Россия мобилизацияга кары-жаш дебей баарын чакырдыбы?

Согушуп жаткан армияга запастан 300 миң адам чакырылат деп жарыя болгон

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушуп жаткан армияга запастан 300 миң адам чакырылат деп жарыя болгон

Кремль Украинада согушуп жаткан орус армиясынын катарын толуктоо үчүн башталган мобилизациянын жүрүшүндө каталар кетип жатканын моюнга алды.

«Жарлык бузулуп жаткан учурлар болууда, бирок бардык каталар оңдолот,-" деди Путиндин басма сөз катчысы.

Туш тараптан келип жаткан кабарларга караганда, эч кандай аскердик тажрыйбасы жоктор гана эмес, кары-картаңдар, майыптарга чейин чакырылып жаткан учурлар көп болууда.

Өткөн аптада башталган мобилизацияга каршы күнүгө массалык акциялар да болуп жатат.

Президент Путин 21-сентябрда жарым мобилизация жөнүндө жарлыгын жарыялаган, ал эми коргоо министри Сергей Шойгу резервден 300 миң адам чакырылат деп билдирген.Бирок Россиянын оппозициялык ЖМКлардын кабарына караганда. бир миллионго чейин адам армияга чакырылышы мүмкүн. Анткени, Путиндин жарыяланган жарлыгында бир абзац алынып калган (жашыруун), анда канча резервист чакырылышы керектиги көрсөтүлгөн деп жатышат.

Батыштагы жана Украинадагы аскер эксперттери Путиндин армияга резервисттерди чакыруу чечими Москва коңшусуна кол салгандан жети айдан кийин орус аскеринин Украина менен болгон согушта жолу болбой жеңилип баштаганын көрсөтөт.

Дүйшөмбүдө болгон брифингде Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мобилизациянын жүрүшүндө айрым каталар болуп жатканын моюнга алып, кээ бир региондордо "губернаторлор кырдаалды оңдош үчүн активдүү иштеп жатканын" айтты.

Песков ошондой эле Россиянын чек арасын жабуу же өлкөдө аскердик абал киргизүү тууралуу кандайдыр бир чечимдер дагы жок экенин белгиледи.

Ошол эле убакта ЖМКлар аскерден качып жаткандардын агымын токтотуш үчүн чек аралардын жабылышы ыктымалдыгын жазып жатышат.Мобилизация башталгандан бери көп сандаган жаш жигиттер өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүдө.Спутниктен тартылган сүрөттөрдө Грузия менен чек арадагы россиялык автоунаалардын узун кезегин көрүүгө болот.

Спутниктен тартылган сүрөттөрдө Грузия менен чек арадагы россиялык автоунаалардын узун кезегин көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, MAXAR TECHNOLOGIES

Дүйшөмбүдө Сибирдеги Усть-Илимск шаарында бир адам военкоматтын кызматкерине ок атып, оор жарадар кылды.

Дем алыш күндөрү Дагестанда мобилизацияга каршы адамдар менен полиция кагылышты. Махачкаладагы каршылык акцияларында жүздөн ашык адам кармалды.

Военкоматтарга жана административдик имаратка өрт койгон учурлар Россиянын бүт региондорунда болуп жатканы тууралуу кабарлар келүүдө.

Путин өзүнүн жарлыгында армияга запастан канча адам чакырыларын так айткан эмес.

Резервден 300 миң адам чакыруу пландалып жатканын, алар аскерде кызмат кылган жана керектүү адистиги бар адамдар болушу керектигин коргоо министри Сергей Шойгу билдирген.

Мобилизация тууралуу токтомдо кары-картаңдар жана майыптар чакырылбайт деп көрсөтүлгөн, бирок ошого карабай жер-жерлерде бөрк ал десе баш алган военкоматтар, жергиликтүү бийликтер эч кандай аскердик тажрыйбасы жок, жашы бир топко барып калган адамдарды деле карабай, тактабай аскерге алып кетип жатканы көп айтылууда.

Мисалы, Севастополдо ири өнөр жай ишканасынын инженери, 58 жаштагы Николайга чакырык келген. Ал аскерде кызмат кылган эмес, болгону аскердик кафедраны окуган. Николайдын дагы эки кесиптешине чакырык келген, анын бирөө ал түгүл Николайдан улуу экен.

Readovka басылмасы жана башка ЖМКлар Смоленск областынан эч качан аскерде кызмат кылбаган 57 жаштагы, колунда майып кызы бар агрономду аскерге чакырылганын жазып чыгышты.

Ошондуктан кээ бир орус баяндамачылар президент менен коргоо министринин аскерге чыпкалап чакыруу тууралуу убадасына ишенбей жатат.

Мисалы, алар студенттерди армияга чакырбоо жөнүндө эчтеке айтылган эмес, ошондуктан региондун башчылары берилген квотаны өздөрү каалагандай толтуруп жатканын айтууда. 24-сентябрда Путин жаңы жарлык чыгарып, студенттер чакырылбай турганын конкреттүү түрдө билдирди.

24-февралда Россия Украинага басып кирер алдында анын чек арасына 190 000 аскер топтогону белгилүү болчу. (КС)