Байден НАТОнун биримдигин мактады, Путин Батышты согуш баштады деп айыптады

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Пол Кирби
- Role, BBC News
Россиянын лидери Батышты айыптап, орус армиясы эч качан жеңилбейт деп опурулуп турганда, Байден анын баскынчылык аракети ишке ашпайт деп жатат.
Владимир Путин Батышка карай каарын төгүп жатканда, президент Байден Киевге барып, жалаңдаган орус агрессиясына каршы туруп жатканы үчүн батыш демократиясын мактады.
Россиянын Украинага кол салышынын бир жылдыгынын алдындагы аптанын ичинде Путин биринчи жолу сүйлөдү.
Ал убагында нацисттик Германияны колдоп келген Батыш эми Украинанын неонацисттик режимге айландырып, Россияга каршы тукурууда деп айыптады.
Ал эми Байден бир нече сааттан кийин жооп кайтарып, автократтар "жок, жок, жок" дегенден башканы түшүнбөйт деп айтты.
«Путин дүйнө аңтарылып кетет деп ойлогон, бирок ал жаңылды», — деп, НАТО азыр абдан бекем жана биримдикте экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Киевди күчтүү, ар-намыстуу, бийик жана эркин деп атап, Батыш Украинаны колдогондон тайбайт деп айтты.
Байденди Варшавада королдук сарайда тосуп алган Польшанын президенти Анджей Дуда АКШ президенти Киевге барганы менен эркин дүйнө эч нерседен коркпой турганын көрсөттү деп билдирди. НАТОнун ролу эркин дүйнөнү коргоо жана колдоо, ал эми Украина "бул согушту жеңип чыгууга тийиш".
Путиндин сөзүндө Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы ийгиликтери жөнүндө, согуш эмне менен бүтөрү жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Ал ортодо "Вагнер" жалданма согушкерлер армиясынын лидери Евгений Пригожин анын аскерин куралсыздандырып, жок кылууга аракет кылууда деп Россиянын штаб начальниги менен коргоо министрин айыптады.
Россиянын президенти шейшембиде парламентке кайрылуу сөзүндө 2010-жылы АКШ менен кол койгон стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимди токтотуп турарын жарыя кылды. Бул келишимде өзөктүк куралдардын санын чектөө каралган болчу. НАТО менен Улуу Британиянын жетекчилери бул чечимди кайра кароого чакырышууда.
Ал ошондой эле жаңы согуштук комплекстерин күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө тапшырма берди. Өткөн жылы ал Россияны жанан анын Украинадагы басып алган аймактарын коргоо үчүн "колундагы бардык куралдарды" колдоно турганын айтып коркуткан.
"Согушту алар баштады...биз аны токтотуу үчүн күч колдонуудабыз",-деди Путин Россия парламентинин эки палатасына кайрылуу сөзүндө.
Украинада Батыштын эч кандай аскери жок, бирок Россиянын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде АКШнын элчиси Линн Трейсини чакырып, Вашингтон "АКШ менен НАТОнун куралдуу күчтөрү менен техникасын Украинадан алып чыгып кетиши керек" деп талап кылды.
Путин Батыш менен НАТОну мурда кандай айтыптап келсе, азыр дагы ошол сөздөрүн кайталады. Ал Ирактагы согуш менен Белграддын бомбаланганын айтып өттү, бирок Сириядагы жарандык согушта Россиянын кесепеттүү ролу, Грузияга кол салганын, Крымды басып алганын айткан жок.
Ал сүйлөп жатканда Украинанын өткөн жылы орус аскеринен бошотуп алган Херсон шаарына россиялык снаряддар тийип жарылып, алты адам курман болду. Шаардын чок ортосундагы аялдама, аптека, турак үйлөр кыйрады, ЖМКлар оор куралдан сокку урулган имараттардын арасында бала бакча да болгонун кабарлашты.
СЧК жөнүндө жаңы келишим деген эмне?
2010-жылы ошол убактагы эки президент - Барак Обама менен Дмитрий Медведев кол койгон СЧК (стратегиялык чабуул коюучу куралдар) жөнүндө жаңы келишим өзөктүк согуштун алдын алуу үчүн түзүлгөн. Ал стратегиялык өзөктүк куралдардын санын чектейт жана бири-бирин текшерүүгө укук берет.
Келишим 2011-жылы күчүнө кирип, он жылдан кийин узартылган. Бирок ковид пандемиясынын айынан өз ара инспекциялар болгон эмес.
Ар бир тарапка берилген лимиттин саны алыс аралыкка учуучу 1550 өзөктүк заряд менен чектелген. Мурдагы ушундай келишимге караганда бул аз.
Кансыз согуштан кийин дүйнөдөгү өзөктүк куралдын дээрлик баары ушул эки өлкөнүн колунда. Россия мурда Украинадагы согуштан улам эки тарап кайым айтышып жатканына карабай келишимди сактай турганын билдирип келген.


Сүрөттүн булагы, Reuters
Президент Байден шаршембиде НАТОнун чыгыш флангасында тогуз өлкөнүн лидери менен жолугушкан жатат.
Бешинчи беренеге ылайык, НАТОнун мүчөлөрү кол салууга кабылган ар бир мүчөнү коргоого милдеттүү. Байден аскердик альянска жана бешинчи беренеге "аскар тоодой" тууруп берерин билдирди:
«НАТОнун ар бир мүчөсү билет, Россия дагы билет: Бирөөнө кол салуу болсо, ал баарына салуу болуп саналат». (КС)











