Путин: 80 жылдан кийин немис танкалары кайрадан коркутууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Дэнни Эберхард
- Role, Би-Би-Синин регионалдык редактору
Президент Владимир Путин СССРдин Сталинград салгылашуусундагы жеңишинин 80 жылдыгын майрамдоодон пайдаланып, Россияга немис танкалары кайрадан коркунуч туудурууда деп билдирди. Өткөн айда Берлин Украинага жардам катары өзүнүн Леопард танкаларын жиберүүгө макул болгон эле. Путин ошол эле убакта Украинанын союздаштарына жана Россияны согушта жеңебиз деп турган күчтөргө Москванын жообу бронетехника менен эле чектелбейт деп эскертти.
Сталинград салгылашуусу Дүйнөлүк экинчи согуштун эң бир кандуу кармаштарынан болгон, ал жарым миллион адамдын башын жуткан. Салгылашуу жарым жылга созулуп, акыры алсыраган гитлердик күчтөр 1943-жылы 2-февралда багынып беришкен.
Согуш тарыхын изилдеген көп тарыхчылар бул акыры Гитлердин жеңилишине алып келген экинчи дүйнөлүк согуштагы бурулуш учур болгон деп эсептешет. Азыр Волгоград деп аталган шаарда бейшембиде аскердик парад болду.
Президент Путин ошол салгылашуунун урматына тургузулган калдайган зор эстелик комплекстеги түбөлүк отко барып, гүл чамбар коюу каадасына катышты. Ал бул шаарды коргогон советтик маршалдын эстелигине да гүл койду. Анын артында «Эне мекен чакырат» деген ат менен белгилүү болгон, колунда кылыч серпиген соцреалисттик аялдын бийик айкели турат.

Сүрөттүн булагы, Contributor
Путин Украинада баштаган согушун таптакыр башка согуштун символуна жашырууга аракет кылып, өзүнүн сөзүндө паралелдерди келтирди.
«Тилекке каршы, биздин өлкөбүздүн коопсуздугуна кайрадан тикелей коркунуч туудурган нацизмдин заманбап жолойдогу идеологиясын, анын азыркы көрүнүшүн көрүп жатабыз. Биз коллективдүү Батыштын агрессиясынын кайра-кайра катыгын бергенге мажбурбуз».
Андан мурда Путин россиялык ЖМКлардын түз обосунда: "Болбой турган иш эле, бирок факт - бизге боорунда чырым тартылган Leopard танкалары менен кайрадан коркунуч жаратышууда", -деп айтты.
Эки конфликтти Россиянын коопсуздугу менен байланыштыруу менен Путин орустар Улуу ата мекендик согуш деп атаган Дүйнөлүк экинчи согуштун духуна ээ болууга аракет кылууда.
Бирок андагы согуш Украина бир бөлүгү болгон Советтер союзуна кол салган баскынчыларга каршы жүргөн. Экинчиси - анын өзүнүн буйругу менен коңшу өлкөгө каршы башталган агрессивдүү согуш.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Украинанын өкмөтүн нацизмдин азыркы кебетеси деп Россиянын лидеринин сөзүндө көп кайталанган айыптоолор кеңири мыскылданып келатат. Ал эми Украинанын союздаштары алардын Украинанын өзүн коргоо аракетине көрсөтүп жаткан жардамын Россияга каршы агрессияга теңөөнү - карандай калп жана кремлдин оргуштаган дезинформация өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп жатышат.
Бирок Путиндин нарративи биринчи кезекте мамлекеттик ЖМКларды пайдалануу менен анын өзүнүн ички аудиториясына багытталууда. Байкоочулар ал, балким, мобилизацияны көп эселеп күчөтүүгө элди даярдап жатканыбы деп кооптонуууда.
Кремль өз кезегинде муну моюнга албай, Украинанын чалгын кызматтары болжогондой, келерки айда же ушул айда болушу мүмкүн эскалациянын алдында дагы көп курмандыктарга чакырууда.








