларын алып "Даиш" деп да атап коюшат).

Террорчулар Зилелиде эркектерге курал такап, үй-бүлөлөрүнөн ажыратып кетишкен жана аларды мармар кен жайындагы жардын четинде атып өлтүрүп салышкан.

Ошол каргашалуу окуя учурунда 16 жаштагы улан болгон Софиан Салех деген киши казуу иштери жүргүзүлүп жаткан жайда чогулгандардын арасында жүрдү.

Ал - Зилелидеги кыргындан аман калган эки гана кишинин бири.

Ал атасы жана агасы жана дагы 20-30дай киши менен өлүмдү күтүп жатып, башка бир топтун атып өлтүрүлгөнүн өз көзү менен көргөн. Атылгандардын сөөктөрү жардан кулап, мармар кенинин чуңкурунун түпкүрүнө түшүп жатты. Андан кийин Софиандын өзүнүн да кезеги келди.

"Алар бизди атаардан мурда артыбыздан келип, колдорубузду таңып салышты. Анан алар бизди аңдын түпкүрүнө түртүп ыргытышты", - деди ал.

Ошондо Софиандын атасы менен бир тууганы өлтүрүлгөн, бирок өзүнүн үстүнө сөөктөр түшүп, үстүнөн калкалап калгандыктан, ал өзү окко учурабай, кыргындан аман калган экен.

Suad Daoud Chatto

Сүрөттүн булагы, CARA SWIFT/ BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суад Дауд Чатто айымды исламга жамынган террорчулар бир нече ирет зордуктап, аны улам жаңы никеге мажбурлашкан.

"Ислам мамлекети" террорчу уюму мында да өзүнүн жакшы көргөн тактикасын колдонуп жаткан. Алгач алар эркектерди кырып салып, андан соң аялдарды күң кылып алышкан. Балдарды болсо "Ислам мамлекети" террорчу уюмунун жоочулары катары тарбиялоо үчүн өз энелеринен ажыратып салышкан.

Жалпы көрүстөн катары жоромол кылынган мүрзөнүн жанында отурган эне көзүнө жаш алып, кантип өз колунан ымыркайын тартып алып, кайсы бир жихадчынын үй-бүлөсүнө берип салышкандыгын эскерип айтып отурду.

Орток мүрзөнүн айланасындагы зым тосмонун жанында 20 жаштардагы Суад Дауд Чатто аттуу айым жарнак көтөрүп турду.

Жарнактын бетинде бул айымдын бир кездеги чоң үй-бүлөсүнөн набыт кеткен тогуз эркек жана дайынсыз жоголгон эки ургаачы жакындарынын сүрөттөрү жайгаштырылган.

Суад айымдын айтымында, "Ислам мамлекети" террорчу уюмунун жоочулары анын өзүн жана башка көптөгөн аялдар менен кыздарды 2014-жылы туткунга алып, Сирияга күңдүккө алып кетишкен экен. Ал кезде Суад болгону 16 жаштагы мөлтүрөгөн кыз болчу.

Ал 2019-жылга чейин Сирияда күңдүктө кармалып, акыры ошол жылы террорчулардын "халифаты" кулаганда гана куткарылган.

"Алар нагыз жапайылардан эле болчу. Алар биздин колдорбузду көпкө чейин кишендеп жүрүштү. Тамактанып жатканыбызда да колубуз кишенделип турчу", - дейт Суад айым.

"Алар мени көп жолу улам жаңы нике курууга мажбурлашты... Алар өз күңдөрүнө үйлөнүп алышчу. Эч кимди аяшпады. Баарыбыз тең зордукталып турдук. Алар биздин көз алдыбызда эле кишилерди өлтүрүп салып жатышты. Алар йезид эркектердин баарын өлтүрүштү - менин эле сегиз аталаш туугандарымды жана таякелеримди өлтүрүштү. Алар көп сандаган үй-бүлөлөрдүн очогун ойрон кылышты", - деп Суад айым өзүнүн көргөн азап-тозогу жөнүндө баяндады.

Алиги мармар кенинде кыртышы казылып жаткан бурч жерден акырында бир нече кап толо киши сөөктөрү казылып алынды. Эми деле бир нече ондогон болжолдуу орток көрүстөн жайлар казыла элек.

2014-жылдын жай айларындагы "Ислам мамлекети" террорчулар уюму Иракка ырайымсыздык менне чабуул койгон кезеңден саал мурдараак АКШ менен Улуу Британия бул өлкөдөгү убактылуу баскынчылыгын токтотуп салышкан.

Террорчулардын "ыйык казат" идеологиясы АКШ менен Улуу Британиянын Иракты басып алуусунан алда канча мурда эле кыртыш жайып жаткан. Террорчулардын бул идеологиясы 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири террордук чабуулдарды жүзөгө ашыргандарды шыктандырып, аларга дем бергени эсте.

Бирок 2003-жылдагы окуялар Усама Бин Ладендин жана башка ашынган жихадчылардын идеологиясын жок кылмак тургай, бул динге жамынып алып ашынган террорчулардын жаңы топторунун улам күчөгөн зомбулуктары менен коштолгон бир нече жылга башат ачты.

Америкалыктар менен сунний мусулмандардын өкүлдөрүнүн ынтымагынын натыйжасында убактылуу талкаланган "ал-Кайида" уюму өзүнө караганда алда канча жапайыраак болгон "Ислам мамлекети" террордук уюму болуп кайра түзүлдү.

Ирак быйылкы жылы мурдагы бир катар жылдардагыга караганда кыйла турукташып калды. Багдад, Мосул жана башка шаарлар азыр алда канча коопсуз абалда. Бирок ирактыктар 2003-жылдагы басып алуунун кесепетин алигиче жон териси менен сезишүүдө. Анын кесепеттери миллиондогон тургундардын турмуш-тиричилигине доо кетирди жана алардын өлкөсүн түп-тамырынан бери өзгөрттү.

Тагдырдын ачуу чындыгын айтсак, 2003-жылдагы Иракка кол салуу темасы Кошмо Штаттарда коомдук жана саясий талкууга бута болбой келет. Дал ушул АКШ өлкөсү кол салууга беленденип, аны жетектеген. Анын өтө жакын үзөңгүлөшү болгон Улуу Британияда деле акыбал ушундай.

Америкалыктар менен британдыктар 2003-жылкы басып алуудан кийинки Ирактагы окуялар жана алардын кесепеттери үчүн олуттуу жоопкерчиликке ээ эмеспи.

Ирактын диктатору Саддам Хусейнди кулатуу - дурус баага арзырлык иш болгон. Анткени ал миңдеген ирактыктарды түрмөгө камап салган жана өлтүргөн, ал түгүл ал козголоңчу күрттөргө каршы химиялык кыргын куралын колдонууга барган.

Башкы көйгөй - бул иш-аракеттин кандайча жүзөгө ашырылгандыгында.

Саддам Хусейндин режимин кулатуу маалында АКШ менен Улуу Британия эл аралык укукту этибарга албай коюшкан. Анысы аз келгенсип, кичүү Жорж Буштун өкмөтү диктатордук режим кулагандан кийинки саясий бийлик боштугун толтуруу үчүн тийешелүү долбоор түзө албай, жармачтык кылды да, анын айынан Ирак зордук-зомбулук улам күчөп каптаган өлкөгө айланды да калды.

US Marines from the 1st Marine Division get set to deploy close to Baghdad, 8 April 2003

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирактагы америкалык деңизчи жоокерлер тобу. 2003-жылдын апрели.

Ирактын эли Саддамдын диктатурасын ойрон кылуу үчүн жүзөгө ашырылган баскынчылыктан кийинки 20 жылдын ичинде кошумча мүшкүлдөрдү тартып жатты жана ошентип, жалпысынан, бул эл дээрлик жарым кылымдык азап-тозокко кириптер болду.

АКШда ошол кезде байырлагандар үчүн деле, бир тарыхчы жакында айткандай, 2001-жылы 11-сентябрдагы "ал-Кайиданын" террордук чабуулдарынан кийинки жана Иракка кол салуу башталганга чейинки 18 айдын ичинде АКШны каптаган "коркуу, күч-кубат жана менменсинүү" маанайын кайра жаратуу кыйынга турат.

Мен Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунаралары ойрондолгондон бир нече күндөн кийин болдум. Ошол кезде F-15 аскер учактары Манхэттендин үстүндө күзөттө жүрүштү. Бул - Американын аскер күчтөрүнүн көзгө көрүнөрлүк шардана кылынышы болду. Планетадагы эң кубаттуу аскерге ээ мамлекет өзүнө карата кол салууга кантип жооп кайтаруу керектигин иштеп чыгуунун үстүндө болду.

Бул чабуулдардын дендароо кылышы тез арада эле президент Жорж Буштун "ал-Кайидага" жана анын жихадчыл өнөктөштөрүнө багытталган "террорчулукка каршы согушту" жарыялоосуна алып келди.

Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр болсо 2001-жылы 7-ноябрда британдыктардын өтө тез учкан "Конкорд" (Concorde) учагы менен Лондондон Вашингтонго учуп келип, Ак Үйгө өз колдоосун көрсөттү. Ал Британиянын дүйнө жүзүнө тийгизчү таасирин сактоонун эң мыкты кепилдиги - Ак үйгө жакын болуу деп чын дилинен ишенген болчу.

Буш менен Блэр "ал-Кайиданын" Ооганстандагы тармагына каршы ыкчам аракетке өтүштү.

US President George W. Bush and British Prime Minister Tony Blair at the White House, 7 November 2001

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2001-жылдын аягына чейин АКШ жетектеген коалиция талиптердин режимин бийликтен кулатып салды, анткени бул режим "ал-Кайиданын» жолбашчысы Усама Бин Ладенди кармап берүүдөн баш тарткан эле. Арийне, Америка үчүн Кабул жетишсиз болчу.

Президент Буш жана анын кеңешчилери АКШ үчүн бүткүл дүйнөлүк коркунуч жаралып турат деп баалашты. Алар өздөрүнө каршы турган мамлекеттер "ал-Кайида" террордук уюмун жана аны тууроочулар менен биргелешип коркунучтуу ыннтымак түзүшү ыктымал, деп санашкан.

Эми алардын эң чоң бутасы - Ирак жана анын диктатору Саддам Хусейн болуп калды. Ал 1990-жылы Кувейтти каратып алуу үчүн өз аскерин аттандырган учурдан бери Америкага денеге сайылган тикенектей терс кабылданып келген.

Америкалыктар эч кандай далили жок эле Саддам Хусейн менен "ал-Кайиданын" ортосунда байланыш бар го деп шектенип жатышты. Чындыгында, алардын өз ара алакасы болгон деле эмес.

Иш жүзүндө Ирактын лидери Саддам Хусейн айдыңдык (секулярдык) түзүлүштү жактаган диктатор болчу жана ал өзү ашынган диний террорчу уюмдарды өз бийлигине каршы коркунуч катары баалаган.

Президент Жорж Буштун атасы - улуу Жорж Буш 1991-жылы АКШ түзгөн эл аралык коалиция тарабынан ирактык баскынчылар Кувейттен толук сүрүп чыгарылгандан кийин Саддам Хусейндин Багдаддагы режимин кулатпоону эп көргөн.

Президент Жорж Буш (улуусу) жана анын кеңешчилери согуш аракеттери Багдадды көздөй илгерилеп улантылчу болсо, жаңы балаага кабылабыз го деп чочулашкан.

Иракка каршы узакка созулчу жана айыгыша каршылык көрсөтүүгө кабылдырышы ыктымал болгон баскынчылык АКШны оор түйшүктөргө туш кылмак. Анын үстүнө алардын колунда Багдаддагы режимди кулатууга БУУнун уруксаты жок болчу.

Ок атышууну токтотуу тууралуу жарыяланган маалда мен Багдадда болчумун. Бул режимдин мага жакшы тааныш болгон өкүлдөрү Саддам Хусейндин диктатурасы сакталып калганына оболу эч ишене алышкан жок.

Он эки жылдан кийин, 2003-жылга карата Американын каардануусу жана аскер кубатына таянган текебердиги экинчи президент Жорж Бушту атасын өз убагында чектеп салган турмуш чындыгына карата сокур кылып койду.

АКШ менен Улуу Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешин Иракты басып алууга жана андагы режимди өзгөртүүгө ачык уруксат берген резолюцияны кабыл алууга көндүрө албай коюшту. Бирок ошондо кичүү Буш менен Блэр мырзалар мурдараак кабыл алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары өздөрүнө зарыл ыйгарым укуктарды эчак берип койгон болчу, деген жоромолдорун айтып чыгышты.

Алардын келтирген жүйөөлөрүн эч кабыл албагандардын арасында БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан мырза да бар эле.

Иракка каршы баскынчылыктан 18 ай өткөндөн кийин Би-Би-Сиге курган маегинде Кофи Аннан бул баскынчылыкты БУУнун Жобосуна (Уставына) "төп келбейт" деп айтты, башкача айтканда, анын таптакыр мыйзамсыз экендигин билдирди.

Франция жана башка НАТОдогу өнөктөштөр дагы Иракты басып алуудан баш тартышты. Тони Блэр болсо Улуу Британиядагы Иракка каршы согушту айыптаган ири нааразылык чараларына көз жумду мамиле кылып койду. Анын согушка баруу чечими анын өзүнүн кийинки саясий карьерасын сары изине түшүп кууган жоосуна айланган.

Эч бир президент же премьер-министр согушка баруу маселесинен да олуттуураак болчу чечим кабыл албай тургандыгы анык.

Жорж Буш менен Тони Блэр жүз миңдеген кишилердин өмүрүн алган тандоону жактап, согушка киришти. Көп өтпөй басып алуу үчүн алар сунуштаган жүйөөлөр суу кечпей тургандыгы, чындыкка дал келбестиги ашкереленди.

Тони Блэр мырза Саддам Хусейнди жапырт кыргын кылчу куралдарга ээ коркунуч катары куру чечендикке салып сыпаттаган эле, бирок Иракта андай кыргын курал-жарактары жок болуп чыкты. Бул согуш - чалгын кызматтарынын эле эмес, өкмөттүк жетекчиликтин да жармачтыгынын мөмөсү болду.

Америкалыктар өз аскердик чабуулун баштаган эбегейсиз зор өлчөмдөгү аба чабуулдарын "дендароо кылчу жана үрөй учурарлык" деп баалашкан.

Жорж Буштун тегерегинде жыйылган неоконсерваторлор демократияны жана чөлкөмдүк туруктуулукту курал-жарактын сестентүүсү менен таңуулоого болот деп өздөрүн өздөрү алдашкан.

АКШнын басымдуулук кылган аскер күчтөрү, - алардын ишениминде, - Американы коргоп эле чектелбестен, Жакынкы Чыгышты да турукташтырып, демократияны жагымдуу вирус сыяктуу Сирия, Иранга жана алардын чегинен тышкаркы аймактарга да жайылтып салмак болчу.

US troops topple a statue of Saddam Hussein in Baghdad, 9 April 2003

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саддам Хусейндин айкелин кулатуу. 2003-жыл. Багдад шаары.

Ошентип Саддам Хусейн бир нече аптанын ичинде эле бийликтен кулатылды.

Арийне, ирактыктардын ыраазы боло турган маанайы деле жок болчу. Саддамдын бийлигинин акыркы он жылдыгында ирактык калайыктын басымдуу бөлүгү БУУнун уруксаты менен киргизилген жана АКШ менен Улуу Британия ого бетер күчөтүп салган санкциялардын айынан өзгөчө жакырданып кеткен.

Америкалыктар, британдыктар жана алардын шериктештери Ирактын коомуна тынчтык орното алышкан жок. Өлкөдөгү дүңүнөн талап-тоноолор, өч алуу иретиндеги бири-бирине кол салуулар жана кылмыштуулуктун дүрт жанышы аркылуу дүрбөлөңдүү узак жылдар башталды.

Батыштын бул өлкөлөрүнүн баскынчылыгына каршы көтөрүлүш диний жиктелүү менен коштолгон жарандык согушка айланды.

Америкалыктар бийликти этностук жана диний агымдык чен-өлчөм боюнча (өлкөдөгү үч негизги топтун - шийи мусулмандарынын, күрттөрдүн жана сунний мусулмандарынын ортосунда) бөлүштүргөн башкаруу системасын таңуулаган соң, ирактыктар бири-бирине каршы уруш башташты.

Iraqi Sunni Muslim insurgents in front of a burning US convoy on the outskirts of Fallujah, Iraq, 2004

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фаллужа шаарынын жанындагы ирактык сунний жоочусу. 2004-жыл.

Куралдуу жоочулар бири-бири менен дагы, баскынчылар менен дагы салгылашып, бири-биринин куралсыз карапайым өкүлдөрүн өлтүрө башташты.

Ушундай башаламан кырдаалды исламга жамынган террорчу топтор ("жихадчылар", б.а. "ыйык казатчылар") пайдаланышты да, чет өлкөлүктөрдү өлтүрө башташты.

Теги иорданиялык арап болгон жана ырайымсыздыгы менен атыккан ашынган сунний террорчу жетекчи Абу Мусаб аз-Заркави АКШ менен Британиянын баскынчылыгына каршы согуш аракеттерин диний агымдардын өз ара согушуна айландыруу үчүн тийешелүү мерчемдерге каршы зулумдук чабуулдарды уюштуруп кирди. Ал эми анын бутасына айланган шийи мусулмандарынын өздөрү да террорчу топторду түзүшүп, суннийлерге каршы өч алуу максатындагы ырайымсыз чабуулдарды жүзөгө ашырышты.

Акыры америкалык аскерлер аз-Заркавини тындым кылышты.

2003-жылкы басып алуудан кийин канча ирактык мерт тапкандыгын эч ким так билбейт. Болжол иретинде сунушталган сандардын бардыгы эле жүз миңдеп барат.

Эми ар кыл диний агымдардын бири-бирине каршы согушунун толкуну Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүнүн калайыгынын айласын курутууда.

2003-жылдагы баскынчылыктын геосаясий мурасы дагы эле саясий окуяларды андан ары калыптандырууда.

Америкалыктар өздөрү деле эч аңдабай туруп, Ирактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун Ирандын пайдасына буруп салышты: алар Иран Ислам Республикасына каршы турган суннийлердин таянычы катары эсептелген Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу аркылуу ушундай жаңы жагдайды жаратышты.

Саддам Хусейндин бийликтен кулатылышы расмий Тегеранга ылым санаган ирактык шийи саясатчыларды кыйла күчтөндүрдү. Иран тарабынан куралдандырылган жана аскердик ишке машыктырылган шийи куралдуу күчтөрү эми Ирактагы эң кубаттуу күчтөрдүн бирине айланышты жана өкмөттө алардын өз өкүлдөрү да бар.

АКШ менен Улуу Британиянын дагы бир жаңы кырсыкка кептелип калуудан чочулашы 2011-жылдагы арабдардын элдик көтөрүлүштөрүнө, айрыкча Сирияда президент Башар Асад өз элине каршы жүргүзө баштаган согушка карата тийешелүү жооп берүүлөрү үчүн тоскоолдук жаратты.

Калкы тездик менен өсүп жаткан Ирактагы башаламандык Батыш Европага аткезчилик жол менен мигранттарды ташуу да ичине камтылган киши соодасын күчөтүүдө.

Британдык ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ирактыктар Ла-Маншты чакан кайыктар менен мыйзамсыз кесип өтүп жаткандардын ичинен төртүнчү ири улуттук топту түзүшөт. Улуу Британиянын Качкындар боюнча кеңеши билдиргендей, иши каралып чыккан ирактык келгиндердин басымдуу көпчүлүгү качкын катары башпаанек алышкан.

A fuel distribution camp near Mosul

Сүрөттүн булагы, CARA SWIFT/ BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, A fuel distribution camp near Mosul

Азыркы тапта америкалык жана британдык расмий жетекчилер 2003-жылдагы Иракка кол салуу жаатын сөз кылышпайт, бирок башкалар бул окуяны эстен чыгарыша элек.

Орусия 2014-жылдан тартып эгемен Украинага бир тараптуу басып киргенден кийин дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнүн эл аралык укукту сактоо чакырыктарына эч көңүл бурбай, бейкапар калышынын бир себеби - АКШ, Улуу Британия жана алардын ынтымагына кошулган Батыштагы шериктештери Иракка кол салууга беленденген жана кол салган учурунда эл аралык укукту сактоо чакырыктарын тоотпой коюшкандыгын дүйнө жүзүнүн алигиче унуткара электиги болду.

Farhad Barakat

Сүрөттүн булагы, CARA SWIFT/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Farhad Barakat

Ирактын азыркы таптагы премьер-министри Мухаммед Шиа ас-Судани турмуш жакшы нукта башталаарына убада кылды. (1970-жылы Багдадда туулган бул саясатчы 10 жашар кезинде анын атасын Саддам Хусейндин режими мерт кылган. Өзү болсо "Ислам мамлекети" террорчулар уюмунун кылмыштарын кескин айыптаган мамлекеттик ишмер катары таанымал).

Мухаммед Шиа ас-Суданинин өкмөтүнүн эң чоң көйгөйү - өлкөнү ичинен жеп жаткан "рак илдетине" - жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча убадасын аткаруу.

Арийне, коомдогу өзгөчө баалуу тарап - бул өлкө эли эмеспи. Калайыктын көпчүлүгү жазыксыз жерден курмандыкка айланышты. Буга набыт болгондорду гана кошуп чектелүүгө болбойт. Жабыр тарткандардын арасында 2003-жылдагы баскынчылык жана анын кесепеттери тагдырларына балта чапкан миллиондогон көзү тирүү ирактыктар жана башка Жакынкы Чыгыштын тургундары да бар. (TT)