"Путин Украинаны жок кыла албады, бирок Россияны жок кылган жагынан ашып түштү".

- Author, Илья Барабанов
- Role, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы
Россиянын Украинага кол салышынын бир жылдыгында Би-Би-Синин россиялык кабарчысы Илья Барабанов миллиондогон адамдардын жашоосуна жана анын өзүнө дагы азап-тозок алып келген конфликт жөнүндө өзүнүн ой-толгоосун ортого салды.
2022-жылдын башталышын убайым санаа чырмады, бирок менин мисалымда ал жакындап келаткан согуш жөнүндө сөздөргө байланыштуу эмес эле. Евгений Пригожиндин Вагнер тобунун эки жалданма согушкери жалган маалымат берди деп мени менен соттошуп жаткан. Мен аялым экөөбүз Россиядан кетип калабызбы деген кыязда сүйлөшүп жүрдүк. Эртең эмне болорун так элестете алган эмеспиз.
Жалданма согушкерлердин иши мен араб кызматындагы кесиптешим Надер Ибрагим менен алардын 2019-2020-жылдары Ливиядагы иш-аракеттерин иликтеген материал чыгарганыбыздан кийин башталды.
Биз жалданма согушкерлердин ал жакта болгонун гана эмес, БУУ колдогон өкмөт аскерлерине каршы генерал Халиф Хафтар тарабында согушка катышканынын, ошондой эле карапайым элге каршы аскердик кылмыштарды жасаганынын далилдерин таап чыктык.
Фильм менен макала чыккандан кийин эки жалданма согушкер Би-Би-Си менен мени Москванын сотуна беришти.
2022-жылдын январь айында иш дагы эле каралып жаткан, мен аны создугуп кетет деп чочулап тургам. Кесипкөй юристердин жардам берип жатса дагы мен өзүмдүн беделимди, ал түгүл эркиндигимди коргой албай каламбы деп кооптонуп жаттым.
Алты айдан кийин эч качан Вагнердин тобунда болгон эмесмин деп көгөрүп жаткан доогерлердин бири Украинада Вагнердин тобунда жалданып согушка катышып жатып ажал тапты. Экинчиси бизге каршы ишти уттуруп койду.
Мен баары бир Россиядан кетип калдым, бирок анын себеби такыр башка болду.
Мен эмнегедир жүрөгүмдүн тереңинде согуш болорун сезип турдум. Эки аптадан кийин Москвада үйдө болуп каларымды аялыма айтып аттым.
14-февралда биз Би-Би-Си кабарчысы Слава Хоменко экөөбүз Харьков областындагы, Россия менен чек арага жакын Волчанск шаарына жөнөдүк.
Он күндөн кийин бул шаарды орустар басып алды, анда жергиликтүү жашоочулар мындай болорун ойлошкон да эмес.
Слава экөөбүз эгер кол салуу болуп калса эмне кыласыңар деп сурап жаттык. Алар ийнин куушуруп, экинчи дүйнөлүк согушта немистерди жеңгенин айтып жооп кайтарышты.
Киевке кайтып баратканда жолдо Перемога (украин тилинде жеңиш дегенди билидерт) деген көрсөткүчтүн жанына токтоп сүрөткө түштүк.
Согуш башталып кетет деп эч кимибиз ойлогон жокпуз, биз бул сүрөт ошол кооптуу күндөрдү эске салат деп гана ойлодук.

Сүрөттүн булагы, Ilya Barabonov/BBC
24-февралда мен Киевдеги мейманканадагы номурума кызматкерлердин бирөө "Сэр, бизди атып жатышат окшойт" деп эшик какканда ойгондум. Согуш башталды.
Мен бомбадан коргонуу жайына түшүп, испандык туристердин балдары болуп жаткан окуяга маашырланып ойноп жатканын карап турдум.
Алар аба коркунучунун сиренасы эмне экенин, эмне үчүн аларга көчөгө чыкканга болбой турганын түшүнүшкөн жок.
Андан кийинки бир нече күндү мен Киевдеги досумдун батиринде өткөрдүм, ал жакта көп журналисттер чогулуп, маалымат бөлүшүп сүйлөшүп жаттык.
Батирде ызы-чуу эле, бирок Киевдин калган бөлүгү, демейде жашоо кайнап турган Подола району тунжурап эле калды.
Менин досумдун батириндеги балкон түндүккө чыгып турчу, биз ал жактан Буча, Хостомель жана Ирпень шаарларын карап аттык. Оор куралдардын дүңгүрөгөн үнүн угуп, россиялык армия бул райондорду басып алууга аракет көрүп жатканын билдик.
Россиялык аскерлер алты аптадан кийин бул шаарлар менен кыштактардан кеткенде орус аскерлеринин мыкаачылык менен кылган аскердик кылмыштары бүт дүйнөгө дүң болду.
Ал эми россиялык бийликтер өзүнүн көнгөн адатынан жазбай, анын баарын "батыштын атайын кызматтары ойлоп тапкан жалган маалымат" деп билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Ilya Barabonov/BBC
28-февралда кеч күүгүмдө мен Днестр аркылуу Украинадан Молдовага жөнөдүм. Москвага кайтып барышым мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Россия менен Украинанын согушу жөнүндө кабарлардан кийин мен кайтып барсам чоң мөөнөткө темир тор артына түшүп калышым ыктымал эле.
Молдова качкындарга толуп калган эле, жергиликтүү эл фронттон келип жаткан кабарларга кооптонуп кулак түрүп жатты. Эгер Путиндин армиясы Одессага жетсе, алар өздөрүнүн чакан өлкөсү орус оккупацияныны оңой бутасына айланат деп чочуп турушту. Анда Украина Москванын агрессиясына туруштук берери белгисиз эле.
Төрт жаштагы бир кыз менден "Үйгө катып барабыз да жакында, ээ"деп сурады. Мен эмне деген жооп айтышты билбедим.
Поезд станцияга токтогондо ресторан-вагондун бармени менен перронго чыгып тамеки чегип турдук. "Бул адамдар баары качып кетүүнүн аракетин көрүүдө. Поезддер качкындарга жык-жыйма толду. Путин бул согушта кимге жардам бергиси келип жатат",- деп сурады бармен менден. Мен азыр бир жыл согуштан кийин да анын жообун билбеймин.
Бухарест, Белград, Стамбул, Вена, Прага, Рига - менин эмиграциям Россиядан 1917-жылы большевиктердин революциясынан кийин кеткен адамдардын маршрутуна окшош болду. Жүз жыл мурда аристократтар менен ак гвардиячылар кеткен. Азыр болсо IT-адистер менен журналисттер.
Россия кол салуунун эң башынан тарта эле журналистиканын бардык формасына тыюу салган мыйзамдарды кабыл алды. Бир жыл согуштан кийин Владимир Путин өзүнүн башкы максаты - Украинаны жок кылууга жетишкен жок. Бирок ал Россияны, анын орто классын, интеллигенциясын, маданий элитасын жок кылуу жагынан ашып түштү.
Биз эч качан Москвага мурдагыдай, согушка чейинкидей кайтып бара албайбыз. Бирок биз постпутиндик Россияга кайтып барууну каалайт элек. Андан соң согуштан кийинки Украинага барып, Донецк, Мариуполь шаарларын жана Россиянын оккупациясынан эркин Крымды көрсөк дейбиз. (КС)








